Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын жарды жана жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 115, 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 161, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Жеңилдик алууга укугу бар Бишкек шаарынын жарды тургундарына жана жарандарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категориялардын акчалай компенсацияларын төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын "Куралдуу күчтөрдүн согуш ардагерлери жана оорук эмгекчилери жөнүндө", "Мамлекеттик жөлөкпулдун көлөмүн белгилөө жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо даректүү социалдык жардам берүү тартибин, муктаждык критерийин аныктоо менен, аны алуу үчүн документтерди кабыл алуу, жол-жоболоштуруу жана эсепке киргизүү тартибин жөнгө салат, жардамдын көлөмүн бекитет.
3. Жобо шаардык же райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы (мындан ары ШСӨБ, РСӨБ) аркылуу Бишкек шаарында туруктуу каттоосу болгон учурда, жеңилдик алууга, ошондой эле компенсациялык төлөмдөрдү алууга укугу бар жарды тургундарга жана жардамга өтө муктаж жарандарга карата колдонулат.
4. Бишкек шаарында туруктуу жашаган башка өлкөлөрдүн аз камсыз болгон жарандарына Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу жол-жоболоштурулган учурда жана ал бул өлкөдө жеңилдиктер менен пайдаланбагандыгы жөнүндө өзү жашаган өлкөдөн маалымкатты көрсөтүүсү боюнча гана өзгөчө учурда аларга даректүү социалдык жардам көрсөтүлөт.
3 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө убактылуу каттоо баракчасы бар жактарга даректүү жардам көрсөтүлбөйт.
5. Даректүү социалдык жардам көрсөтүү накталай жана акчасыз эсеп менен (накталай эмес түрдө) жүргүзүлөт.
II. Бул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
6. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
а) жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси эң эле кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;
б) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси эң эле кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;
в) эмгекке жарамсыз жарандар - он алты жашка чыга элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, күндүзгү негизде окуган, жыйырма үч жашка чыкканга чейин орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери); медициналык - социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар; пенсия курагына жеткен жарандар;
г) муктаждуулукту аныктоо - даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн тийиштүү үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдеп билүү;
д) жыйынды киреше - отчеттук мезгил ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелери, менчигинен жана күндөлүк трансферлерден (пенсиялар, стипендиялар, айлык акы жана электр энергиясына берилүүчү компенсациялык төлөмдөрдөн башка башка компенсациялык төлөөлөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;
е) жыйынды кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон чогуу жашаган адамдар;
ж) жарды үй-бүлөнүн социалдык паспорту - жарды үй-бүлөнүн курамы, жашоо деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусу жөнүндө анкета, булардын негизинде жарды үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыгат;
з) киши башына орточо жыйынды киреше - бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси;
и) (Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
к) мамлекеттик жөлөкпул - ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул;
л) эсептик көрсөткүч - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү социалдык төлөөлөрдүн, компенсациялардын, экономикалык санкциялардын, административдик өндүрүп алуулардын жана айып пулдардын, башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн көлөмүн аныктоо үчүн нормативдүү акча көрсөткүчү;
м) комиссиялар - социалдык маселелерге тиешелүү жарандардын каттарын жана арыздарын кароо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын алдында түзүлүүчү органдар.
(Абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Райондук комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет;
- Социалдык маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрация башчысынын орун басары;
- Бишкек шаардык кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча);
- РСӨБы;
- муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү;
- макулдашуу боюнча райондук кызматтардын жетекчилери.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Даректүү социалдык жардам берүү тартиби жана шарттары
7. Даректүү социалдык жардам ШСӨРБ да жыл сайын милдеттүү түрдө каттоодон өтүү менен турак-жай-тиричилик шарттарын текшерген актынын, арызчынын статусун аныктаган социалдык паспортун жана документтеринин негизинде арыз берүү принциби боюнча берилет.
8. Даректүү социалдык жардам үчүн кайрылган адам төмөнкү тийиштүү документтерди берет;
- инсандыгын тастыктаган документ;
- ыйгарым укуктуу органдан жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу маалымкат;
- үй-бүлөнүн жалпы кирешеси тууралуу маалымат;
- окуган жеринен, калкты жумуш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкат (3 жашка чейинки балдары бар энелерден, ДБМЧА балдардан тышкары).
Бул Жобого ылайык, жарды жарандарга жана үй-бүлөлөргө даректүү социалдык жардамдын түрлөрү турак жайды жалдоого же ижарага берген, менчигинде бир турак жайдан көп турак жайы, 5 соткадан ашык бир жер үлүшү, узак пайдалануудагы товарлар: даярдоочу завод чыгарган жылын кошо алганда эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан аз эмес болгон автомобиль, айыл чарба техникалары (трактор, комбайн), жүк ташуучу автомобиль, чакан автобус бар болгон учурда, ошондой эле Бишкек шаарында катталган, бирок Бишкек шаарынын аймагында туруктуу жашабаган тургундарга берилбейт.
Бул жобо тарабынан башка тийиштүү документтерди берүүнү талап кылуучу жарды жарандарга даректүү социалдык жардамдын түрү каралат (баланын төрөлгөндүгү, нике, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, пенсиялык күбөлүк, майыптыгы тууралуу МСЭК маалымкаты, камкордук тууралуу чечим (багуу), жеңилдиктерди алуу укугун берүүчү күбөлүктөрдүн көчүрмөсү).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Бул жобого ылайык пенсияны жана жөлөкпулду жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык пайыздык эсепте даректүү социалдык жардам алуу укугун берүүчү пенсиянын жана жөлөкпулдун баштапкы көлөмү белгиленет.
10. Маркумду көмүүгө 4866 сом көлөмүндөгү акча компенсациясы берилет:
а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана майыптарын;
б) көмүүгө каражаты жок жарды жалгыз бой пенсионерлерди көмүүгө;
в) Бишкек шаарынын каза болгон пенсионерлерин, анын ичинде 18 жашка чейинки жана андан жогору жаштагы ДБМЧАны көмүүгө 2410 сом көлөмүндөгү акча компенсация төлөнөт.
Акча компенсациясын төлөө РСӨБда каза болгондун үй-бүлө мүчөсүнүн, ал жок болгон учурда эгерде мындай шартка укугу бар жак каза болгондон кийин 6 айдан кеч эмес мөөнөттө компенсация алуу үчүн кайрылса көмүп жаткан киши менен накталай эсептешүү төлөнөт.
РСӨБден компенсация алуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн же маалымкаттын көчүрмөсү, көмүү фактын далилдөөчү ыйгарым укуктуу органдан жашаган жеринен маалымкат, жеңилдик берилген пенсиялык күбөлүктүн көчүрмөсү.
Жалгыз жашаган, жарды пенсионерлерди көмүүгө РСӨБнын комиссиясынын чечиминин жана жогоруда аталган документтердин негизинде жардам көрсөтүлөт.
Жалгыз жашаган каза болгондун мурасына талапкер туугандары табылган учурда комиссия сарпталган бюджеттик каражатты алар тарабынан калыбына келтирүү тууралуу маселени карап чыгат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Телефон үчүн абоненттик төлөм боюнча 100 пайыз өлчөмүндөгү жеңилдиктер (паспорттун, МСЭК маалымкатынын негизинде (дарыгер-эмгек комиссиясы (мындан ары ДЭК) жана РУСЗН) берилет:
а) жалпы ооруунун жана эмгек майыпынын 1 топтогу ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына жана жашынан ДБМЧА 18 жаштан жогору;
б) көрүүсү боюнча I-II топтогу ДБМЧАлар;
в) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар (мындан ары - ЧАЭС) жана ЧАЭСтин кесепеттерин жоюуга катышып кача болгондордун үй-бүлөсүнө (бекитилген үлгүдөгү күбөлүктүн негизинде);
г) ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө.
12. 1000 сом өлчөмүндөгү квартал сайын берилүүчү социалдык стипендия төмөнкүлөргө (РСӨБнын алдындагы комиссиянын чечими менен бекитилген тизмеге ылайык) берилет:
а) жыйырма сегиз эсептөө көрсөткүчү көлөмүндө пенсиясы бар жашы боюнча жалгыз жашаган пенсионерлерге жана майыптыгынын себебине карабастан I-II топтогу жалгыз ДБМЧАга (ЧАЭСтин кесепеттеринин натыйжасында майып болгондордон тышкары);
б) жыйырма эки эсептөө көрсөткүчүнөн жогору болбогон орточо кирешеси ашпаган, пенсионерлери жана I-II топтогу ДБМЧАры (ЧАЭС майыптарынан тышкары) бар үй-бүлөлөргө;
в) бага турганы жок болгондо пенсия же жөлөкпул алган балдарга жана окуусун аяктаганга чейин жалпы билим берүү мекемелеринде окуган 16 жашка чейинки курактагы баштапкы кесиптик окуу жайларында окуган студенттери томолой жетимдерге, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге, алар 23 жашка чыкканга чейин;
г) (Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
д) аскердик жана интернационалдык милдетти аткарууда каза болгондордун жана ЧАЭС авариясынын кесепетин жоюуга катышып каза болгондордун үй-бүлөсүнө;
е) Бишкек шаарындагы 7-апрель айындагы, Талас областындагы 6-апрель айындагы, Жалал-Абад шаарындагы 13-14-май айындагы жана Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад областтарында 2010-жылдын июль айындагы окуяларда каза болгондордун үй-бүлөсүнө, ошондой эле Бишкек шаарынын жапа чеккен тургундарына белгиленген тартипте;
ж) мамлекеттик жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөргө (багуучусун жоготкондо социалдык жөлөкпул алгандардан тышкары);
з) үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси эң кедейчиликтин чегинен ашпаган 16 жашка чейинки балдары бар жарды үй-бүлөлөргө;
и) Шаар тургундарынын башка категорияларына социалдык стипендия райондук комиссиянын чечими боюнча өзгөчө учурларда көрсөтүлөт.
ЧАЭС авариясынын катышуучуларына жана анын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон адамдарга квартал сайын 2000 сом өлчөмүндө стипендия берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ай сайын өзгөчө стипендия өзгөчө сыйлыктарга ээ болгон пенсионерлерге берилет:
а) "Социалисттик Эмгектин Баатыры", "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жана "Ак-Шумкар" төш белгиси - 3000 сом;
б) "Советтер Союзунун Баатыры", "Үчүнчү даражадагы - Даңк Орденинин Кавалери" - 3000 сом;
в) Ата Мекендик согушка катышкан аялдарга - 100 сом;
г) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында орукта жан аябай кылган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден, медалдары менен сыйлангандарга, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде иштеп, "За оборону Ленинграда" медалы, "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйлангандарга, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) күч менен мобилизацияланган жана кийин акталган граждандарга, экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткунда болгондорго, Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө - 2015-жылдын 1-майынан тартып ай сайын - 1000 сом (өмүр бою).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 115 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Квартал сайын стипендия төмөнкүлөргө берилет:
а) Советтер Союзунун Баатырынын жесирине - 1000 сом;
б) Аскердик, интернационалдык милдетти аткарууда жана ЧАЭС авариясынын кесепетин жоюуга катышып каза болгондордун үй-бүлөсүнө - 3000 сом;
в) (Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 115 токтомуна ылайык алынып салынды);
г) 1932-жылга чейин төрөлгөн жана Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында тылда сиңирген эмгеги жана ак ниет кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланбаган тылдын эмгекчилерине - 600 сом;
д) Бишкек шаардык кеңеш өзгөчө стипендиялардын өлчөмүн өзгөртүү укугуна ээ.
РСӨБ ар бир кварталдын үчүнчү айынын башталышына МАБ боюнча социалдык стипендия алуучулар үчүн жана ар бир почта бөлүмдөрүнүн кесилишинде квартал сайын стипендия алуучуларга (в, г абзацтар) ведомостторду түзөт.
2 нускада квартал сайын стипендия төлөө ведомостторуна райондук башкармалардын башчылары кол коюшат, мөөр коюу менен күбөлөндүрүп Бишкек почтамтына төлөө үчүн жиберишет.
Социалдык стипендияларды төлөө РСӨБлар аркылуу жүргүзүлөт.
Ай сайын же квартал сайын стипендия алууда жарандар бекитилген үлгүдөгү күбөлүктү же паспортту көрсөтүшөт.
Квартал сайын төлөнүүчү стипендияларды төлөөнү жүргүзгөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган менен райондук башкармалыктар бирдикте ар бир кварталдын экинчи айынын 25-числосуна чейин салыштырып текшерүү актысын түзөт (социалдык стипендияны алуучулардан тышкары).
Алынбай калган ай сайын берилүүчү же квартал сайын берилүүчү стипендиялар буга укугу бар жак каза болгон күндөн тартып 6 айдын ичинде ШСӨБга, РСӨБга кайрылып, чогуу жашагандыгын далилдеген факт катары каза болгондугу тууралуу күбөлүктү жана арыз ээсинин паспортун, ыйгарым укуктуу органдан жашаган жеринен маалымкатты РСӨБга бергенден кийин чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнөт.
РСӨБ далилдөөчү документтердин негизинде алынбай калган ай сайын же квартал сайын берилүүчү стипендияны үй-бүлө мүчөсүнө байланыш почта кызматы аркылуу, ал эми социалдык стипендия алууга укугу бар үй бүлө мүчөлөрүнө РСӨБ аркылуу төлөнөт.
Ай сайын берилүүчү же квартал сайын берилүүчү стипендияларды төлөө аларды белгилөөчү же төлөөчү органдардын күнөөсү боюнча алынбай калганда кандайдыр бир мөөнөттү чектөөсүз төлөнөт.
Жаңыдан кайрылган жарандарга ай сайын берилүүчү же квартал сайын берилүүчү стипендияларды төлөө арыз ээси бардык тийиштүү документтерди берген кварталдан тартып төлөнөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 115, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 161, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Ай сайын берилүүчү стипендия күндүзгү бөлүмдө окуган томолой жетим студенттерге, атайын орто окуу жайларынын студенттерине орго окуу жайларынын (мындан ары - ООЖ) тизмесинин негизинде - 700 сом өлчөмүндө, жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖӨЖ) студенттерине - 1000 сом өлчөмүндө ЖОЖ тарабынан түзүлүүчү тизменин жана далилдөөчү документтердин: ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн, баланы багуу тууралуу чечимдин негизинде берилет. Тизме ар бир окуу семестрине жаңыртылып түзүлөт.
Стипендияны төлөө окуу жайынын жайгашкан жери боюнча РСӨБ аркылуу төлөнөт.
16. Расмий катталган электр жылуулук берүүчү отунканалары жок жана жылытуу максаттарына жаратылыш газын пайдаланбаган жарандардын төмөнкү категорияларына 2023-2024-жылдагы жылуулук берүү мезгилинен тартып бир үй-бүлөгө 6000 сом өлчөмүндө катуу отун (көмүр) үчүн акчалай компенсациясы менен камсыздалынат:
а) жашы боюнча жалгыз жашаган пенсионерлерге жана майыптыгынын себебине карабастан, жыйырма сегиз эсептөө көрсөткүчү көлөмүндө пенсиясы бар I-II топтогу жалгыз ДБМЧАларга;
б) майыптыгынын себебине карабастан, ар бир адамга жеткидей орточо кирешеси жыйырма эки эсептөө көрсөткүчүнөн жогору болбогон пенсионерлери жана I-II топтогу ДБМЧАлары бар үй-бүлөлөргө;
в) эң кедейчиликтин чегинен ашпаган орточо ар бир адамга кирешеси менен жарды үй-бүлөлөргө;
г) менчиктин түрүнө карабастан, жылытуу максатында катуу отун менен (мекемеге 10,0 тоннага чейинки отундун ченеминин эсебинен тастыктоочу документтер бар болгондо: техникалык паспорттун, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уставдын, текшерүү актынын көчүрмөлөрү) колдонуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мекемелерге, турмуштун татаал кырдаалына кабылган балдар үчүн мекемелерге, белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайларга.
д) жалгыз жашаган пенсионерлер, ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар, бирөөнүн кароосуна муктаждар жана пенсионерлерден жана ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген жактардан турган үй-бүлөлөр үчүн гана көмүр жеткирүүгө чыгымдар: конуштарга чейин жашагандар үчүн 700 сом, конуштарда жашагандар үчүн 900 сом өлчөмүндө кошумча компенсацияланат.
Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (мындан ары - РСӨБ) жеке арыздардын жана муктаждык критерийлерди тастыктаган документтердин негизинде, үстүбүздөгү жылдын 15-июлуна чейин почта бөлүмдөрү же банктар боюнча катуу отун үчүн акчалай компенсация алуучуларга ведомость 2 нускада түзүшөт.
РСӨБнын начальниктери кол тамга коюшат, мөөр менен күбөлөндүрүшөт жана үстүдөгү жылдын 1-августуна чейин компенсация төлөө үчүн Бишкек почтамтка же банктарга жөнөтүшөт. Үстүдөгү жылдын 15-июлунан кийин кайрылган адамдарга катуу отун алуу үчүн компенсация төлөө өзгөчө учурларда Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкармалыгынын өтүнүч каты боюнча жана комиссиялардын чечимдеринин негизинде үстүбүздөгү жылдын 31-октябрына чейин жүргүзүлөт.
Каза болгон учурда, алынбаган акчалай компенсация, анын каза болгон күнүндө бирге катталган жана жашаган, ал РСӨБга каза болгон күндөн тартып бир айдын ичинде кайрылса, акчалай компенсация алууга арыз жазган үй-бүлө мүчөсүнө жол-жоболоштурулат.
Бишкек шаарынын администрациялык райондору РСӨБ үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тартып компенсация төлөөгө каржылоо ачат, РСӨБда өз кезегинде Бишкек почтамтка же арыз ээлеринин банктык эсебине компенсация төлөөгө акча каражаттарын которушат.
Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрына чейин катуу отундун ордуна акчалай компенсацияны төлөө аяктагандан кийин ШСӨБнын жана Бишкек почтамттын ортосунда салыштырып текшерүү акты түзүлөт.
Өтүнүч боюнча бөтөн бирөөнүн багуусуна муктаж болгон жалгыз жашаган жарды шаардыктар үчүн катуу отун (көмүр) сатып алуу жана жеткирүү социалдык кызматкер жана жалгыз жашаган жарандын ортосунда жол-жоболоштурулган келишимге ылайык социалдык кызматкерлер тарабынан гана катуу отунга (көмүр) акчалай компенсация алуучулардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 115, 2020-жылдын 2-декабрындагы № 161, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
17. Акысыз сүт азыктары менен тамактандыруу жарды үй-бүлөгө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кедейчиликтин чегинен жогору болгон жарды үй-бүлөдөгү 2 жашка чейинки балдарга (муктаждык деңгээлин далилдеген социалдык паспорттун жана документтердин негизинде-педиатордун бала кошумча сүт азыгына муктаж экендиги тууралуу маалымкаты, ыйгарым укуктуу органдан жашаган жеринен үй-бүлө курамы, кирешеси, окуусу тууралуу маалымкат керек) берилет.
Бир учурда эки жана андан көп бала төрөлгөн учурда, АИВ/КИЖС менен ооруган энелерден балдар төрөлгөндө сүт азыктары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешесин эсепке албастан, балдар төрөлгөн учурдан тартып 4 жашка чейин берилет.
Сүт аралашмасы ай сайын үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (ҮБДБ) тарабынан түзүлө турган тизме боюнча берилет жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери. Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин башкы педиатору жана РСӨБ башчысы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Сүт азыгына төлөм СӨРБ жана шаардык балдар сүт ашканасы ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык акчасыз (накталай эмес) эсептешүү жолу менен жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
18. РСӨБнын комиссиясынын чечими боюнча күн сайын берилүүчү ысык тамак-аш менен (керек болгон учурда үйгө жеткирүү) жарды жалгыз турган жарандар (турак-жай-тиричилик шарттарын жана документтерди: арыз, паспорт, пенсиялык күбөлүк, ошондой эле МСЭК (ВТЭК) жана үй-бүлө тууралуу маалымкатты текшергенден кийин) камсыздалат.
Башка мамлекеттик, бейөкмөт жана кайрымдуулук уюмдарынан мындай социалдык жардамды алуучу жарандар тизмеден чыгарылат.
Ысык тамак-аш берүүчү уюмдарга төлөмдөр түзүлгөн келишимге жана тамактанууга бекитилген ченемдерге ылайык белгиленген тартипте акчасыз (накталай эмес) эсептешүү жолу менен жүргүзүлөт. Жыл сайын Бишкек шаарынын бюджетин кароодо жана бекитүүдө кыш мезгилинде шаардын убактылуу баш калкалоочу жайларында жашаган үй-жайсыздарды акысыз бир жолку берилүүчү ысык тамак менен камсыздоого акча каражаттарды карасын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
19. ((Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Акысыз мончо жана чач-тарач кызматтары (жуу жана чачын кыскартуу) мончо-кир жуучу комбинаттарда, мончолордо жана дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплекстеринде, ошондой эле аларга караштуу чач-тарачтарда РСӨБнын талондорунун негизинде 100 эсептик көрсөткүчтөрдөн жогору болбогон өлчөмдө пенсиясы бар пенсионерлерге жана ДБМЧАларга көрсөтүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Берүү учуруна баанын эсебинен 30 литр бензин үчүн акчалай компенсация менен квартал сайын жарандардын төмөнкү категориялары камсыздалат: автомобилдердин ээлери болуп эсептелгендер (Согуштун жана ооруктун ардагерлеринин райондук кеңеши менен бирдикте РСӨБ түзгөн тизменин жана тиешелүү документтердин (паспорт, жыл сайын техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу белгиси бар автомобилдин техникалык паспорту, ошондой эле бекитилген үлгүдөгү күбөлүк, пенсия күбөлүгү, МСЭК (ВТЭК) маалымкаты) негизинде):
а) Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптары;
б) пенсиясы бар Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучулары;
в) кол менен башкаруучу автотранспорту бар I-II топтогу ДБМЧАлар;
г) аскердик, интернационалдык милдетти аткарууда жана ЧАЭСдеги кырсыктын кссепетин жоюуга катышып каза болгондордун үй-бүлөсүнө.
Ишеним кат менен автомобилди башка адам пайдаланган учурда акчалай компенсация алууга укугу бар адамдын аны менен чогуу жашагандыгын тастыктаган документтердин негизинде берилет
Бензин алуу тендер өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Бир жолу берилүүчү материалдык жардам Бишкек шаарында туруктуу катталган абдан муктаж жана жарды тургундарга шаардык же райондук ШСӨБсы же РСӨБсы аркылуу (шаар тургундарынын каттарын жана арыздарын карап чыгуу боюнча шаардык же райондук комиссиянын чечиминин негизинде) төмөндөгүлөргө берилет:
а) 5 ден 50 чейинки эсептөө көрсөткүчүнүн өлчөмүндө биринчи керектелүүчү буюмдарды алууга (айрым учурларда томолой жетимдерге, жалгыз каргандарга, 15 ден 30 га чейинки минималдуу айлык акысында ар бир адамга кирешеси жардылык чегинен жогору болбогон эки же андан ашык I-II топтогу ДБМЧАры бар үй-бүлөлөргө);
б) дары-дармек препараттарын алууга наркынын 20 дан 50% чейинки өлчөмүндө (дарыгердин рецебинин негизинде);
в) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары барып дарылануу менен байланышкан 16 жашка чейинки балдарды дарылоого, дарылануу наркынан 10 дон 30% чейинки өлчөмдө (дарылоо мекемесинин эсебине ылайык);
г) коммуналдык кызматтарга, газ менен камсыздоого, электр менен камсыздоого төлөмдөр боюнча карыздарды жоюуга карыздын жалпы суммасынан 20 дан 50% чейинки өлчөмүндө;
д) Бала төрөлгөн учурда үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн орточо кирешесин эсепке албастан, Бишкек шаарынын аймагында туруктуу учеттук каттоосу болгон шартта, эгиз балдар төрөлгөндө 450 эсептик көрсөткүч өлчөмдө, үч эм же андан көп бала төрөлгөндө 900 эсептик көрсөткүч өлчөмдө, балдар төрөлгөн күндөн тартып он эки айдан кеч эмес кайрылса.
Бир жолу берилүүчү материалдык жардам үй-бүлөгө арыз ээсинин турак-жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысына ылайык жана муктаждыгын далилдеген документтердин негизинде (паспорт, ыйгарым укуктуу органдан үй-бүлөнүн курамы, кирешеси, окуусу тууралуу маалымкат, ошондой эле дарылануунун, дары-дармек препараттарынын, операцияны өткөрүү наркын далилдеген документтердин жана коммуналдык кызматтарга, газ менен камсыздоого жана электр энергиясына карыздары барлыгы) бир жылда бир жолу берилет.
Комиссиялар Бишкек шаарынын мэринин же вице-мэринин, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына же анын орун басарына, ошондой эле райондук администрация башчыларына жана алардын орун басарынын атына жиберилген арызды карап чыгат.
Айрым учурларда көрсөтүлгөн материалдык жардамдын кошумча түрлөрү жана көлөмү Бишкек шаарынын мэри, Бишкек (шаардык кеңешинин төрагасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрация башчылары тарабынан белгиленет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. 1 ден 10 го чейинки кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмүндө тишти протездөөгө жеңилдиктер (кымбат баалуу металлдардан тышкары) аз камсыз болгон пенсионерлерге, ар бир адамга кирешеси оң кепилденген минималдуу кирешеден жогору болбогон (арыздын, паспорттун, тапшырманын, ошондой эле пенсиясы тууралуу, ыйгарым укуктуу органдан жашаган жеринен маалымкаттын негизинде) ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелгенинин себебине карабастан I-II топтогу ДБМЧАга берилет.
Төлөм СӨРБ менен келишим түзгөн стоматологиялык бейтапканалары менен акысыз эсептешүү жолу менен жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 76 токтомунун редакциясына ылайык)
24. (Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. Контроль
25. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык социалдык колдоо көрсөтүү боюнча тандалган текшерүүлөрдү жүргүзөт.
26. Тийиштүү кызматтардын жетекчилери анык эмес маалыматтарды бергендиги жана акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |