Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
|
| Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы N 288 токтомуна 2-тиркеме |
Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193. 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө бул жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө карата муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна (мындан ары - жер участоктору) ижара акыларды берүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
II. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр
2. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр:
аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти - Бишкек шаарында шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер участокторду, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
шаар куруу документтери - Бишкек шаарынын пландоонун структурасынын райондук пландарынын долбоорлоо документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруу куруунун долбоорлору;
конкурс - сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу менен тооруктун предметин сатуу;
лот - алуу укугу-тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү объектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар меней жакын туугандык мамилеси жок адам;
жеңилдетилген типтеги объект - жылдырылуучу, көчүрүлүүчү палаткалар, күркөлөр, лотоктор, павильондор, жайкы аянтчалар, бастырмалар, жарнамалык конструкциялар, суусундуктарды сатуу үчүн көчүрүлүүчү (уюлдук) түйүндөр, сатураторлор, коомдук тамактануунун жылдырылуучу түйүндөрү, уюлдук байланыштын мунаралары жана кыймылсыз мүлктүн объектиси болуп саналбаган башка курулмалар жана
түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна менчик же ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жер участогун же кыймылсыз мүлктүн объекттерин уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мүлк объектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;
ыйгарым укуктуу муниципалдык орган - Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү, анын компетенциясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык мүлктү башкаруу, анын ичинде жер участокторун башкаруу боюнча ыйгарым укуктар таандык;
анык чек ара - жеринде аныкталган үлгүнүн чек араларга чек коюу белгилери менен бекитилбеген, 1:2000, 1:500 масштабында аткарылган чиймелерде көрсөтүлгөн жер участогунун чек арасы;
белгиленген чек ара - капиталдык имараттарга жана курулмаларга, туруктуу табигый ориентирине же геодезиялык пункттарына белгилүү координаттары бар бардык буруш түйүндөрүн көрсөтүү менен юридикалык документтердин негизинде жеринде аныкталган үлгүнүн чек араларга чек коюу белгилери менен бекитилген жер участогунун чек арасы;
жерлердин максаттуу (функционалдуу) пайдаланылышы - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган - жерлерди пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укугу берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети
3. Жеңилдетилген типтеги объекттер учун жер участокторуна ижара укук Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле чет мамлекеттик жеке жана юридикалык жактарга берилет.
4. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара укук берүү ачык тооруктарда жүргүзүлөт.
5. Жер участогуна ижара укук ачык тооруктарды өткөрүү жолу аркылуу комиссиянын чечими боюнча жеке жана юридикалык жактарга төмөнкү учурларда берилет:
а) жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу үчүн жер участогу мурда ушул жеке же юридикалык жакка мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилсе;
б) жер участогу эки жолу ачык тооруктарга коюлуп, бирок сатылбаса;
в) жер участогу ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу үчүн көрсөтүлгөн жер участогу кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлбөгөндө жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болбогондо;
г) жер участогун бир жылдык мөөнөткө чейин берүүдө;
е) жер участогунун ижара келишиминин шарттары бузулбаган шартта ижара төлөмүнүн өлчөмүн 20 (жыйырма) %га көбөйтүү менен жер участогун пайдалануу мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат;
ж) жер жана шаар курулуш мыйзамдарын бузуулар табылган учурда бузууларды четтетүү боюнча мындан аркы чара көрүү максатында тийиштүү жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга суроо-талаптарды жана билдирмелерди жиберет.
Эгер жер пайдалануучуда мурда жер участогуна белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган документтери бар болсо, бирок жер участогуна ижара келишими жок болсо, комиссия бул жер пайдалануучу менен келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
6. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул жобого ылайык Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссия өтүү күнүндө комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) жер участокторуна ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;
б) жер участокко укуктарды берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу ж.б) аныктайт;
в) тооруктарга жана түз сатууга коюлуучу жер участокторунун наркынын өлчөмүн аныктайт;
г) тооруктун жыйынтыгын белгиленген тартипте аныктайт;
д) жер участокторуна укуктарды түз сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн жана өтүнүп жаткан субъекттерден отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материалдарды алууга;
б) ижара келишимин түзүү жана же түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кароого жана кабыл алууга;
в) тийиштүү корутундуларды даярдоо боюнча ишке эксперттерди, анын ичинде, көз карандысыз эксперттерди тартууга;
г) өз ишмердүүлүгү жөнүндө массалык маалымат каражаттарына материалдарды жарыялоого;
д) жер участокторуна ижара укуктарды берүү менен байланышкан башка маселелерди бул жободо жана башка ченемдик укуктук актылар менен каралган компетенциясынын чектеринде кароого.
8. Тооруктардын жана түз сатуунун предмети болуп жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарды сатуу болуп саналат.
IV. Жер участокторуна ижара укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары
9. Жер участоктору үч жылдык мөөнөткө кыска мөөнөтүү ижарага берилет. Комиссиянын чечими менен убактылуу пайдалануу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
10. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн ижарага берүү мүмкүн болгон жер участокторунун тизмегин түзөт.
Жер участокторунун тизмегин түзүү архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүлгөн жер участокторунун тизмеги өзүнө мурда ижарага берилген жер участокторун, ошондой эле жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу үчүн ижарага бериле турган жаны жер участокторун камтыйт.
(Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жер участокторуна укуктарды берүү эгер берилип жатканда бул участоктор түзүлгөн болсо, бул жобого ылайык берилиши мүмкүн.
Жер участоктору түзүлдү деп төмөнкү учурларда саналат:
а) үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо;
б) аныкталган чек аралары бар болсо;
в) уруксатту пайдалануунун белгиленген түрлөрү же максаттык дайындалышынын түрлөрү, ошондой эле башка керектүү шаар куруу регламенттери бар болсо.
12. Тооруктарда же тикелей сатуу жолу менен ижарага берилүүчү жер участоктордун өлчөмү архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан курулуш документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык аныкталат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссия ижарага берилүүчү жер участокторунун мөөнөтүн муниципалдык менчикти натыйжалуу башкарууну жана аны ижарага берүүдөн максималдуу киреше алууну камсыздоо зарылдыгына жараша ар бир жер участогу боюнча өзүнчө аныктайт.
14. Комиссия тооруктарда же түз сатуу жолу аркылуу берилүүчү жер участогунун ижара акысынын көлөмүн аныктайт.
Тооруктарда жер участогуна ижара укуктар берилип жатса, жер участогунун ижара укугунун старттык баасы бул жобонун 8-бөлүгүнө карата аныкталат.
15. Жер участогунун ижара акысынын сатарлык наркы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул жобонун 8-бөлүгүнө карата аныкталат жана комиссиянын кароосуна акыркы ижара акысын аныктоо үчүн сунуш кылынат. Акыркы наркы комиссия тарабынан аныкталат, бирок ыйгарым укуктуу орган сунуштаган нарктан төмөн болбошу керек.
V. Жер участогун тандоо жана даярдоо тартиби
16. Жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн ижарага берүүгө мүмкүн болгон жер участокторун тандоону жүргүзөт жана төмөнкүлөр көрсөтүлө турган архитектуралык техникалык корутундуну даярдайт:
а) Бишкек шаарынын башкы планына, башка шаар курулуш документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык жер участогун жайгаштыруунун туура келишин;
б) участоктун долбоордук чек араларынын жана шаар курулуш регламенттеринин бар экендиги;
в) жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө сунуш.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга тандалып алынган жер участогу боюнча маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) каралуучу жер участогунун укуктук статусу;
б) сервитуттардын, башка түйшүктөрдүн бар экендиги;
в) башка жактардын мүлктүк укуктары;
г) аралаш жер пайдалануучулар менен жер участокторунун менчик ээлеринин чек аралары менен салыштыруу жолу аркылуу белгиленген чек аралардын анык чек араларга дал келүүсүн аныктоого мүмкүн болгон чек араларга чек коюу белгилеринин же таанылуучу катуу чекиттердин бар экендиги;
д) имараттардын жана курулмалардын, башка курулуштардын бар экендиги.
Үчүнчү жактардын укуктары же башка түйшүктөр бар болсо, Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматка жер участогунун чиймесин үчүнчү жактардын укуктарын жана түйшүктөрдү чагылдыруу менен чектерди түшүрүп тиркейт.
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органынын тапшырмасы боюнча ага тийиштүү маалыматты 5 күндүн ичинде берет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган архитектуралык техникалык корутундуга курамына төмөнкү маалыматтарды камтыган графикалык жана тексттик материалдардын комплекти кирген жер участогунун жана жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруунун планын (мындан ары жер участогунун планы) тиркейт:
а) жер участогунун таандыгы (муниципалдык менчик);
б) жер участогунун жайгашкан орду (дареги) жана аянты;
в) 1:2000, 1:500 масштабында топографиялык негизде аткарылган жер участогунун чиймеси, анда төмөнкүлөр түшүрүлгөн:
а) бурулуш түйүндөрүнүн координаттарын көрсөтүү менен же кыймылсыз мүлктүн объекттерине участоктун чек араларынын көрсөтүү менен жер участогунун чек аралары;
б) азыркы турган курулуштар, анын ичинде курулма эрежелерине жана жер пайдаланууга туура келбеген курулмалар;
в) жер участогу боюнча өткөн инженердик - техникалык коммуникациялардын трассалары;
г) сервитуттардын иштөө чек аралары;
д) сервитуттардын жана түйшүктөрдүн сүрөттөлүшү;
е) жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу долбоору.
Жер участогу тийиштүү чектөөлөр зонасында жайгашкан болсо, төмөнкүдөй кошумча шаар курулуш регламенттери колдонулат:
а) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча;
б) жер пайдалануунун жана курулманын санитардык, суу коргоо жана башка экологиялык шарттары боюнча.
Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган корутундунун ыйгарым укуктуу муниципалдык органга 5 иш күндүн ичинде жөнөтөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
18-1. Жер участогунда жеңилдетилген типтеги объекттин жайгашуусу архитектуралык техникалык корутундуга, башка шаар куруу документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келбеген учурда, архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган объектти Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү үчүн жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга тийиштүү суроо-талап жөнөтөт.
Архитектуралык техникалык корутундунун негизинде комиссиянын чечими менен берилген жер участокко жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн милдеттүү катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Жер участогун ижарага берүү мүмкүн болсо, ыйгарым укуктуу муниципалдык орган комиссиянын кароосуна жер участогуна ижара укуктарды берүү (аукцион, конкурс, түз сатуу ж.б.) ыкмасын аныктоо, ошондой эле сатуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн лоттун старттык баасынын же жер участокторунун баштапкы баасынын көлөмүн бекитүү жөнүндө маселени киргизет.
Эгер ыйгарым укуктуу муниципалдык орган берилген корутунду жана жер участогунун планы менен макул болбосо, алар архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга аларды кайтаруу мотивдерин көрсөтүү менен кошумча иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жеке жана юридикалык жактар ижарага жер участокторун берүү жөнүндө арыздарды архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жазат.
Жеке жана юридикалык жактар арыздарында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты же юридикалык жактардын аталышы, ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча маалымат, арыз ээсинин дареги);
б) конкреттүү жер участогунун болжолдуу өлчөмү жана жайгашкан орду же анын болжолдуу мүнөздөмөлөрү;
в) суралып жаткан жер участогунун болжолдуу пайдаланыш баяндамасы.
Архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган арызды кароонун жыйынтыгы жөнүндө арыз ээсине белгиленген тартипте билдирет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Жеке жана юридикалык жактар жер участогуна ижара укугун узартуу жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу муниципалдык органга беришет. Арызга төмөнкүлөр тиркелет: жер участогуна укук ырастоочу жана укук тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү жана кыймылсыз мүлк бирдиги (имарат жана курулма), жеке жактын инсандыгын тастыктоочу жана юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтер.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Бишкек шаарынын мэриясы тийиштүү органдар жана кызматтар менен жер участокторунда жайгаштыруу үчүн багытталган жеңилдетилген типтеги типтүү объекттердин болжолдуу макулдашылган долбоорлорун бекитет. Эгерде жер участогунда жеңилдетилген типтеги типтүү объектти жайгаштыруу типтүү эмес болуп саналса, мындай объектти тийиштүү органдар жана кызматтар менен макулдашуу долбоору жалпы тартипте жана арыз ээсинин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
23. Ар бир тооруктардын предмети боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын сунушу боюнча комиссия тарабынан гарантиялык взностун көлөмү,тооруктардын катышуучулары тарабынан аны төлөө мөөнөтү жана тартиби, аукциондук кадам (эгер аукцион өткөрүлүп жатса) же конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлүп жатса). Төлөмдөрдүн формалары аныкталат. Гарантиялык взнос комиссия тарабынан аныкталат.
24. Ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тооруктарды өткөрүү болоордон отуз күн мурдатан Бишкек шаарынын расмий сайтына же массалык маалымат каражаттарына жарыялоого же баардыгына кабарлоо үчүн алар ээлеген жайга тооруктардуу өткөрүү жөнүндө билдирүүнү баарына көрүнө турган жерге илүүгө милдеттүү.
Билдирүүдө тооруктардын өткөрүлчү күнү, убактысы, орду жана формасы, анын ичинде, сатууларга катышууну жол-жоболоштуруу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле баштапкы баасы жөнүндө маалыматтар, кепилдик взнос жана комиссиялык жыйым которулуучу банктын керектүү счеттору, тооруктардын предметинин старттык наркы, жер участогунун берүү мөөнөттү, арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү, толук маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын телефону жана дареги болууга тийиш.
24-1. Бул жобого ылайык жер участокторду даярдоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө жеке жана юридикалык жактар (арыз ээлери) тарабынан берилген эсептөөгө ылайык архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органда, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда жана башка ыйгарым укуктуу органдарда жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Тооруктарды жана туз сатууну өткөрүү тартиби
25. Ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан катышуучулар үчүн документтер пакети даярдалат, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: тооруктардын предметинин аталышы, аукционду жана конкурсту өткөрүү шарттары, бул жобонун 17-пунктунда каралган графикалык жана тексттик материалдардын көчүрмөлөрү. Тооруктарда объекттер "бир билет - бир лот" схемасы боюнча жүзөгө ашырылат.
26. Тооруктар төмөнкү формада жүргүзүлөт:
а) ачык аукциондордо.
Комиссия тарабынан дайындалган аукционист аукционду жүргүзөт. Аукциончу тооруктардын предметин, аны сатуу шарттарын жана тооруктардын кадамын баяндайт. Комиссия тооруктардын кадамын ар бир лот боюнча өзүнчө тооруктар башталганга чейин аныктайт.
Аукциондо тооруктардын башталышы деп тооруктардын предметинин старттык баасын жарыялоо учуру эсептелет.
Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу комиссиянын макулдугу боюнча старттык бааны 10 пайыздан ашык эмес арзандатууга укуктуу.
Тооруктардын жүрүшүндө аукциондун катышуучулары (же алардын ишенимдүү өкүлдөрү) аукциончуга каратылган катышуучунун номери бар табличкасын көтөрүп, өз баасын атайт.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт.
б) Чапталган конверттерде шарттарды сунуштоо менен конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Тооруктарга коюлуп жаткан тигил же бул жер участогун пайдаланууда аны пайдаланууга максатка ылайык экендигине карата аныкталган шарттарда комиссия конкурс түрүндө сынактарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссия тарабынан конкурс өткөрүлгөнчө чейин конкурстун шарттары аныкталат.
Жарыяда жана маалымат пакетинде көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына тийиштүү конкурстук сунуш конкурстун катышуучусу тарабынан чапталган конвертте конкурс өткөрүлүп жаткан күнү комиссия өтүү күнүндө комиссиянын отурумуна аныкталган мөөнөттөн кеч эмес берилет.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
Конкурстук сунуштары бар конверттер төмөнкүлөрдү камтышы керек:
а) эскиздик долбоор;
б) комиссия тарабынан аныкталган конкурстун шарттарына тийиштүү инвестициялык жана башка сунуштар;
Эскиздик долбоор төмөнкүлөрдү камтышы керек:
а) башкы архитектуралык долбоордун (БАД) тийиштүү лицензиясын, сертификаттарын көрсөтүү менен титулдук баракча;
б) барактардын ведомостту, жалпы маалыматтар;
в) жөлөк план (1:500 масштабында корректировкаланган сүрөттөөдө;
г) башкы план (1:100 масштабында);
е) перспектива, аксонометрия (3D чагылдыруулар, ракурстар).
Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачылат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер участоктун баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат. Бишкек шарынын жергиликтүү башкаруусунун кызыкчылыктарынын негизинде конкурстун приоритеттүү шарттары болуп:
а) мыкты эскиздик сунуштар;
б) конкурстун шарттары боюнча каралган болсо, сунуш кылынган эң мыкты шарттар жана/же инвестициялык сунуштар.
Кээ бир өзгөчө учурларда конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болсо, конкурс өткөрүү мөөнөтү комиссия тарабынан кийинки комиссиянын отурумуна чейин узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыктары жөнүндө протоколго тийиштүү жазуулар түшүрүлөт, бул протоколго комиссиянын отурумуна катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Мында комиссия кошумча баалоо алуу үчүн сунуш кылынган эскиздик сунуштарды архитектура жана шаар курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193, 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Тооруктарга катышуу укугун алуу үчүн талапкер тооруктардын уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
а) укуктарды сатып алууга ниеттенген жер участокторун көрсөтүү менен белгиленген формада жазуу түрүндөгү арыз;
б) өзүн ырастаган документ (жеке жакта үчүн) же юридикалык жатын атынан чыгуу укугуна ишеним кат;
в) комиссиялык жыйымды жана гарантиялык взносту (эгер тооруктардын шарттары боюнча аларды төлөө талап кылынса) төлөгөндүгүн тастыктаган төлөм документтер.
28. Тооруктардын катышуучусу төмөнкү укуктарга ээ:
а) тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу акысыз катышууга;
б) тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты акысыз алууга;
в) тооруктун предметин кароого;
г) тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт;
д) тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
29. Аукционго жана сынактарга катышууга арыздарды кабыл алууну жана тооруктардын катышуучуларын каттоону ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан тооруктарды өткөрүү күнүнө 5 иш күн калганда токтотулат. Бир гана арыз берилген тооруктардын предмети тооруктардан алып салынат жана кийинки тооруктарга коюлушу мүмкүн.
Эгер тооруктардын предметине бир гана арыз келип түшсө же тооруктар өткөрүлдү деп саналбаса, комиссия старттык ижара акыны 25% чейин азайтууга укуктуу.
30. Ыйгарым укуктуу орган аукцион өткөрүүдөн каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга, ал эми конкурстан - конкурс өткөрүү күнүнөн отуз күн мурун баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө протокол түзүлөт, анда тооруктарды өткөрүүдөн баш тартуунун себептери көрсөтүлөт. Тооруктарды өткөрүүдөн баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган катышуучуларга тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен бул жөнүндө жазуу түрүндө билдирет. Мында комиссиялык жыйым катышуучуга кайтарылат.
31. Бул жобонун талаптарына ылайык жана жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде түзүлгөн жер участоктору түз сатууга коюлат.
32. Түз сатуулар комиссия тарабынан берилүүчү жер участогунун шарттары жөнүндө арыз ээси менен сүйлөшүүлөр жолу аркылуу жүргүзүлөт.
33. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (пайдалануу мөөнөтүн узартууга) мурда берилген жер участогуна ижара укуктарын тикелей сатууда, архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органынын, ошондой эле жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кайрадан чыгарылган корутундусу эгер төмөнкүлөр мурунку бойдон калса, талап кылынбайт:
а) жер участогунун аянты, конфигурациясы, жайгашкан орду;
б) максаттуу (функционалдык) багытталышы.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
34. Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат жана ошол эле күнү тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлат. Протоколго комиссия өтүү күнүндө комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Протоколдо тооруктардын предмети жөнүндө маалыматтар, тооруктардын сатылган предметинин старттык жана акыркы баасы, тооруктардын жеңүүчүсү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт Тооруктардын жеңүүчүсүнө комиссиянын отурумунун протоколунан көчүрмө берилет.
36. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда бул предмет боюнча тооруктар кайра жаралат.
37. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурлар же карсанатай атаандаштык аныкталганда комиссия тооруктардан ар убак сунуш кылыгын лотту алып салууга же келишим түзүлгөнгө чейин лот боюнча тооруктардын жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.
38. Комиссия катышуучу тараптан карасанатай атаандаштыкты аныктаган учурда акыркысы бул лот боюнча тооруктарга катышуу укугуна ажыратылат, мында гарантиялык акы кайтарылбайт.
39. Тооруктардын жеңүүчүсү ижара келишими түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын депозиттик счетуна киргизилүүчү сунуш кылынган үч айлык ижара акысынын көлөмүндө келишим шарттарын аткаруунун кепилдик камсыздоосун төлөп турат.
40. Кепилдик камсыздоо ижарачынын демилгеси боюнча бузулуп жатса, ал тараптан келишим шарттарын бузуулар жок болгондо жана ижарачы тарабынан жеңилдетилген типтеги объект демонтаждалгандан кийин кайтарылат.
41. Кепилдик камсыздоо ижарачы тарабынан ижара келишиминин шарттарын бузган же эки айдын ичинде ижара акыларын төлөбөгөн учурларда кайтарылбайт.
42. Тооруктардын же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан комиссиянын мүчөлөрү протоколго кол койгондон кийин 5 күндүн ичинде жер участогунун ижара келишим түзүлөт.
VIII. Ижара акылардын көлөмүн аныктоо тартиби
43. Бир айлык ижара акынын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Иа = С х S х К1 х К2, мында:
Иа - бир айлык ижара акынын көлөмү (сом менен);
С - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жер салыгынын чени (сом менен);
S - жер участогунун аянты чарчы метр менен;
К1- функционалдык багытынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда төмөнкүгө барабар болот:
- 6 - гараждар, күзөт будкалары, нан сатуу күркөлөрү, бут кийим оңдоо күркөлөрү, гезит күркөлөрү ж.б.;
12 - сүрөт кызмат көрсөтүүлөр, Интернет байланышы кызмат көрсөтүүлөр пункттары, банкоматтар, соода павильондор;
14 - убактылуу аянтчалар, жалпы тамактануу түйүндөрү, автосервис пункттары;
- 30 - жарнамалык контрукциялар;
- Уюлдук байланыш мунаралары үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 5220 сомдон кем эмес көлөмдө белгиленет;
- Суусундуктарды сатуу көчмө түйүндөрү жана сатураторлор үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 400дөн 600 сомго чейин көлөмдө бир түйүн үчүн белгиленет;
К2 - баа зонасынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда төмөнкүгө барабар болот:
- 4 - 1 - баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;
- 3 - 2 - баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;
- 2 - 3 - баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;
- 1 - 4 - баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн.
Эскертүү:
Баа зоналарынын сүрөттөлүшү:
I - зона
- Жибек - Жолу проспектинин түндүк тарабы (Жаш Гвардия бульварынан тартып, Курманжан Датка көчөсүнө чейин);
- Курманжан Датка көчөсүнүн чыгыш тарабы (Жибек - Жолу проектисинен тартып, Салиев көчөсүнө чейин);
- Салиев көчөсү ( Курманжан Датка көчөсүнөн тартып Буденный көчөсүнө чейин);
- Буденный көчөсү ( Салиев көчөсүнөн тартып Чүй проектисине чейин);
- Чүй проспектиси (Буденный көчөсүнөн тартып, Курманжан Датка көчөсүнө чейин);
- Курманжан Датка көчөсү (Чүй проспектисинен тартып, темир жолго чейин);
- темир жолдун түндүк тарабы (Шабдан Баатыр көчөсүнөн тартып Жаш Гвардия бульварына чейин);
- Жаш Гвардия бульварынын чыгыш тарабы (темир жолдон тартып Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабына чейин).
"Дордой" СБК
Бул зона төмөндөгүчө чектешет:
- айланып өтмө жолдун түштүк тарабы ("Келечек" конушунан тартып "Дордой" конушуна чейин);
- Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы (айланып өтмө жолдон тартып Аул көчөсүнүн түштүгүнө чейин);
- Аул көчөсүнүн түштүгү (Ибраимов көчөсүнөн тартып, Совет туюк көчөсүнө чейин)
- Совет туюк көчөсүнүн батыш тарабы ( Аул көчөсүнөн тартып айланып өтмө жолго чейин).
"Аламедин" СБК
Бул зона төмөндөгүчө чектешет:
- Куликовская көчөсү боюнча (Курманжан Датка көчөсүнүн батыш тарабынан тартып Буденный көчөсүнө чейин);
- Буденный көчөсүнүн чыгыш тарабы боюнча (Куликовская көчөсүнөн тартып Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабына чейин);
- Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабы боюнча (Буденный көчөсүнөн тартып Буденный көчөсүнүн түштүк уландысы);
- Буденный көчөсүнүн түштүк уландысынын чыгыш тарабы (Жибек-Жолу проспектисинен тартып Салиев көчөсүнө чейин);
- Салиев көчөсү (Буденный көчөсүнүн чыгыш тарабынан тартып Батыш көчөсүнө чейин);
- Батыш көчөсүнүн чыгыш тарабы (андан ары Муса Жалил көчөсү Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабына чейин).
"Орто-Сай" СБК
Бул зона төмөндөгүчө чектешет:
- Сүйөркулов көчөсүнүн түндүк тарабы (Жукеева-Пудовкин көчөсүнөн тартып Юнусалиев көчөсүнө чейин);
- Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабы (Сүйөркулов көчөсүнөн тартып түштүк өткөөлдүн түштүк тарабына чейин;
- түштүк тарап (СБК түштүк өткөөлүнүн 50 метрге чейин N 7 кичирайонунун ичинен тартып Жукеева-Пудовкин көчөсүнүн батыш бөлүгүнө чейин);
- Жукеева-Пудовкин көчөсүнүн батыш тарабы (СБК түштүк өткөөлүнөн тартып Сүйөркулов көчөсүнө чейин).
"Ош-базары" СБК
Бул зона төмөндөгүчө чектешет:
- Рыскулов көчөсүнүн түндүк тарабы (Ю.Фучик көчөсүнөн тартып Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабына чейин);
- Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабы (Рыскулов көчөсүнөн тартып Москва көчөсүнүн түштүк тарабына чейин);
- Москва көчөсүнүн түштүк тарабы (Жаш Гвардия бульварынан тартып Ю.Фучик көчөсүнүн батыш тарабына чейин);
- Ю. Фучик көчөсүнүн батыш тарабы (Москва көчөсүнөн тартып Рыскулов көчөсүнө чейин).
II зона
- темир жолдун түштүк тарабы (Д.Садырбаев көчөсүнөн тартып Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин);
- Шабдан Баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы (темир жолдон тартып Ахунбаев көчөсүнө чейин);
- Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы (Шабдан Баатыр көчөсүнөн тартып Каралаев көчөсүнө чейин);
- Каралаев көчөсүнүн чыгыш тарабы (Ахунбаев көчөсүнөн тартып N 12 кичирайонуна чейин);
- Токомбаев көчөсү (N 12 кичирайондон тартып Байтик Баатыр көчөсүнө чейин);
- Токомбаев көчөсүнүн келечектеги уландысы (Байтик Баатыр көчөсүнөн тартып Тынчтык проспектисине чейин);
- Жайыл Баатыр көчөсү (Тынчтык проспектинен тартып Д.Садырбаев көчөсүнө чейин);
- Д.Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабы (Жайыл Баатыр көчөсүнөн тартып темир жолго чейин).
III зона
- ЧЧК түштүк тарабы (Васильевский трактысынан тартып Лермонтов көчөсүнө чейин);
- Лермонтов көчөсүнүн чыгыш тарабы (ЧЧК тартып Көлбаев көчөсүнө чейин);
- Көлбаев көчөсүнүн түндүк тарабы (Лермонтов көчөсүнөн тартып Калинин көчөсүнө "Аламедин-1 кичирайонуна, "Куруучулар" шаарчасына, "Энергетиктер" шаарчасына чейин);
- Чүй проспекти ("Энергетиктер" шаарчасынан тартып Курманжан Датка көчөсүнө чейин);
- Буденный көчөсү (Чүй проспектисинен тартып Жибек-Жолу проспектисине чейин, андан ары "Аламедин" СБК зонасынан тышкары);
- Жибек-Жолу проспекти (Курманжан Датка көчөсүнөн тартып Фучик көчөсүнө чейин );
- Профсоюз көчөсү (Фучик көчөсүнөн тартып Кустанай көчөсүнө чейин);
Кустанай көчөсү (Профсоюз көчөсүнөн тартып Д.Сяопин проспектине чейин);
- Д.Сяопин проспектинин түштүк тарабы (Кустанай көчөсүнөн тартып Садыгалиев көчөсүнө чейин);
- Садыгалиев көчөсү (Д.Сяопин проспектинен тартып Л.Толстой көчөсүнө чейин);
- Л.Толстой көчөсү (Садыгалиев көчөсүнөн тартып Т.Фрунзе көчөсүнө чейин);
- Т.Фрунзе көчөсү (Л.Толстой көчөсүнөн тартып Гагарин көчөсүнө чейин);
- Гагарин көчөсү (Т.Фрунзе көчөсүнөн тартып Бах көчөсүнүн батыш тарабы);
- Д. Садырбаев көчөсү (Гагарин көчөсүнөн тартып темир жолго чейин, андан ары Ю.Фучик көчөсүнүн батыш тарабынан Жибек-Жолу проспектисине чейин).
IV зона
- I, II жана III зоналарда сүрөттөлбөгөн Бишкек шарынын калган аймагы.
44. Ижарачы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан берилген эсептер боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын счетуна төлөө жолу менен жер салыгы төлөнөт.
45. Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартууда ижарачы жер участогунун убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун анык кайтарып бергенге чейин же мөөнөтүн узартканга чейинки мезгил үчүн ижара акы төлөп турууга укуктуу.
IX. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо
46. Жеңилдетилген типтеги объект төмөнкү учурларда демонтаждалат:
а) жеңилдетилген типтеги объект жайгаштырууга уруксат берүүчү документтери тийиштүү тартипте жол-жоболоштурулбай иштеп жатса;
б) жаңы курушу ишке ашырылып жатканда;
в) соттун чечими боюнча;
г) Комиссиянын чечими менен төмөнкү учурларда:
а) келишимдин шарттарын бузган учурда;
б) 3 айдын ичинде ижара акыларды төлөбөгөндө;
в) архитектуралык жана шаар курулушу ченемдерине ылайык келбеген учурларда;
г) Бишкек шаарынын турмуш-тиричилигин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар жана архитектуралык - шаар курулушу ченемдер кабыл алынганда.
47. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо болжолдуу билдирүү боюнча 5 күндүн чейин объекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт, тийиштүү документтери жок орнотулган жана иштеп жаткан объектти демонтаждоодо болжолдуу билдирүү талап кылынбайт.
Эгер жеңилдетилген типтеги объекттин ээси аныкталбас жана анын кайда экендигин аныктоо кийин да мүмкүн эмес болсо, демонтаждоо жөнүндө билдирүү ал объектке чапталат, бул жөнүндө акт түзүлөт жана Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан кол коюлат.
Демонтаж жүргүзүлгөндөн кийин жеңилдетилген типтеги объекттин ээси жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө жана көрктөндүрүүгө милдеттүү.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн аныкталган мөөнөт аяктаганда объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо объекттин ээси же анын өкүлү объектте жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.
Объекттин ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоо жүргүзүүгө тоскоолдуктар түзүлсө, объектте жайгашкан материалдык баалуулуктар жөнүндө кыскача тизме түзүлөт жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
Эгер ээси жок болсо, объектке мөөр басылат жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын тарабынан демонтаждоо жүргүзүлүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошодой эле жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери тартылышы мүмкүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган кампага жыюу жана сактоо жайына жөнөтүлөт. Объектти берүү жеңилдетилген типтеги объекттин ээси объектти демонтаждоого, сактоого кеткен бардык чыгымдарды төлөгөн болсо, ушул жобонун 51-пунктунун ченемдерине ылайык жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү тастыктагандан кийин жүргүзүлөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объектти сактоо акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Жеңилдетилген типтеги объекттерди сактоого алган Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган кампага жыюу жана сактоо жайынын администрациясы объекттин жана анын ичиндеги материалдык баалуулуктардын сакталышына жоопкерчилик тартат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Жерди пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жеңилдетилген типтеги объекттерди 1 (бир) ай сактайт. 1 (бир) ай өткөндөн кийин Жерди пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган аларды ээсиз деп таануу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга укугу бар.
Сот тарабынан талап кылынбаган (ташталган) жеңилдетилген типтеги объекттер ээсиз катары таанылган учурда, алар муниципалдык менчикке өтөт.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| Э.Нурдавлетов |