Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № 4-10
Төөлөс айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571-токтому менен бекитилген "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү" типтүү жобосунун 7-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кенештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш, өнөр жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы М. Абдырахмановго
Айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакиров
Төөлөс айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитип берүүңүздөрдү суранамын.
1. Тиленов Мурадилла айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
2. Бакиров Маматшарип айыл өкмөтүнүн жер адиси
3. Досматов Камил айылдык кеңешинин депутаты
4. Шерматов Маматемин айыл башчы
5. Мадаминов Ильяз айыл башчы
6. Архитектура башкармалыгын адиси макулдугу менен
7. Мамкаттоо башкармалыгынын адиси макулдугу менен