Редакцияот 25.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 25-июлу №120/XXIV-25

Айыл чарбага дайындалган'" категориясындагы жер тилкесин "Жайыт жерлери" чарба жер түрүнөн "Суу астында" чарба жер түрүнө которуу жөнүндө

№254 чөйрө сызыгындагы "Айыл чарбага дайындалган" категориясындагы жер тилкесин "Жайыт жерлери" чарба жер түрүнөн "Суу астында" чарба жер түрүнө которуу жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн 22 январь 2008 жылдын №19 токтому менен бекитилген жер тилкелерин бир категориядан башка категорияга же бир чарба жер түрүнөн башка чарба жер түрүнө которуу (трансформация) тартип жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13 беренелерине ылайык.  Жээк айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №254 чөйрө сызыгындагы 0.60 га жер тилкесин "Айыл чарбага дайындалган жерлер" категориясындагы '"Жайыт жерлери" чарба жер түрүнөн "Суу астында" чарба жер түрүнө которушсун (трансформация кылынсын).

2. Бул токтомду бекитип беришин Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суранышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн

 

Жээк айылдык

кеңешинин төрайымы

 

З. Сыйналапова