Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261, 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн баш-
касына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө бул жобо (мын-
дан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республи-
касынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана
жерлердин түрлөрүн трансформациялоону кошкондо жер участкаларын бир ка-
тегориядан башкасына которуу (трансформациялоо) тартибин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жерлердин түрлөрү - конкреттүү чарбалык максаттар үчүн системалуу
пайдаланылуучу же пайдаланууга жарактуу жана табигый-тарыхый белгилери
боюнча айырмаланган (айдоо, кысыр ањыз, көп жылдык өсүмдүктөр өскөн
жерлер, чабындылар, жайыт, бак-бадал өсүмдүктөр, саз, көл, жолдор жана
башкалар) жерлер;
кысыр ањыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн тартып
бир жылдан ашык айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү үчүн пайдаланылбай турган
жана буулантып айдоого даярдалбаган жер участогу;
жер пайдалануучу - пайдаланууга жер участкалары берилген жеке же
юридикалык жак, мамлекеттик же муниципалдык ишкана, мекеме жана уюм;
көп жылдык өсүмдүктөр - мөмө-жемиш, техникалык же дары-дармек про-
дукцияларын алуу үчүн арналган жасалма түзүлгөн бак-дарак, бадал (токой
аянтысыз) же көп жылдык чөп өсүмдүктөрү катары пайдаланылуучу айыл чар-
ба жерлери. Көп жылдык өсүмдүктөр курамында төмөнкүдөй айырмаланат:
бак, жүзүмзар, жемиш багы, мөмө питомниги, плантациялар;
жайыт - мал жаюу үчүн системалуу пайдаланылуучу айыл чарба жерлери
жана ушундай пайдалануу негизги болуп эсептелген, ошондой эле чабынды
катары пайдаланылбаган жана кысыр ањыз болуп эсептелбеген, мал жаюу
үчүн жарактуу жер участкалары;
түп тамырынан жакшыртылуучу жайыт - чымды жок кылуу жана андан ары
көк чөптүү аянттарды түзүү жолу менен жањы чөп өстүрүлгөн жайыт;
маданий жайыт - зарыл ишчаралардын комплекси жүргүзүлгөн (түп та-
мырынан же үстүнкү бетин жакшыртуу), жакшы чеп өстүрүлгөн, дайыма кара-
лып турган, жер семирткичтер чачылган, малды оторлотуп (бөлүп-бөлүп)
жаюу жүргүзүлгөн жайыт;
айдоо - системалуу түрдө иштетилүүчү жана көп жылдык өсүмдүктөрдү
себүүнү жана таза буулантууну кошкондо айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү
үчүн пайдаланылуучу айыл чарба жерлери;
жер участкасын которуу (трансформациялоо) - максаттуу багытын
өзгөртүүнүн натыйжасында жер категориясын өзгөртүү же кыртыштык-мелио-
ративдик абалын өзгөртүүнүн натыйжасында жердин түрүн өзгөртүү;
чабынды - чөп чаап алуу үчүн системалуу пайдаланылуучу айыл чарба
жерлери.
2. Жер участогу анын максаттуу багытына ылайык төмөнкү категория-
лардын бирине кирет:
- айыл чарба багытындагы жерлер;
- калктуу конуштардын (шаарлардын, шаарчалардын жана айылдык калк-
туу конуштардын) жерлери;
- өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка ба-
гыттагы жерлер;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери;
- токой фондунун жерлери;
- суу фондунун жерлери;
- запастагы жерлер.
3. Жердин ар бир категориясы жерлердин жогоруда көрсөтүлгөн
түрлөрүнө бөлүнөт.
4. Калктуу конуштардын чегинде жайгашкан жер участкалары калктуу
конуштардын жерлерине кирет, ал эми калктуу конуштардын чегинен сыртта-
гы жерлер - максаттуу багытына жараша жерлердин белгилүү категориясына
кирет.
5. Жер участкасын бир категориядан башкасына которуу жердин негиз-
ги максаттуу багыты өзгөргөн учурда анын компетенциясынын чегинде ыйга-
рым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
II. Жерлерди бир категориядан
башкасына которуу шарттары
6. Айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияга которууга
төмөнкүлөр менен байланышкан өзгөчө учурларда гана жол берилет:
- жерлерди консервациялоо менен;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды түзүү менен, жерлерди
табигый корголуучу, тарыхый-маданий, рекреациялык жана башка өзгөчө ба-
алуу багыттагы жерлерге таандык кылууга байланыштуу;
- калктуу конуштардын аймактарын кењейтүү менен;
- жайгаштыруунун башка варианты жок болгон учурда өнөр жай объект-
терин жайгаштыруу менен;
- айыл чарба өндүрүшүн ишке ашыруу үчүн жараксыз жерлерди токой
фондусунун жерлеринин, суу фондусунун жерлеринин же запастагы жерлердин
курамына киргизүү менен;
- белгиленген тартипте бекитилген линиялык объекттерди курууну иш-
ке ашыруу мезгилинде берилүүчү айыл чарба жерлеринин бөлүгүн рекульти-
вациялоо долбоору болгон учурда жолдорду, электр берүү линияларын, бай-
ланыш линияларын (анын ичинде линиялык-кабелдик курулмаларды), нефти
түтүктөрүн, газ түтүктөрүн жана башка түтүк өткөргүчтөрдү, темир жол
линияларын (мындан ары линиялык - объекттер) куруу менен;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу, тие-
шелүү объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары жок болгон учурда
өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо менен;
- жерлерди рекультивациялоонун бекитилген долбоору болгон учурда
пайдалануу кендерди казып алуу менен;
- ушул объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары жок болгон
учурда социалдык, коммуналдык-тиричиликтик багыттагы объекттерди, сала-
маттык- сактоо, билим берүү объекттерин жайгаштыруу менен.
7. Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин котор-
гон учурда жер пайдалануучу тарабынан (жер участкасынын ээси - Кыргыз
Республикасынын мыйзамында каралган учурларда) айыл чарба өндүрүшүнүн
жоготууларынын ордун толтуруу наркынын жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү бекиткен нормативдер боюнча алынбай калган пайданын наркынын
суммасы төлөнөт.
8. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлерин башка кате-
горияга которуу эгерде аларды максаттуу багыты боюнча пайдалануу өзгөчө
табигый коргоо, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, рекреациялык, ден
соолук жана башка өзгөчө баалуу маанисин жоготушу мүмкүн эмес болгонуна
байланыштуу болгон учурда айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана
башка экспертизалардын оњ корутундулары болгондо жүргүзүлөт.
9. Токой фондунун жер участкаларын башка категорияга которууга
төмөнкү учурларда жол берилет:
- өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо зарылды-
гына байланыштуу;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды түзүү максатында, жер-
лерди табигый корголуучу, табигый-маданий, рекреациялык жана башка
өзгөчө баалуу багыттагы жерлерге кошууга байланыштуу мамлекеттик эколо-
гиялык экспертизанын оњ корутундусу болгондо, эгерде алардын максаттуу
багытын өзгөртүү токой жайгаштыруу документтеринде же аймактык пландоо
документтеринде жана саламаттык сактоо, объекттерин, маданий-тиричилик-
тик, турак жай-коммуналдык, социалдык багыттагы объекттерди куруу жана
пайдалануу үчүн аймактарды пландоо боюнча документтеринде каралса.
10. Суу фондунун жерлерин башка категорияга которууга төмөнкү
учурларда жол берилет:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү;
- калктуу конуштардын чектерин белгилөө же өзгөртүү;
- ушул объекттерди жайгаштыруунун башка варианттары жок болгондо
мамлекеттик же муниципалдык маанидеги объекттерди жайгаштыруу;
- суу объекттеринин болушу токтогондо, нуктун багыты өзгөргөндө,
мамлекеттик экологиялык экспертизанын оњ корутундусу болгон учурда суу
объекттеринин жайгашкан жеринин чектери жана башка өзгөрүүлөр болгондо.
III. Айыл чарба жерлерин бир түрдөн
башкасына которуунун өзгөчөлүктөрү
11. Айыл чарба жерлеринин түрлөрү баалуулугуна жараша жерлердин
төмөнкүдөй топторуна бөлүнөт (төмөндөөчү линия боюнча):
- сугарылуучу айдоо, көп жылдык өсүмдүктөр;
- кайрак айдоо, кысыр ањыз;
- маданий жайыт, чабынды жана түп тамырынан жакшыртылуучу жайыт;
- чабынды, жайыт.
12. Айыл чарба жерлерин жердин бир түрүнөн экинчисине которуу
(трансформациялоо) зарылдыгы жаратылыштык факторлор, аларды жерлердин
башка түрүнүн курамында пайдалануунун экономикалык максатка ылайыктуу-
лугу менен негизделет.
13. Айыл чарба жерлерин жердин бир түрүнөн экинчисине которуу бо-
юнча иштерди жүргүзүүнүн негизи болуп жер участкасынын ээсинин же мам-
лекеттик же муниципалдык менчикте турган жер пайдалануучунун жер участ-
касы жайгашкан жер боюнча тиешелүү айыл өкмөтүнө, ошондой эле жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрациянын демилгеси боюнча берилген өтүнүч каты эсептелет.
14. Айыл чарба жерлерин жердин бир түрүнөн экинчисине которуу жер
участкасы, участкалардын тобу, сугат массивдери боюнча жүргүзүлүшү
мүмкүн.
15. Жерлердин башка түрүнө которуу талап кылынган айыл чарба жерлеринин болушу жана кыртыштык-мелиоративдик абалы болгон пландоо- -картографиялык материалдарды, жерге жайгаштыруу, мелиоративдик курулуш долбоорлорун, кыртыштык, кыртыштыкмелиоративдик, геоботаникалык изилдөөлөрдүн материалдарын, шорлор тартылган сүрөттөрдү, жер кадастрынын, жерди инвентаризациялоо маалыматтарын изилдөөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин азыраак баалуу жерлерге кото-
руу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- айдоо үчүн - жерлердин агроөндүрүштүк кыртыштык мүнөздөмөлөрү
алардын иш жүзүндөгү пайдаланылышына туура келбөөсү;
- көп жылдык өсүмдүктөр үчүн - өсүмдүктөрдүн чектик жаш, алардын
сейректелип кетиши, канааттанарлык эмес тектик курамы, жердин жагымсыз
кыртыштык-мелиоративдик мүнөздөмөлөрү;
- чабындылар үчүн - жердин чөлгө айланып кетиши, шалбаа
өсүмдүктөрүнүн пайда болушу, жердин мелиоративдик абалынын начарлашы;
- жайыттар үчүн - чар жайыт жайгашкандыгы.
17. Кыйла баалуу айыл чарба жерлерин азыраак баалуу жерлерге кото-
руу үчүн негиз болуп ушул Жобонун 16-пунктунда саналгандардан башка
айыл чарба жерлеринин эњ аз түшүм берүүчүлүгү, шор басуу дењгээли, кыр-
тыштын бузулушу жана жердин сапаттык мүнөздөмөсүнө таасир берүүчү башка
критерийлер эсептелиши мүмкүн.
18. Сугат жерлерди сугат эмес жерлерге которууда жогоруда саналган
факторлорду эске алуудан башка сугат булагы менен байланыштын жоголушу,
суу менен камсыз болбогондук, чарба ичиндеги сугат системалар менен ку-
рулмалардын техникалык абалы эске алынат.
19. Айыл чарба жерлерин бир түрдөн башкасына которуу боюнча материалдар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- түшүндүрмө катты;
- жердин бир түрүнөн башкасына которууга белгиленген жерлердин экспликациясы;
- трансформациялоого тиешелүү аныкталган айыл чарба жерлерин чагылдыруу менен талаа изилдөөсүнүн актысы жана чиймеси, трансформациялоо себептери;
- трансформациялоонун негиздүүлүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун корутундусу;
- сугат тармагынын техникалык абалы жөнүндө маалыматтар.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Айыл чарба жерлерин бир түрдөн башкасына которуу боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү органы тарабынан даярдалат, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жергиликтүү органы менен макулдашылат. Айыл чарба жерлерин бир нече айылөкмөтү боюнча которууга муктаждыктар болгон учурда атериалдар район боюнча жалпылаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Мамкаттоонун жергиликтүү органы которуу боюнча материалдарды
өзүнүн корутундусу менен райондун мамлекеттик администрациясына жибе-
рет.
22. Райондук мамлекеттик администрация айыл чарба жерлеринин бир-
дей баалуу түрлөрүн бир топтун ичиндеги түрдөн башкасына, ошондой эле
анча баалуу эместерин баалуураагына которгон учурда чечим кабыл алат
жана жер участогуна укукту ырастоочу документтерге жана жерди эсепке
алуу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Мамкаттоонун жерги-
ликтүү органына жиберет.
23. Айыл чарба жерлерин баалуураак түрлөрдүн тобунан анча баалуу
эмес башка түрлөрдүн тобуна которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
чечими боюнча, ушул Жобонун V бөлүмүнүн 32.-42-пункттарында белгиленген
тартипте ишке ашырылат.
IV. Жерлерди бир категориядан башкасына
которуу үчүн документтерди даярдоонун тартиби
24. Жер участокту бир категориядан башкасына же жерлердин бир
түрүнөн башкасына которуу үчүн жер участогунун менчик ээси, же жергилик- түү мамлекеттик администрациянын демилгеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жерлерди бир категориядан башкасына которуу жөнүндө өтүнүч (мындан ары - өтүнүч) берилет.
25. Өтүнүчтө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участокко укук жөнүндө маалыматтар;
- жер участоктун идентификациялык коду;
- которулчу жер участоктун жерлеринин категориясы;
- жер участокту бир категориядан башкасына которуунун негиздемеси. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз ээсинин - жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документтер же
юридикалык жактын катталганы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер участокко укук аныктоочу же укукту күбөлөндүрүүчү документ-
тердин көчүрмөлөрү.
27. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же жергиликтүү мамле-
кеттик администрация мамлекеттик менчикте турган жер участокторду бир
категориядан башкасына которуу жөнүндө маселени жер участокторду пайда-
лануучулардын макулдугусуз (жер участокту алып койбостон) төмөнкүдөй
учурларда көтөрөт:
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды түзүүдө;
- калктуу конуштардын чектерин белгилөөдө же өзгөртүүдө;
- аймакты өнүктүрүүнүн башкы схемасын же калктуу конуштун башкы
планын бекитүүдө.
28. Жергиликтүү мамлекеттик администрация же жергиликтүү өз алдын-
ча башкаруу органы жеке менчикте турган жер участокторду мамлекеттик
жана коомдук керектөөлөр үчүн которууга демилгечи болгон учурда жер
участоктун менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун демилгеси менен жер участоктор- ду бир категориядан башкасына же жерлерди бир түрүнөн башкасына которуу боюнча жер жайгаштыруу иштерине даярдануу жумуштарын каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ал эми жер участоктордун менчик ээлери- нин арыздары боюнча которууда - алардын каражаттарынын эсебинен ишке ашыры- лат. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Жер участокторду бир категориядан башкасына
которуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароонун тартиби
30. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы арыз ээсинин өтүнүчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту
каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү органына (мындан ары
- Мамкаттоонун жергиликтүү органы) жиберет. Өтүнүчтү кароо мөөнөтү - үч
айдан ашык эмес.
Уруксат корутунду берилген учурда жер участокту бир категориядан
башкасына которууга (трасформациялоого) жер жайгаштыруу ишин тариздейт,
ал төмөнкүдөй документтерден турат:
- өтүнүч;
- участокко курулуш куруунун белгиленген тартипте макулдашылган
башкы планы же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документтери
(көчүрмөсү) жана техникалык-экономикалык негиздеме;
- айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияларга которгондо
айыл чарба өндүрүшүнүн жана (же) токой чарбасынын жоготууларынын
эсептөөлөрү;
- жерлердин түрлөрү боюнча ар бир менчик ээсине жана жер пайдала-
нуучуга карата жерлердин экспликациясы;
- жер участоктун планы, чек араларын жана масштабын көрсөтүү ме-
нен;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация атайын ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдардын (Мамкаттоонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана
токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Рес-
публикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү органдарынын) жана башка
тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнөн түзгөн комиссиянын жер участокту
изилдөөсүнүн актысы, алар зарыл болсо ал жер участок боюнча өзүнчө ко-
рутундуларды бере алышат;
- түшүндүрмө кат.
Жер участокту которуу жөнүндө жер жайгаштыруу материалдарын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү органы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кароосуна киргизет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы материалдарды бир айдан
ашпаган мөөнөттө карайт, өз компетенциясынын чегинде жерлерди которуу
жөнүндө чечим кабыл алат же арыз ээсине жер участокту которууга болбос-
тугу жөнүндө негизделген баш тартуу жиберет.
32. Жерлерди бир категориядан башкасына которуу жөнүндө чечимде
төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- жерлердин категориясын өзгөртүүгө негиздеме;
- жер участоктун турган орду, аянты жана кадастрлык маалымат;
- жерлер биринен экинчисине которулчу категориялар.
33. Жер участокту которууга макулдук жөнүндө же жер участокту ко-
торуудан баш тартуу жөнүндө чечимдин үстүнөн соттук тартипте даттанууга
болот.
34. Жерлерди бир категориядан экинчисине которууга төмөнкүдөй
учурларда жол берилбейт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторду бир
категориядан экинчисине которууга чектөө белгиленсе же андай которууга
тыюу салынса;
- айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдар, санитардык-эпидемиоло-
гиялык көзөмөл, геология жана минералдык ресурстар органдарынын жана
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология инсти-
тутунун терс корутундусу болсо;
- жер участоктордун суралган максаттык арналышы аймактык пландоо-
нун кадастрлык документтерине же аймакты пландоо боюнча документтерге,
жер жайгаштыруу же токой жайгаштыруу документтерине ылайык эместиги
аныкталса.
35. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери токой фондунун жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар- дын жерлери болгон, башкаруу же тескөө анын компетенциясына кирбеген жер участокторду которууга макулдук жөнүндө чечим чыгарат жана бардык мате- риалдарды өзүнүн чечими жана ага түшүндүрмө кат менен кошо тийиштүү жер- гиликтүү мамлекеттик администрацияга жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Райондун мамлекеттик администрациясы өзгөчө баалуу айыл чарба жер- лери, ургаалдуу же, токой фондунун жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери болгон, башкаруу же тескөө анын компетенциясына кирбе- ген жер участоктор боюнча жер участокту которууга макулдук жөнүндө тийиш- түү чечим чыгарат жана бардык материалдарды өзүнүн чечими жана ага түшүн- дүрмө кат менен кошо облустун мамлекеттик администрациясынын кароосуна жи- берет.
Жайыт жерлерин жердин башка категориясына которууда райондун мамлекет- тик администрациясы жайыт жерлерин которуу жөнүндө чечим чыгарат, ал чечим жер-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына белгиленген тартип те жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Облустун мамлекеттик администрациясы өзгөчө баалуу айыл чарба
жерлери, ургаалдуу же алыскы жайыттар, токой фондунун жерлери, өзгөчө
корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери болгон, башкаруу же тескөө
анын компетенциясына кирбеген жер участоктор боюнча жер участокту кото-
рууга макулдук жөнүндө чечим чыгарат жана бардык материалдарды өзүнүн
чечими жана ага түшүндүрмө кат менен кошо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кароосуна жиберет.
38. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер участокторду которуу жөнүндө жер жайгаштыруу материалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына экспертизага жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261,2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомдорунун редакциясыяларына ылайык)
39. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кыз- маты берилген материалдар ушул Жобонун нормаларына туура келгенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдайт, ал милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана жаратылыш ресурстар министрликтери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жа- на токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка- раштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен макулдашуудан өткөрүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тар- типте жиберилет.».
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-октябрындагы №261,2010-жылдын 8-декабрындагы №312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
40. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү материалдарды карайт жана ал ма-
селе боюнча биротоло чечим чыгарат.
41. Жер участокторду которуу жөнүндө чечим белгилүү бир мөөнөткө
чыгарылышы мүмкүн эмес.
42. Жер участокторду которуу жөнүндө чечим арыз ээсине белгиленген
тартипте жиберилет.
VI. Жерлердин бир категориядан башкасына
которулганына байланыштуу Мамлекеттик жер кадастрына
жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү
мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү
43. Жер участокторду бир категориядан башкасына которуу жөнүндө
чечим кабыл алынгандан кийин он күндүн ичинде Мамкаттоонун жергиликтүү
органдарына Мамлекеттик жер кадастрына жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын
бирдиктүү мамлекеттик реестрине жети иш күндүн ичинде өзгөртүүлөрдү
киргизүү үчүн жиберилет.
44. Жер участокторду бир категориядан башкасына которуу жөнүндө
киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө Мамкаттоонун жергиликтүү органы кызык-
дар жер пайдалануучуларга же жерлердин менчик ээлерине жети иш күндүн
ичинде билдирет.
45. Жер участокторду бир категориядан башкасына которуу Кыймылсыз
мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине андай которгондук
жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилген учурдан баштап ишке ашты деп эсептелет.
46. Жер участокторду бир категориядан башкасына же бир түрүнөн
экинчисине которууда чечим чыгарылган жер участокторго укукту аныктоочу
документтерди кайрадан тариздөө талап кылынбайт. Жер участокко укукту
күбөлөндүрүүчү документтерге тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет же укук
ээсинин арызы боюнча укукту аныктоочу жањы документ берилет.