Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 11 -сентябрындагы №650
токтому менен бекитилген
«Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоонун жана алдын
алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын»
максаттуу билим берүү, илимий-техникалык
программасы
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 840 токтомдун редакциясына ылайык)
I. Проблемалар жана чечимдер
«Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагынан адистерди
даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-
жылдын 6-августундагы № 357 токтомун аткаруу максатында:
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун калкты жана
аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоонун укуктук жактан
гарантияланган дењгээлин камсыздоонун негизги принциптери "Калкты жана
аймактарды жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө
кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында
бекемделген.
Азыркы убакта калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо
жагында мамлекеттик дењгээлдеги экспертиза жок, өзгөчө кырдаалдардын
алдын алуу жана жоюу үчүн координациялоонун тармактык жана тармактар
аралык системасы начар өнүккөн, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышына
себеп болуучу жасалма тобокелдик булактарынын саны өстү (алар өз
масштабы боюнча жаратылыш булактарынан келтирилген зыяндан кем
калбоочу экологиялык-экономикалык зыян келтирет).
Проблемаларды чечүү
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары -
ӨКМ) өзгөчө кырдаалдарды башкарууну чечүүнүн натыйжалуу жолу катары
илимий-техникалык билим берүү процессин уюштурууга өзгөчө көњүл бурат.
2006-жылы "Кыргыз Республикасынын аймагында жана Борбордук Азия
мамлекеттери менен чектеш райондордо коркунучтуу процесстер менен
көрүнүштөрдүн мүмкүн болуучу активдешүүсүнө мониторинг жүргүзүү,
божомолдоо жана ага каршы аракет көрүүгө даярдык боюнча" илимий-
практикалык окуу куралы, Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө
кырдаалдарды божомолдоонун жана ага карата тобокелдиктерди азайтуунун
карта-схемасынын чакан атласы, калк үчүн бир катар окуу-методикалык
окуу куралдары басылып чыккан. Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору
түзүлгөн. Анын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-
жылдын 13-мартында № 156 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу
боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомун кабыл алган.
ӨКМ менен Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу иштери, өзгөчө
кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча
министрлигинин ортосунда 2006-2010-жылдар мезгилине келечектүү
кызматташуунун планы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калкты жана аймактарды өзгөчө
кырдаалдардан коргоо жагындагы артыкчылыктардын бири катары адистерди
даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну аныктаган.
ӨКМ жана Кыргыз-Россия Славян университети (мындан ары -КРСУ)
тарабынан төмөнкүлөр тууралуу биргелешкен приказ чыгарылган:
- төмөнкүдөй адистиктер боюнча адистерди даярдоо жөнүндө:
"Авариялык-куткаруу иши", "Пиротехникалык иштерди жүргүзүү
технологиясы", "Имараттар менен курулмаларды реалдуу
сейсмотуруктуулукка жана бекемдикке диагностикалоо", "Суу
объекттеринде авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди
мониторингдөө, болжолдоо жана жүргүзүү", "Жаратылыштык жана
техногендик мүнөздөгү кризистик кырдаалдарда коопсуздукту башкаруу";
- "Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" (мындан ары - ӨКК) кафедрасын
КРСУнун окуу-илимий подразделениеси жана ӨКМдин калкты, аймактарды
өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагынан мамлекеттик экспертиза жүргүзүү
боюнча атайын ыйгарым укуктуу органы деп таануу жана ӨКМден кафедра
башчысынын орун басарын дайындоо жөнүндө.
ӨКМдин коллегиясы тарабынан токтом кабыл алынып, анда төмөнкүлөр
тапшырылган:
- ӨКМдин аймактык подразделениесине калктын аз камсыз болгон
катмарларынын арасынан алыскы райондордон КРСУга абитуриенттерди
"Өзгөчө кырдаалдарда коргоо" адистигине (ар бир облустан 7ден адамды)
алуу боюнча кесиптик багыт берүү иштерине киришүү;
- ӨКМге КРСУ менен ӨКМдин "ӨКК" кафедрасынын окуу
лабораторияларынын материалдык-техникалык базасын чыњдоого 2006-жылдын
ичинде көмөк көрсөтүү;
- ӨКМ менен КРСУга 2007-жылы өзгөчө кырдаалдарда иш-аракеттерге
калкты даярдоо боюнча, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан
коргоо жагынан илимдерди пропагандалоо жөнүндө, калкты жана аймактарды
өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагынан мамлекеттик экспертизаларды
жүргүзүү жөнүндө, объекттердин жана аймактардын коопсуздугу жөнүндө,
өзгөчө кырдаалдардан объекттердин жана аймактардын коопсуздугунун
паспорту жөнүндө, тоолуу шарттарда (климаттык, астрофизикалык,
геодинамикалык, гидрометрологиялык процесстерди эске алуу менен)
өзгөчө кырдаалдардан калкты, объекттерди жана аймактарды коргоо боюнча
илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин планы жөнүндө
жоболордун долбоорлорун иштеп чыгуу.
II. Программанын максаттары жана милдеттери
Максаты - жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө
кырдаалдардын орун алган чөйрөсүнөн коргонууда, аны азайтууда,
жењилдетүүдө, болжолдоодо жана алдын алууда калктын интеллектуалдык
потенциалынын дењгээлин жогорулатуу.
Милдеттери - алдын алуу чараларынын системасынын илимий-техникалык
негиздемелерин өркүндөтүү жана алардын негизинде төмөнкүлөр боюнча
калктын ар кандай максаттуу топтору үчүн билим берүү процессин
уюштуруу:
I. өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин тобокелдиктерин азайтууну
жана жењилдетүүнү нормативдик укуктук жана методикалык жактан
камсыздоо;
II. коркунучтарды аныктоо боюнча чаралардын системасы жана өзгөчө
кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдерин комплекстүү талдоо;
III. өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо
чараларынын системасы;
IV. өзгөчө кырдаалдардын учурунда маалымат менен камсыздоо,
байланыш жана кабарлоо системасы боюнча чаралардын системасы;
V. калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо,
тобокелдиктерди азайтуу, кесепеттерин жењилдетүү боюнча чаралардын
системасы;
VI. өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун жана жоюунун бирдиктүү
мамлекеттик системасына калкты жана адистерди даярдоо боюнча
чаралардын системасы.
VII. жаратылыш чөйрөсүнүн компоненттеринин абалын фиксациялоону
прибордук жактан камсыздоо, калкты жана жашоо чөйрөлөрүн коркунучтуу
жана өзгөчө коркунучтуу патогендер менен экопатогендердин таасиринен
коргоо ыкмалары жана каражаттары;
VIII. калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагынан
мамлекеттик экспертиза.
Программанын милдеттерин ишке ашыруу калкты жана аймактарды өзгөчө
кырдаалдардан коргоону камсыздоого мүмкүндүк берет.
Программа төмөнкүлөрдөн турат:
- "келечектен азыркы учурга" принцибинде өзгөчө кырдаалдарды
башкарууда "тез аракет кылуу жана оњдоодон" "болжолдоо жана алдын
алууга" карай идеологиясын түзүүгө өтүү моделинен;
- Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү
мамлекеттик системасында тобокелдиктердин келип чыгуу шарттарына баа
берүүдөн;
- "Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү
мамлекеттик системасы" максаттуу билим берүү, илимий-техникалык
программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планынан;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо жагындагы
мамлекеттик экспертиза жөнүндө жободон;
- "Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү
мамлекеттик системасы" максаттуу билим берүү, илимий-техникалык
программасы боюнча сабактардын болжолдуу планынан;
- "Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу" адистиги боюнча КРСУга жыл сайын
50 студент кабыл алуу.
III. Программаны аткаруу мөөнөттөрү
Билим берүү жана илимий жактан камсыздоо аркылуу "болжолдоонун
жана алдын алуунун" жањы идеологиясына ылайык жарандык коом тарабынан
жаратылыштык, техногендик жана антропогендик мүнөздөгү өзгөчө
кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу жана экономикалык кесепеттерин
жењилдетүү проблемаларын чечүү эволюциялык процесс болуп саналат, ал
мезгилге жараша максаттарды кое билүүнү жана тактоону талап кылат жана
төмөнкүдөй этаптарда аткарылат:
1-этап (2006-2010-жылдар). Максаты - өзгөчө кырдаалдардын
кесепеттердин масштабдарын азайтуу боюнча илимий жактан негизделген
нормативдик-методикалык, уюштуруучулук жана экономикалык чараларды
ишке ашырууда калктын ањ-сезиминин дењгээлин жогорулатуунун жолдорун
аныктоо;
2-этап (2010-2015-жылдар). Максаты - 1-этаптын жыйынтыктары боюнча
калктын программаны ишке ашыруусу, өзгөчө кырдаалдардын экономикалык
кесепеттерин жењилдетүү жана тобокелдиктерди азайтуу камсыз кылынат.
3-этап (2016-2026-жылдар). Максаты – өзгөчө кырдаалдардан коргоо
жаатында адистерди даярдоо, өзгөчө кырдаалдар келтирген зыянды азайтуу
жана жеңилдетүү системасын өркүндөтүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгай-
лашуу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча максаттуу программаны
андан ары ишке ашыруу.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 840 токтомдун редакциясына ылайык)
IV. Программанын финансылык ресурстары
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан “Өзгөчө кыр-
даалдарды божомолдоонун жана алдын алуунун бирдиктүү мамлекеттик сис-
темасынын” максаттуу билим берүү, илимий-техникалык программасын
жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча адистерди даярдоону
каржылоого чыгымдар мамлекеттик программалардын жана иш-чаралардын
болжолдуу планындагы КРСУнун бюджети боюнча Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу караштырылат.
КРСУда өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча адистердин квалифика-
циясын жогорулатууга байланышкан транспорттук жана суткалык чыгымдар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы
№ 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын
ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык төлөнөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-декабры № 840 токтомдун редакциясына ылайык)
V. Программаны ишке ашыруу механизмдери
Программанын мамлекеттик координатору жана негизги аткаруучусу
КРСУ, тењ аткаруучулары: облустар менен райондордун мамлекеттик
администрациялары, айыл өкмөттөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү,
илим жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,
соода жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер
академиясы, Кыргыз агрардык университети, Туруктуу өнүктүрүү боюнча
мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүмү жана илимий мекемелер
болуп саналат.
VI. Программаны ишке ашыруунун социалдык-экономикалык натыйжалары
ӨКМ, ЕГСПиЛЧнын ведомстволук уюмдары, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, уюмдар жана ишканалар үчүн адистерди даярдоо,
жаратылышты пайдалануу жана илимий-техникалык негиздемелерди жана
билим берүү процессин өркүндөтүүнүн натыйжасында жаратылышты
пайдалануу жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жагынан калктын билим
дењгээлин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу төмөнкүлөрдүн
эсебинен мүмкүн болот:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча уюштуруу чараларынын -
бюджеттен өзгөчө кырдаалдарды жоюуга каралган финансылык жана
материалдык каражаттардын 10 процентине чейин бошотуунун;
- жаратылыштык, техногендик жана антропогендик мүнөздөгү өзгөчө
кырдаалдардын өсүшүнө карата начар тенденцияны жана анын кесепеттерин
жоюу жолдорун жана чараларын баалоо, ага мониторинг жүргүзүү
системасынын, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга республикалык
бюджеттен чыгымдарды 20-30 процентке кыскартуунун;
- өзгөчө кырдаалдарды башкарууну жөнгө салуунун экономикалык
рычагдар системасынын - авариялардын, кыйроолордун жана табигый
кырсыктардын кесепеттеринен камсыздандыруу системасын өнүктүрүү жана
натыйжалуу иштешин камсыздоо үчүн шарттарды түзүүнүн.