АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХ чакырылган ХХV сессиясы
2011-жылдын 15-сентябры №133/ХХ-25
Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин“Айыл чарбасына белгиленген жерлер “категориясынан “ Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери “ категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 жана 13-беренесине ылайык, 22-январь 2008-жылдагы №19 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген токтомунун бир категориядан экинчи категорияга же бир жерден экинчи жерге которуу (трансформация) тартиби жөнүндө Жобону колдонуп , № 126, 127, 128, жана 130 контурларда жайгашкан жер тилкелерин которуу жөнүндө даярдалган материалдарды карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин “Айыл чарбасына белгиленген жерлер” категориясынан “Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери” категориясына №126, 127, 128, 130 контурда жайгашкан жалпы аянты 1,9 га жер тилкесин (трансформациялоо) которуу жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтомду Ысык-Ата райондук администрациясына бекитүүгө жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.В.Ким |