ТоктомКүчүндө

Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы №133/ХХ-25 «Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин»Айыл чарбасына белгиленген жерлер «категориясынан» Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери» категориясына которуу жөнүндө» токтому

Редакция15.09.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кудук айылдык округунун айылдык кеңешинин ХХ чакырылган ХХV сессиясы

 

2011-жылдын 15-сентябры №133/ХХ-25

Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин“Айыл чарбасына белгиленген жерлер “категориясынан “ Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери “ категориясына  которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 жана 13-беренесине ылайык, 22-январь 2008-жылдагы №19 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген токтомунун бир категориядан экинчи категорияга же бир жерден экинчи жерге которуу (трансформация) тартиби жөнүндө Жобону колдонуп , № 126, 127, 128, жана 130 контурларда жайгашкан  жер тилкелерин которуу жөнүндө  даярдалган материалдарды  карап жана талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ак-Кудук айылдык округунун аймагындагы жер тилкелерин “Айыл чарбасына белгиленген жерлер” категориясынан “Байланыш, коргоо, унаа, өнөр жай жерлери” категориясына  №126, 127, 128, 130 контурда жайгашкан жалпы аянты 1,9 га жер тилкесин (трансформациялоо) которуу жүргүзүлсүн.

2. Ушул токтомду Ысык-Ата райондук администрациясына бекитүүгө жиберилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Ак-Кудук айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Ак-Кудук айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.В.Ким