Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-9
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-токтому менен бекитилген " Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосунун 22-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кенештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын кайрадан түзүү боюнча айыл аймагынын айылдык кеңешине
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун тартибин күчөтүү жана мындан ары эффективдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-токтому менен бекитилген “ Айыл чарба жерелеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосунун 22-пунктуна негиз тиркемеге ылайык, сиздерге Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитип берүүңүздөр үчүн сунуштаймын. (тиркеме тиркелет).
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануунун тартибин күчөтүү жана мындан ары эффективдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571-токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү” типтүү жобосунун 7-пунктуна негиз тиркемеге ылайык, сиздерге Төөлөс айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын жаңы курамын бекитип берүңүздөр үчүн сунуштаймын.
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы М. Абдырахмановго
Айыл өкмөтүнүн жер адиси Т. Мамаюнусовдон
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитип берүүңүздү суранамын.
1. Мамаюнусов Тайир айыл өкмөтүнүн жер адиси
2. Бектурсунов Шарап айыл өкмөтүнүн эсепчиси
3. Ысманов Куштар айылдык кеңешинин депутаты
4. Жороев Арыстан айылдык кеңешинин депутаты
5. Мурзакулов Абийбилла айылдык кеңешинин депутаты
6. Асанов Пайзилда айыл башчы
7. Шерматов Маматемин айыл башчы
8. Мийзаев Абдималик айыл башчы
9. Мадаминов Ильяз айыл башчы
10. Мамкаттоо башкармалыгын адиси
11. Эшматов А айыл өкмөтүнүн башчысы кызматы боюнча кирет.