Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы N 288 токтомуна 1-тиркеме |
"Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомун жетекчиликке алуу менен иштелип чыкты.
Бул жобо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна (мындан ары-жер участоктору) ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жер участокторуна ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер участокторун ижарага акы төлөө менен берүү түз сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Жер участокторуна ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жер участоктору убактылуу пайдаланууга 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Ижарага жер участокторун берүү мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан аныкталат. Мурда берилген жер участокторунун убактылуу пайдалануу мөөнөттөрү комиссиянын чечими боюнча узартылат.
4. Бул жобонун талаптары бардык учурларда аткарылууга тийиш болгон жер участокторду түзүү процедурасынан тышкары, жер участокторун акысыз берүүгө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда колдонулбайт.
II. Бул Типтүү жободо колдонулган түшүнүктөр
5. Бул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
жерлерди ижаралоо - менчик ээсинин/жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер участогун ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши;
аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос (барымта) - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти - шаардык жана айылдык калктуу конуштарда конуш куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер участокторду, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
шаар куруу документтери - калктуу конуштарды пландоонун структурасынын райондук пландарынын документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруу куруунун долбоорлору;
сары линиялар - кыйраткыч жер титирөөлөрдүн, табигый же техногендик башка кырсыктардын натыйжасында имараттардын (түзүлүштөрдүн, курулуштардын) урандыларынын мүмкүн болгон түшүүсүнүн максимум жол берилүүчү зоналарынын чектери. Сары линиялар, эреже катары, имараттар менен курулуштардын ортосундагы аралыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
кызыл линиялар - бул көчөлөрдү жана жолдорду пландык структуранын башка элементтеринен бөлүп туруучу, көчөлөрдүн жана жолдордун ээсин аныктоочу жана чек ара болуучу линиялар;
лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;
тооруктар - муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укуктарды берүү ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт$
конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу;
карасанатай атаандаштык - субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:
а) тооруктун катышуучуларынын өз ара жашыруун макулдашуусуна;
б) коррупцияга;
в) тоорукта бааны жасалма арзандатууга;
г) потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү объектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун эрежелери - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана өзгөртүп курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү жолу менен жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылары;
түз сатуу - жеке жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
(20-абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
жер участогун уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мүлк объектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык жер участогун пайдалануу;
жер участогунун старттык наркы - тоорукта же түз сатуу үчүн коюлган жер участогунун баштапкы баасы;
жерлердин максаттуу дайындалышы - жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда жер участокторун пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген бөлүгү;
жер участогун түзүү - бул Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, ошондой эле шаар куруу документтерин ылайык чектерди аныктоого, максаттуу (функционалдык) дайындалышын белгилөөгө, анын ичинде жер участогу жөнүндө тийиштүү маалыматтарды камтыган документтерди даярдоого багытталган уюштуруу аракеттердин жана иштердин комплекси;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - жерлерди пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укугу берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
III. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети
6. Жер участогуна укукту берүү боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат.
7. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул жобого ылайык комиссия түзүлөт.
Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тооруктарга жана/же түз сатууга коюлуучу жер участокторунун тизмегин аныктайт;
б) жер участокко укуктун (ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;
в) сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер участоктун старттык жана акыркы баасын белгилейт;
г) тооруктун жыйынтыгын аныктайт.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаары боюнча жер мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүн карасын жана чечим кабыл алсын;
б) мурда кабыл алынган чечимдер кайра каралсын жана кароонун жыйынтыгы боюнча аларды күчүндө калтыруу жана/же жокко чыгаруу, өткөрүлгөн тооруктардын наркын кайра кароодон тышкары, мурда кабыл алынган чечимдер боюнча ижара укуктардын акыркы наркынын өлчөмү маселелерин кайра кароону кошо, башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечим кабыл алынсын.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана комиссия өтүү күнүндө жыйынга катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.
Комиссиянын отурумдары бир айда эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Мында материалдар комиссиянын мүчөлөрү отурум өткөрүүгө 3 күн калганда өткөрүлүп берилиши керек. Материалдар кагаз жана электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактар болушат.
10. Тооруктун предмети болуп жер участокту мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Жер участокторуна укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары
11. Жер участокту ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берилет:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто жайгашкан имараттар жана курулмалар, анын ичинде ошол адамдарга менчик укугунда таандык болгон курулушу бүтө элек объекттер болсо;
б) жер участок ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;
в) ал объекттин аянтын кеңейтүү максатында кирүүчү топту куруу же кошуп куруу, көрктөндүрүү үчүн жер участок менчик укугундагы жактарга таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын жанында жайгашса жана тейлөө жана көрктөндүрүү максатында токтотуу орундарын уюштуруу үчүн талап кылынса, ошондой эле, ушундай жер участокко үчүнчү жактарга укук берилип, менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келген учурларда;
Көп кабаттуу турак үйлөрдө кошумча курулма же кирүү топ куруу үчүн үй алдындагы жер участогун жол-жоболоштуруусуз жана турак жана турак эмес жайлардын бардык ээлеринин макулдугусуз жер участогун берүүгө жол берилбейт.
г) 2004-жылдын 5-февралына чейинки долбоорлоого жана курууга уруксат берүү документтерин жол-жоболоштуруу менен белгиленген тартипте курулган кошумча курулуш жана кирүү топ жайгашкан жер участогунда;
д) жер участок көрктөндүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн жеке турак үйдүн курулушу үчүн берилген жер участок менен туташ (чектешет).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Калктуу пункттардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Жалпы пайдалануудагы жерлерге укуктарды берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жөнгө салынат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Жер участокторду түзүүнүн жана ага укукту тоорукта же түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби
13. Ижара укугу түзүлгөн жер участокторго берилет. Жер участок төмөнкүдөй учурларда түзүлдү болуп эсептелинет:
а) жер участок үчүнчү жактардын укуктарынан бош (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка) болсо;
б) жер участоктун аныкталган чек аралары болсо;
в) жер участокту уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар болсо;
г) ал жер участок боюнча инженерлик коммуникациялар бар же жок экени жөнүндө, уруксат берилген максимум кубаттуулугу, инженерлик коммуникацияларга кошуунун убактысы жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженерлик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы жөнүндө, пландалып жаткан инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу жөнүндө, аларга кошуунун мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо;
д) бул жер участогунда турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу тийиштүү кызматтар менен макулдашылса (алар бар болсо).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ижара укуктарын берүү үчүн жер участокторун түзүү архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке жана юридикалык жактардын (мындан ары - арыз ээси) арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Тоорукта жер участокко укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз ээси жөнүндө маалымат (аны алмаштырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн анын чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
б) жер участокко суралып жаткан укуктун түрү;
в) инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери; конкреттүү жер участок жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жерди көрсөтөт, ошого жараша жер участок тандалат жана түзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Түз сатуу жолу менен, жер участокторго укуктарды алууга, ошондой эле жер участогунун максаттуу (функционалдык) дайындалышын өзгөртүүгө талапкер болгон жеке жана юридикалык жактар арыз менен архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылышат.
Арызда булар көрсөтүлөт:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги, телефондун номери кошумча көрсөтүлөт);
б) жер участокко суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
в) участоктун аянты жана турган жери;
г) кыймылсыз мүлк объекти жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо);
д) бул жобонун 11-пунктунун в) пунктчасында каралган учурда эскиздик сунушу менен ниетин баяндоо.
Арызга булар тиркелет: ушул Типтүү жобонун 11-пунктунун б) пунктчасында каралгандан башка учурларда - жер участокко жана козголбос мүлктүн объектисине (имаратка жана курулмага) укукту күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө ырастама берет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Жер участогун пайдалануу мөөнөтүн узартууга талапкер болгон жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Ыйгарым укуктуу орган ижара келишими боюнча жер участогун пайдалануу мөөнөтү аяктаганга чейин үч айда жер участогун пайдалануу укугун узартуу маселеси комиссия тарабынан каралуусун камсыздайт.
Жер участогун пайдалануу укугун узартуу маселелери Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7-беренесине ылайык жөнгө салынат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Бул Жобонун 11-пунктунун а) пунктчасында каралган учурларда, ошондой эле эгер укук берилип жаткан жер участок мурда түзүлгөн болсо жер участокту кайрадан түзүү талап кылынбайт.
(Экинчи абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомуна ылайык алынып салынды)
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган 5 иш күндүн ичинде суралып жаткан жер участогу боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине ылайыктуулугун белгилейт.
Билдирилген ниеттердин ылайык эместиги белгиленгенде, архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган кийинки күндөн кечиктирилбестен, арыз ээсине суралып жаткан жер участок боюнча билдирген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жөнөтөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттердин ылайыктуулугу белгиленсе, архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 иш күндүн ичинде топографиялык негиздеги аткарылган 1:500 масштабда түшүрүлгөн жер участоктун чиймесин даярдайт:
а) жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
б) жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Жер участокторун түзүү боюнча иштин стадиясында архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун баштапкы техникалык шарттарын аныктоо үчүн инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыздайт.
Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участоктун схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык жер участоктун чийменин көчүрмөсү менен суроо-талап жиберет:
а) Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгына (мындан ары - жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган) жер участоктун чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар - жер участоктордун менчик ээлери менен чиймени макулдашуу үчүн;
б) электр, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга баштапкы техникалык шарттарды алуу үчүн;
в) экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына тийиштүү корутунду алуу үчүн;
г) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо);
д) өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер участокто муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
Эгер жер участокко укуктар жогоруда аталган органдар менен макулдашылган шаар куруу документтеринин негизинде өткөрүлүп жатса, анда өзүнчө жер участокту ушул пунктка ылайык түзүүдө бул аталган ыйгарым укуктуу органдар менен кайрадан макулдашуу талап кылынбайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар архитектура органына - болжолдуу техникалык шарттарды, ал эми ыйгарым укуктуу органдарына - тийиштүү корутундуну 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Болжолдуу техникалык шарттарда инженердик коммуникациялар бар же жок экени, максималдуу жол берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуу мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ал эми инженерлик коммуникациялары жок болсо - ал райондо инженердик-коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженердик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөтү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында курулуш куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат, жана мыйзамда каралган учурларда - тийиштүү мыйзамдарды аткаруу боюнча чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
Инженерлик тармактарга кошууга мүмкүндүк жоктугу тооруктун катышуучусу же жер участокту түз сатып алуу жолу менен алып жаткан жак бул жөнүндө маалымдалган шартта жер участокко укукту берүүгө тоскоол болбойт.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылган деп эсептелет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Жер участокто бак-дарактар жайгашкан учурда, бак-дарактарды кыюу же которууну компенсациялоонун суммасы же мүмкүн эместиги жөнүндө тийиштүү маалымат менен жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын корутундусу соодалоону же түз сатууну өткөргөнгө чейин комиссиянын кароосуна милдеттүү түрдө берилет.
Бак-дарактар жайгашкан жер участогун жер участогун пайдалануу укугу менен бирге берүүдө жерди пайдалануучуга жер участогунда жайгашкан бак-дарактарга менчик укугу да өтүшү мүмкүн. Ошону менен бирге, жер участогунда жайгашкан бак-дарактарды пайдалануу шарттарда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан аныкталат.
Эгерде бак-дарактарды кесүү же көчүрүп отургузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан жол берилбеген учурда, бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган бул жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана бак-дарактарды пайдалануу шарттарын аныктайт.
Эгерде бак-дарактарды кесүү же көчүрүп отургузуу мыйзам тарабынан тыюу салынбаса, бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган көрсөтүлгөн бак-дарактардын баасын компенсациялоо суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду түзөт. Бул учурларда бак-дарактарды кесүүгө же көчүрүп отургузууга уруксат берүү документтерин кайра макулдашуу жана алуу талап кылынбайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган материалдардын негизинде 7 иш күндүн ичинде белгиленген формада жер участоктун Шаар курулуш корутундусу 1-тиркемеге ылайык 2 нускада түзөт.
Жер участоктун Шаар курулуш корутундусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) жер участоктун топографиялык негизде 1:500 масштабда аткарылган чиймеси түрүндөгү графикалык материал, ага булар тартылат:
1) жер участоктун чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
2) жер участок аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары;
3) инженердик-техникалык тармак өтүүчү долбоорлук трассалар жана ага кошулуучу чекиттер, ошондой эле инженерлик коммуникациялардын куруу зонасына туш келүүчү трассалары;
4) курулуш курулчу линиялар, кызыл, сары линиялар;
5) сууну коргоо зоналарынын, санитардык-коргоочу зоналардын жана санитардык коруу зоналарынын чектери;
6) участокко баруучу жолдун уюштурулушу;
7) транспорт коюучу орундун мүмкүн болгон жайгаштырылышы, санын көрсөтүү менен (эгер зарыл болсо).
б) Текст материал, анда төмөнкүлөр каралат: жер участоктун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинде жер титирөө жагдайындагы шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттин шаар куруу документтерине ылайыктыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жер участокторду уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.
Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү караштырат:
1) уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;
2) курулуштардын жер участоктордун чегинен минимум аралыктары;
3) курулуштардын жол берилген (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу;
4) участокко курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана проценти.
Участок тийиштүү чектөөлөр бар зонада жайгашкан болсо жер участоктун Шаар курулуш корутундусунда кошумча шаар куруу регламенттери бар экени көрсөтүлөт:
1) курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;
2) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Участоктун жайгашкан жерине жана объекттин функциялык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
1) көрктөндүрүү боюнча жана фасаддарга талаптар;
2) транспорт коюучу, а.и. курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын менен (эгер зарыл болсо) жана участокко баруучу жолдорду көрсөтүү менен;
3) инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш курулуучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларын);
в) объектти инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;
г) ушул Жобонун 21-пунктунда каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер участоктун Шаар курулуш корутундусуна архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси кол коет.
Жер участоктун Шаар курулуш корутундусун даярдоодо ал жердин чек араларын белгилөө камсыздалат, ал жөнүндө планга тийиштүү жазуу жазылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Жер участоктун шаар курулуш корутундусун даярдоонун жалпы мөөнөтү архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга өтүнүч каты берилген күндөн тартып 25 иш күндү түзөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Бул жобонун 11-пунктунун в) жана г) пунктчаларында каралган учурларда жер участокту түзүү жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.
Жеке жана юридикалык жактар архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда ниеттердин баяндамасы жана жер участогунун болжолдуу аянты жана анын жайгашкан орду каралат.
Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган суралып жаткан жер участок боюнча билдирген курулуштук ниеттердин шаар куруу документтеринин бул жобонун 11-пунктуна ылайыктуулугун 5 иш күндүн ичинде белгилейт.
Билдирилген ниеттердин ылайык эместиги белгиленгенде, архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган суралып жаткан жер участогу боюнча билдирген курулуштук ниеттердин ылайык эместиги жөнүндө корутундунун кийинки күндөн кечиктирбестен арыз ээсине жөнөтөт.
Суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайыктуулугу белгиленсе, архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 иш күндүн ичинде топографиялык негизде аткарылган 1:500 масштабда төмөнкүлөр түшүрүлө турган жер участоктун чиймесин даярдайт:
а) участоктун бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же козголбос мүлктүн азыркы объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чектеринин байланыштары менен жер участоктун чектерин;
б) жер участок аркылуу өтүүчү инженердик-техникалык тармактын азыркы трассалары.
Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участоктун чиймеси даярдалган күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирбестен, бир эле убакта жер участогунун чиймесинин көчүрмөсүн, ага тиркелген арыздын көчүрмөсү менен төмөнкүлөргө жөнөтөт:
а) жер участоктун чектерин, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бардыгын жана жер участогунун чиймесинин макулдашылгандыгын тактоо үчүн Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;
б) тарых жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер участок эстеликтерди коруу зонасында болсо) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;
в) бак-дарактарды пайдалануунун шарттары, анын ичинде аларды кыюу же которуу жөнүндө маселени чечүү үчүн (муниципалдык менчикте турган бак-дарактарды жер участогунда бар болсо) бак-дарактарды күтүү жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жана ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга тийиштүү корутундуну бул Жобонун 23 жана 24-пункттарында каралган маалыматты көрсөтүү менен 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү. Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органда жактырылды деп эсептелет.
Зарыл болсо архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан келген материалдардын негизинде Жер участоктун шаар курулуш корутундусун 1 иш күндүн ичинде тактайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
29. Жер участогунун оң шаар курулуш корутундусу жер участогуна укуктарды белгиленген тартипте берүү үчүн негиз, курулуш объекттерин долбоорлоо үчүн баштапкы материал болуп саналат жана инженердик тармактарга курулуш объекттерин кошууга инженердик-техникалык шарттарды алууда, инженердик-техникалык коммуникациялардын жана ага кошулуучу точкалардын өтүүчү долбоордук трассаларды киргизүү үчүн пайдаланылат. Жер участогун түзүү баскычында архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган бул жобонун 25 жана 28-пункттарында каралган мөөнөт аяктагандан күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен жер участогунун шаар курулуш корутундусун бардык тиркелген материалдары менен ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Бул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө жеке жана юридикалык жактар (арыз ээлери) тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органда, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда жана башка ыйгарым укуктуу органдарда жүзөгө ашырылат.
Өз алдынча бирдик катары соодалоого коюла турган жер участокторду түзүү менен байланышкан чыгымдарды төлөө ижара келишимин түзгөнгө чейин соодалоонун жеңүүчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
32. Төмөнкүдөй учурларда жер участокко укукту берүүгө болбойт:
а) жер участок бул Жобого ылайык түзүлбөсө;
б) архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органынын суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген курулуштук ниеттеринин ылайык эместиги жөнүндө корутундусу же кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө терс корутундусу бар.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
32-1. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жана бул жободо көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар корутундуларды жана башка тийиштүү документтерди даярдоодо берилген маалыматтардын аныктыгына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана бул жобонун ченемдерине каршы келбегендиги үчүн жоопкерчилик тартышат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тоорукту жана түз сатууну уюштуруунун тартиби
33. Ыйгарым укуктуу орган Жер участоктун шаар курулуш корутундусун ага тиркелген бардык материалдары менен 3 иш күндүн ичинде карайт.
Көрсөтүлгөн документтерди кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу орган:
а) коомдук угууларды өткөрөт (ушул Жобонун 34-пунктунда каралган учурларда);
б) (Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомуна ылайык алынып салынды)
в) же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо аларды архитектуранын жана курулуштун аймактык органына кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.
архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган ал документтерди 5 иш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Тарыхый жана маданий мурас зонасындагы, ошондой эле турак жай зонасындагы жер участокко укук берилип жатканда ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 11-пунктунда каралгандан башка учурларда Жер участоктун шаар курулуш корутундусу алынган күндөн кийин бир айдын ичинде коомдук угууларды өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган кызыкдар жактарга угуулар болгону жактары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоор күнгө чейин 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт.
Билдирүүдө угуу өткөрүлчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан жер участок жөнүндө маалыматтар (турган жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү информация менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнүндө маалыматтар, ыйгарым укуктуу органдын байланышуучу маалыматтары болууга тийиш.
Коомдук угууларга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, бул жобонун 30-пунктуна ылайык архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу.
Коомдук угуу процессинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары чагылдырылган протокол түзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
35. Коомдук угуунун жыйынтыгында Жер участоктун шаар курулуш корутундусун толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо ыйгарым укуктуу орган аны аймактык архитектура жана курулуш органына кайра жиберүүгө укуктуу, ал жиберилген документтерди ушул Жобонун 33-пунктунда белгиленген мөөнөттө иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Жер участокко укук коомдук угуу өткөрүү менен кабыл алынган шаар куруу документтеринин негизинде берилип жатса, ал жер участокту берүү максатында кайталап коомдук угуу өткөрүү талап кылынбайт.
37. Жер участогуна ижара укугунун старттык баасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул жобонун 9-бөлүмүнө ылайык аныкталат жана комиссиянын кароосуна акыркы наркын жана/же ижара акыны аныктоо үчүн сунушталат. Акыркы нарк комиссия тарабынан аныкталат, бирок ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган нарктан ылдый болбошу керек.
Конкурска коюлуучу жер участоктору үчүн комиссиянын чечими боюнча белгиленген ижара акы аныкталышы мүмкүн, бирок ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган нарктан ылдый болбошу керек.
Жер участокто муниципалдык менчикке тиешелүү имараттар жана курулмалар, ошондой эле бүтө элек курулуш бар болсо участоктун баасына ушул объекттердин баасы да кошулат.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участоктун баасын аныктоо (эсептөө), Жер участоктун шаар курулуш корутундусу алынгандан кийин 10 иш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
38. Комиссия Жер участоктун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды карайт.
Комиссия жер участокту тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер участокко берилип жаткан укуктун түрү ( ижара), жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы (аукцион, конкурс, түз сатуу), жер участоктун старттык баасы. Гарантиялык акынын өлчөмү, тоорукка катышуучулар аны төгүүчү мөөнөт жана тартиби, аукциондук кадам (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттары (конкурс өткөрүлсө).
Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен жер участогун түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55, 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
39. Шаар курулуш корутундусун жана ага тиркелген материалдарды алууда бул жобонун 16-17-пунктарында каралган учурда архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берген күндөн тартып 5 күндүн ичинде арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Ыйгарым укуктуу орган ар бир жер участогу боюнча төмөнкү маалыматтарды камтыган информациялык пакет түзөт:
а) ага тиркелген материалдары менен жер участогунун шаар курулуш корутундусун көчүрмөсү;
б) жер участоктун наркы;
в) конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлсө);
г) гарантиялык акынын (барымтанын) өлчөмү, тоорукка катышуучулар аны төгүүсүнүн мөөнөтү жана тартиби.
Ыйгарым укуктуу орган тоорукка катышууну каалагандарга информациялык пакетти берүүгө милдеттүү.
Информациялык пакет акы төлөө менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Ыйгарым укуктуу орган тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күндөн кем эмес мурдатан массалык-маалымдоо каражаттарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү жарыялоого милдеттүү.
Билдирүү тооруктун убактысын, ордун жана формасын, предметин, тооруктун предметинин старттык баасын, анын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мөөнөтүн, гарантиялык акы (барымта) төгүлүүчү банктын реквизиттерин, толук маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтарын камтуусу тийиш.
VII. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
42. Жер участокторго ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Тоорукка коюлуучу бардык объекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.
44. Тоорукта объекттер "бир номер - бир лот" деген схема боюнча берилет.
45. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
а) тоорукка катышуу жөнүндө ниеттин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;
б) талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;
в) талапкердин - юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;
г) талапкердин - жаткан юридикалык жактын жетекчиси болуп жактын инсандыгын ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;
д) гарантиялык акы (барымта) төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтер.
(7-абзац Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомуна ылайык алынып салынды)
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) ыйгарым укуктуу органдын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча төгүү жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган белгилейт, бирок, белгиленген баштапкы нарктан 50 пайыздан кем эмес боло албайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
48. Эгер талапкер тоорукка бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир объект боюнча өзүнчө төлөнөт.
Гарантиялык акы (барымта) төмөнкүдөй учурларда 10 иш күндүн ичинде кайра берилүүгө тийиш:
а) тоорукта утпаган тооруктун катышуучуларына;
б) эгер тоорук болбой калса;
в) тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күн мурда тоорукка катышуудан баш тартылса.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Ыйгарым укуктуу орган катышуучулардын арыздарын тирелген документтери менен кабыл алууну жана каттоону жүзөгө ашырат. Ыйгарым укуктуу орган талапкерлер арыз берилген күндөн тартып кийинки күндөн кечиктирилбестен арыз берүүчүгө катышуучу катарында катталгандыгы жана номер ыйгарылгандыгы же себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү баш тартуу жөнүндө билдирүүнү берет.
Талапкерлер катышуучу катары катталгандыгы жана номер ыйгарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү берилген учурдан тартып тооруктун катышуучусу статусун алат.
Ыйгарым укуктуу орган арызды жана ага тиркелген документтерди кабыл алуудан баш тарткан учурда, аларды кабыл алуу жөнүндө баш тартуу менен бирге арыз берүүчүгө кайтарылып берилет.
50. Төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:
а) арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
б) арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;
в) бул Жобонун 45-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө таризделбесе.
51. Тооруктун катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
а) тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга;
б) тооруктун предмети жөнүндө информациялык пакетти алуу жолу менен толук маалымат алууга;
в) тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра кайтарылып берилбейт;
г) тооруктун предметин кароого;
д) комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана протоколдордун көчүрмөлөрүн алууга;
е) тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
52. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу орган же ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же бул лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
53. Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
54. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо - аны өткөрүүчү күндөн отуз күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Тооруктан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
55. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
56. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра кайтарылып берилбейт.
57. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:
Ыйгарым укуктуу орган аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.
Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.
Лотту старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча, алууга макулдугун билдирет.
Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукционисттин катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет.
Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
58. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Конкурс жарыяланганга чейин комиссия тарабынан конкурстун шарттары аныкталат.
Конкурска катышуучу билдирүүдө жана информациялык пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертте тапшырат.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
Конверттер конкурстук сунуштар менен төмөнкүлөрдү камтуусу тийиш:
а) эскиздик сунуш;
б) комиссия тарабынан аныкталган конкурстун шарттарына ылайык келүүчү инвестициялык жана башка сунуштар.
59. Эскиздик долбоор төмөнкүлөрдү камтуусу тийиш:
а) башкы архитектуралык долбоордун (БАД) тийиштүү лицензиясын, сертификаттарын көрсөтүү менен титулдук баракча;
б) барактардын ведомосту, жалпы маалыматтар;
в) жөлөк план (1:500 масштабында корректировкаланган чийме);
г) Башкы план (1:100 масштабында);
д) жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана токтотмолорду уюштуруу планы (1:500 масштабында);
е) кабаттардын пландары (1:500 масштабында);
ж) фасаддар (1:2000 масштабында, келечекте фасаддардын, көчөлөрдүн бурулуштарынын комплекстүү чечилиши);
з) кесиндилер (2 даана, 1:100 масштабындагы узунунан, туурасынан);
и) перспектива, аксонометрия (3D чагылдыруулар, ракурстар);
к) тексттик бөлүк (техникалык - экономикалык көрсөткүчтөр, түшүндүрмө жазуулар).
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
61. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат. Бишкек шарынын жергиликтүү башкаруусунун кызыкчылыктарынын негизинде конкурстун артыкчылыктуу шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
а) мыкты эскиздик сунуштар;
б) конкурстун шарттары боюнча каралган учурларда, эң мыкты сунушталган шарттар жана\же инвестициялык сунуштар.
Өзгөчө учурларда конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болсо, конкурс өткөрүү мөөнөтү комиссия тарабынан кийинки комиссиянын отурумуна чейин узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыктары жөнүндө протоколго тийиштүү жазуулар түшүрүлөт, бул протоколго комиссия өтүү күнүндө комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Мында комиссия архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга кошумча маалымат алуу үчүн сунуш кылынгын эскиздик сунуштарды жөнөтөт.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер участоктун баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.
Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
62. Өзүнчө жер участоктору комиссиянын чечими боюнча курулган турак жана/же турак эмес жайлардын бөлүгүн кийин конкурстун жеңүүчүсү (куруучу) тарабынан муниципалдык менчикке өткөрүп берүү шарты менен берилет. Конкурс өткөрүүнүн кошумча шарттары комиссия тарабынан Бишкек шаарынын жергиликтүү башкаруусунун кызыкчылыктарынын негизинде белгиленет.
63. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан эң мыкты сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссиянын катчысы, комиссия өтүү күнүндө комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Конкурсту өткөрүү менен байланышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда жаралган талаштар ачык добуш берүү менен чечилет, а эгер добуштар тең болуп калса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
65. Конкурсту өткөрүүдө:
а) мыкты шарттарды сунуш кылган жак комиссиянын чечими боюнча жеңүүчү деп табылат;
б) конверттерди ачууда жана сунуштарды угузууда конкурстун бардык катышуучулары же алардын тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулган өкүлдөрү, ошондой эле массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
66. Жер участокко укукту түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби:
Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилчү жер участоктун баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.
Жер участогунун старттык наркы бул жобонун 9-бөлүмүнө ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат жана акыркы ижара акыны белгилөө үчүн комиссиянын кароосуна киргизилет. Акыркы нарк комиссия тарабынан белгиленет, бирок ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган нарктан төмөн болбоосу керек. Арыз ээси жер участокту алуудан баш тартууга укуктуу, ал эми комиссия келишим түзгөнгө чейин сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жер участокту берүүдөн баш тартууга укуктуу.
Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан протоколго кол коюлган күндөн тартып 5 күндүн ичинде жер участогунун ижара келишимин түзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
67. Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан эң мыкты шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
68. Тоорук же түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана тооруктун жеңүүчүсү же жер участокту түз сатуу жолу менен сатып алган сатып алуучу тоорук же түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат.
69. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар каралат:
а) тооруктун предмети болгон лоттун номери жана жер участоктун маалыматтары (жайгашкан ордун, аянты);
б) тооруктун жеңүүчүсүнүн аты-жөнү же аталышы;
в) тооруктун же түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;
г) ижара келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери;
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Тооруктардын жеңүүчүсү же тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө көчүрмө же протоколдун көчүрмөсү берилет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат.
Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан качса гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө милдеттүү.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, комиссия кайра лоту кайра тооруктарга коюу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу же тооруктардын жеңүүчүсү деп андан кийинки көп бааны же жакшы шарттарды сунуштаган катышуучуну тооруктун жеңүүчүсү деп саналат.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
71. Жер участок үчүн акы акчалай же акчалай эмес эсептешүү (которуу) менен төлөнсө болот. Накта акчалай төлөнгөн учурда акы ыйгарым укуктуу органдын кассасына төгүлөт. Жер участогун түзүү менен байланышкан ыйгарым укуктуу органдын чыгымдары жер участогунун наркына кирет.
72. Келишим кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.
Жер участогуна ижара укугу тийиштүү келишим түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан кийин пайда болот. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин үч күндүк мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
Бишкек шаарынын мэриясынын мурдагы кабыл алынган муниципалдык жер участокторго укуктарды берүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык, жер участоктун ижара келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жолу менен Комиссиянын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
73. Жер участоктун схемасы укукту күбөлөндүрүүчү документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат.
IX. Ижара акыларын эсептөө жана төлөтүү шарттары, тартиби
74. Жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара акыларын эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
Иб = А х Ч, мында,
Иб - ижара акынын базалык көлөмү (сом менен);
А - чарчы метрдеги жер участогунун аянты;
Ч - чарчы метр үчүн ижара акынын чени (2-тиркеме).
75. Чет элдик жактарга ижара шартында, анын ичинде тоорук аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участоктору үчүн базалык ижара төлөмүн аныктоодо (ЧЭЖК) коэффициент Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө колдонулат.
76. Ижара акынын чени Бишкек шаардык кеңеш тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бекитилет.
77. Эсептешүү жүргүзүп жаткан күндө колдонулуп жаткан жана Бишкек шаардык кеңештин токтому менен бекитилген ижара акынын ченин колдонуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижара акынын көлөмүн эсептөө жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн формула жер участоктору үчүн ижара акыны аныктоо үчүн, анын ичинде старттык наркты жана жер участокторун убактылуу пайдалануу мөөнөттөрүн узартууда колдонулат жана жер салыгы болуп саналбайт.
78. Долбоорлоо, куруу жана курулушу бүтө элек үчүн жер участогун тооруктар аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ижара акы сунуш кылынган жана/же белгиленген ижара акыга ылайык келишим түзүлгөн учурдан тартып ижарачы ижара акы төлөйт. Ижара акынын чендери өзгөргөн учурда өзгөргөн күндөн тартып кайра каралууга тийиш.
79. Эгер ижара шартындагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогунда эки же андан ашык жер пайдалануучу бар болсо жана аларга жер пайдаланууну бирдикке өз алдынча бөлүү мүмкүндүгү жок болсо, анда ал участок жалпы пайдаланылуучу участок деп саналат. Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акылар ар бир жер пайдалануучу ээлеп турган жер участогунун аянтына пропорционалдуу алынат.
80. Курулган жайлардын бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүү шарты менен жер участогун берүүдө ижара акыларды эсептөө келишимдин шарттарына жана ыйгарым укуктуу органдын эсептөөлөрүнө ылайык жайларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү пайызына барабар пайыздык катышта жүргүзүлөт.
81. Ар бир функционалдуу багыты боюнча аянтын аныктоосуз (бөлүүсүз) келишимде көрсөтүлгөн жер участогу көп функционалдуу багытта болгон учурда, мындай жер участогун пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрүн эсептөө жер участогун өздөштүргөнгө чейин функционалдуу багыттардын саны боюнча тең үлүшкө жер участогунун аянтын шарттуу бөлүү менен жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат, жер участогуна ижара келишиминде милдеттүү түрдө көрсөтүлөт жана келишим түзүлгөн күндөн тартып эсептелет, бирок 36 айдан ашпашы керек. Долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөттөрүндө ижара акыларды эсептөө сунуш кылынган жана/же белгиленген ижара акыдан 30 пайыз жеңилдиктерди берүү менен эсептелет.
83. Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн, сот чечимдеринин негизинде жер участогуна же анын бөлүгүнө укуктарды өткөрүп берүү учурунда же ага чейин ижара акылар төлөнбөсө, укуктарды өткөрүп берүү жүзөгө ашырылган жер акысы үчүн карыздарды төлөө боюнча милдет кийинки жер пайдалануучуга жүктөлөт.
Ижара акыларды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан айып санкциялары (туумдар) салынат, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын болжолдуу билдирүүсү боюнча инженердик-техникалык коммуникацияларды пайдаланууда чектөөлөр боюнча чараларды көрүлүшү мүмкүн.
Жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде жер участогуна же анын бөлүгүнө укуктарды өткөрүп берүүдө ижара келишим жаны жер пайдалануучу менен калган мөөнөткө түзүлөт. Мындай учурда жер участогун пайдалануу мөөнөтү калыбына келтирилбейт жана укук ырастоочу документ чыккан учурдан тартып саналат.
84. Эгер ижарачы жер участогунун мөөнөтү бүткөндөн кийин пайдаланып жатса, ижарачы жер участогун анык кайтарып бергенге чейин жер участогун пайдаланган бардык убакыты үчүн ижара акыны төлөөгө милдеттүү.
84-1. Объективдүү себептердин негизинде пайда болгон жер участоктун ижарачысы тарабынан пайдаланууга тоскоолдуктар бар болгондо, ыйгарым укуктуу орган соттун чечиминин негизинде ижара төлөмдөрдү эсептөөнү токтотууга укуктуу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
X. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
85. Соодалоодо жана түз сатууда ижарага жер участокторун берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомунун редакциясына ылайык)
86. (Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы N 55 токтомуна ылайык алынып салынды)
XI. Корутунду жоболор
87. Ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторду берүүгө тиешелүү чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга болот.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |
|
| Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укугун акылуу берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
ЖЕР УЧАСТОГУНУН ПЛАНЫ
Жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү):
Жер участогунун идентификациялык коду (эгер берилсе) _____________
Объекттин (жер участогунун) жайгашкан жери _______________________
__________________________________________________________________
Жер участогунун аянты: ___________________________________________
Райондун сейсмикалуулугу: ________________________________________
Кыртыш астындагы суулардын тереңдиги: ____________________________
Участок техногендик жана коркунучтуу жаратылыш процесстерге кабылышы мүмкүн (мүмкүн эмес:)
_____________________________________________________________________
1. Графикалык бөлүк:
Жер участоктун чек аралары, инженердик тармактын трассалары, курулуш сызыгы, кызыл, сары, жашыл линиялар көрсөтүлүү менен М 1:500 топографиялык негизде чийилген схемасы.
2. Тексттик бөлүк:
1. Тандалган жер участоктун билдирген пайдалануу ниетине, шаар куруу документтерине жана Курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине (пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүндө) ылайыктуулугу | |
Башкы план | Шаар куруу документтеринин жана Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин бар экендиги (реквизиттери менен) жана аларга ылайыктыгы көрсөтүлөт |
Деталдуу пландаштыруу долбоору |
|
Шаар куруунун башка документтери |
|
Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелери |
|
2. Жер участокту пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенти уруксат берилген пайдалануунун чектик параметрлери): | |
2.1. Жер участокту пайдаланууга уруксаттын түрлөрү |
|
2.2. Курулуштардын жер участоктун чегинен минималдуу алыстыгы |
|
2.3. Объекттин кабаттуулугунун чеги (максимум жана/же минимум кабаттуулук (бийиктик) |
|
2.4. Участокко курулуш куруунун максимум пайызы жана аянты |
|
3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектөөлөр жана талаптар: | |
3.1. Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зонасында жайгашкан учурда |
|
тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча | болгон шарттарды көргөзүү |
- санитардык-коргоо зонасынын жана санитардык-сактоо зонасынын шарттары боюнча |
|
- суу коргоо зонасынын шарттары боюнча |
|
- экологиялык шарттар боюнча |
|
3.2. Жайгашкан ордуна жана функциялык багытына жараша жер участокту пайдаланууга кошумча талаптар: |
|
Жакшыртуу боюнча талаптар |
|
Фасаддарга талаптар |
|
Машина токтотуучу жерлерди (токтотуучу орундардын саны) жана участокко баруучу жолдорду уюштурууга карата талаптар |
|
4. Негизги инженердик тармактарга кошуу шарттары | |
4.1. Инженердик тармактар |
|
Электр менен жабдуу | Кошуу чекити бар экени жана ага чейинки аралык көрсөтүлөт |
Суу менен жабдуу |
|
Канализация |
|
Жылуулук менен жабдуу жана жылуу суу менен жабдуу |
|
Газ менен жабдуу |
|
Телефондоштуруу |
|
4.2. Пайдаланууга бөлүнгөн аймактар боюнча инженердик тармактардын трассасынын өтүшү боюнча талаптар |
|
4.3. Инженердик курулмаларды жайгаштыруу боюнча талаптар: - трансформатордук подстанция (ТП); - газды жөнгө салуучу шкафтык пункт (ГЖСШП); |
|
4.4. Иштеп жаткан инженердик тармактар бар экени жөнүндө маалымат жана зарыл учурда аларды көчүрүүгө талаптар |
|
3. Инженердик-техникалык кызматтар сунуш кылган инженердик-техникалык шарттар.
4. Жободо каралган учурларда экология, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлү, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, өсүмдүктөрдү багуу жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын корутундусу.
Начальник ________________________________________________________ (Бишкекбашкыархитектуранын жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү)
N _____ Дата: ________________________ _________________________ (колу)
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |