Загрузка документа…
(Өзгөн шаардык кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы № 3/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык Кеңешинин (6- чакырылышынын) 1-уюштуруу сессиясынын отуруму
2017-жылдын 9-январы № 1/2
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасын шайлоо жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) I-уюштуруу сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 1-уюштуруу сессиясынын эсептөө комиссиясынын № 2 протоколу бекитилсин.
2. Джалилов Азамжан Абдуллажанович - Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.
Төрага | А. Джалилов |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) эсептөө комиссиясынын
Өзгөн шаары
№ 2
« 9 » - января 2017-ж.
Күн тартибиндеги маселе:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасын шайлоо.
Күн тартибине киргизилген маселе боюнча сессиянын отурумунда 20 бюллетень депутаттарга таркатылып берилип, урна ачылгандан соң 20 бюллетень чыкты. Натыйжада:
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талапкер Джалилов Азамжан Абдуллажанович 20 добуш алгандыгына байланыштуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасы болуп шайлансын.
Джалилов Азамжан Абдуллажанович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) төрагасы болуп шайланганы жөнүндөгү эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинен суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы __________ Р. Купахунов
мүчөлөрү __________ А. Мамазаитов
__________ Й. Имьяминов