Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы № 2
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун 2013-жылдын 23-январындагы №23 буйругу менен бекитилген «Шаардык Кеңештердин типтүү Регламентинин» негизинде иштелип чыккан Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентин талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламенти алымча кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин Регламентин аткарууну камсыз кылуу төраганын орун басары А.Нусупбековго милдеттендирилсин.
3. Токтом расмий жарыялангандан күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтом дун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Кочкор-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |
| Эл депутаттарынын Кочкор-Ата шаардык кеңештин XXV чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын № 2 токтому менен бекитилди |
Кочкор-Ата шаардык кеңештин Регламенти
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
I -глава. Шаардык Кеңеш
глава. Шаардык Кеңештин компетенциясы.
II БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТҮЗҮМҮ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
глава. Шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары.
глава. Шаардык кеңешинин аппараты.
глава. Шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
БӨЛҮМ. ДЕПУТАТТЫК ФРАКЦИЯЛАР.
глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор.
глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү.
глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси. Шаайлоочулардын суроо талаптары.
БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ.
глава. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы.
глава. Шаардык кеңештин ишин пландоо.
глава. Масел ел ерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби.
глава. Шаардык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби.
глава. Депутаттык мандат.
глава. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби.
глава. Шаардык кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары.
глава. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары.
БӨЛҮМ. ШААРДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ.
глава. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
1.1. Кочкор-Ата шаардык Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык, шаардык кеңеш шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык кеңеш сессиялык иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандары жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайланган 21 депутаттан турат.
1.2. Кочкор-Ата шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусу менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди ез алдынча чечет, алардын чыгарган чечимдерин аткарууну камсыздайт, бул чечимдердин иш жүзүнө ашырылышына контрол жүргүзөт жана юридикалык жак статуска ээ. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаттары июль айынын биринчи жумуш күнүнөн баштап, сентябрь айынын биринчи жумуш күнүнө чейин каникулдук тыныгуу жарыялайт.
1.3. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин сессиясында анын ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна каршы келбеген кабыл алынган чечими шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана менчик түрүнө карабай алардын бирикмелеринин, шаардык өз алдынча башкаруусунун кызматтык жактарынын, шаарда жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактардын аткаруусу милдеттүү.
1.4. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул Регламент менен аныкталат.
Шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруу-укуктук түрү - сессия болуп саналат. Шаардык Кеңештин сессиясы мамлекеттик тилде өткөрүлөт жана зарылчылык келип чыкканда колдонулат.
1.5. Кочор-Ата шаардык Кеңештин Регламента кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартиби, шаардык кеңештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдоо ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.6. Шаардык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, саясий көп түрдүүлүк, көп партиялуулук, объективдүүлүк, маселелерди эркин талдоо жана депутаттар тарабынан чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет. Сессияга катышуу үчүн сессияга киргизилген маселелрди кароого кызыккан тараптар чакырылат. Шаардык кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Жабык сессиялар эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда гана өткөрүлөт.
1.7. Депутаттардын ыйгарым укуктарын төмөнкү кызматтар менен айкалыштырууга болбойт.
а) мэр жана вице-мэр
б) муниципалдык кызматкер;
в) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
г) Өкмөттүн мүчөсү же мамлекеттик кызматчы.
1.8. Шаардык кеңештин депутаты өзүнүн мандатын депутаттык ишке байланышпаган башка ишке пайдалана албайт.
1.9. Шаардык кеңештин депутаты менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин, уюмдун администрациясынын демилгеси боюнча (ишкана, мекеме, уюм толук жоюлган учурлардан тышкары) иштен бошотулбайт. Ошондой эле шаардык кеңеш менен алдын ала макулдашпастан, тартип жазасы катары төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулбайт.
1.10. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз ишке ашыра алат.
2.1. Кочкор-Ата шаардык Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилоо;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошонд эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалымат угуу;
3) аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган учурларда алар боюнча чендерди белгилоо;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын муниципалдык менчигин пайдалануу жана башкаруу тартибин белгилоо, анын ичинде муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилоо, муниципалдык менчикти пайдаланышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзам чыгарууда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардын мэрине ишеним көрсөтпөө;
9) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
10) мамлекеттик бийликтин тийиштүү органына киргизүү максатында административтик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
11) шаарлык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо, аларды кызматына бошотуу. кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
12) шаардык Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
13) өзүнүн чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган типтүү чечимдердин негизинде шаардын мэринин сунушу боюнча шаардык мэриянын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
15) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин каттуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу, жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык тарифтерди бекитүү;
16) алкагол ичимдиктерин жана тамеки түрлөрүн сатууну убактысы жана орду боюнча аларга тыюу салууга чейин чектөөлөрдү, каада-салттык иш чараларды өткөрүү тартиптерин аныктоо;
17) ирригациялык тармактарды, үйдүн жана үй алдындагы участокторду тартипте кармоону аныктоо;
18) Шаардын мэрин шайлоо;
19) Шаар мэриясы үчүн мыйзамда белгиленген базалык ставканын базасында эсептелген шаар мэриясы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин балдарын эске алуу менен, салыктын түрлөрүн пайдалануу үчүн салыктын диференцияланган ставкаларын белгилоо;
20) Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2. Шаардык Кеңеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
2.3. Шаардык кеңеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын, төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
3.1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын ичинен же көпчүлүк фракциялардын коалициясы аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Шаардык Кеңештин төрагасынын кызматына талапкерлерди көрсөтүү укугуна көпчүлүктүн фракциясынын же көпчүлүктүн коалициясынын депутаттары ээ.
Шаардык кеңештин төрагасы эгер ага шаардык Кеңештин жалпы депутаттардын ичинен көпчүлүк депутаттар добуш берсе, ал шайланды деп эсептелинет.
Шаардык Кеңештин төрагасынын шайланышы тууралуу шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
Шаардык кеңештин төрагасы туруктуу негизде саясий-муниципалдык кызматты ээлейт жана илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлоого укуксуз.
3.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.3. Шаардык Кеңештин төрагасы;
-шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алардын отурумун өткөрөт;
-шаардык кеңештин сессиясын жана шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселердидаярдоого жалпы жетекчилик кылат.
-шаардык кеңештин токтомуна кол коёт жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
-шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт;
-шаардык кеңештин аппаратынын ишин көзөмөлдөйт;
-шаардык кеңештин аппарат кызматкерлерин жумушка дайындайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумуштан бошотот;
-шаардык кеңештин төрагасынын орунбасарынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын торагаларынын, алардын кызматтык милдетерин аткаруусун контролдойт;
-депутаттарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчёт берүүгө комок көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыздайт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу га байланышкан маселелерди карайт;
-Шаардык кеңештин жана анын органдарынын иш жөнүндө коомдук пикирдин айкындуулугун жана эсепке алынышын камсыздайт;
-мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык кеңешти сунуштайт.
-шаардык кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетенүүсүн уюштурат;
-өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат(кадр маселелери боюнча, сапарга чыгуу, өндүрүштүк ж.б);
-шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды шаардык кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат жана алар боюнча тийиштүү буйруктарды чыгарат;
-шаардык кеңеште иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө жобону бекитет;
-шаардык Кеңештин иш жүргүзүү кагаздарындагы номенклатуралык номердик тартипте чыгышталган чыгыш титулдук каттарга кол коёт.
-шаардык кеңештин чыгаша сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыздайт жана бюджеттик жылдын аякташынан 3 ай мурун аны шаардык кеңештин сессиясында кароого берет.
-бюджеттик жыл аяктагандан кийин 2 айдан кеч эмес шаардык кеңештин сессиясына шаардык кеңештин өткөн жыл үчүн чыгашалары жана алардын бекитилген чыгаша сметасына ылайык келүүсү же андан ашып кетиши тууралуу жазуу түрүндөгү кеңири отчету кароого берет;
-шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясына отчёт берет;
3.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шаардык кеңештин төрагасынын сунуштамасы боюнча депутаттардын ичинен ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен көпчүлүк добуш алган кандидат шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын шайлануусу боюнча шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
3.5. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары;
-шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт жана шаардык кеңештин иш кагаздарына кол коёт..
-депутаттык фракциялар менен өз ара аракеттенет;
-шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары менен түздөн-түз иш алып барат жана алардын бир жылдык иш-пландарынын аткарылышын көзөмөлдөйт.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн
3.6. Шаардык кеңештин депутаттары:
1. Тийиштүү жергиликтүү кеңештин органына шайлоого жана шайланууга;
2. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
3. жергиликтүү кеңештин жана анын органдарынын заседаниесинин күн тартиби, талкулануучу маселерди кароонун тартиби жана алардын маани-маңызы боюнча сунуштар ширлер киргизуүгө;
4. чечимдеришлерлин долбоорлорун, жергиликтүү кеңеш же анын органы кабыл алуучу башка документтерди аларга карата түзөтүүлөрдү кароо үчүн киргизүүгө;
5. жергиликтүү кеңеш түзүүчү органдардын, жекече курамы жана жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлери боюнча ой-пикирин айтууга;
6) .жергиликтүү кеңеш түзгөн органдарга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш шайлаган, дайындаган же бекиткен адамдарга ишенич көрсөтпөө жөнүндө маселе коюуга;
7. талаш-тартыштарга катышууга, суроо-талаптар менен кайрылууга, баяндамачыларга, кошумча баяндамачыларга, заседаниеге төрагалык кылуучуга суроолор берүүгө;
8. жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңешке отчеттуу, болбосо анын контролдугу астындагы ар кандай органдын же кызмат адамынын, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңештин кызмат өтөшүнө кирген маселелер боюнча анын аймагында иштеген башка органдардын жана кызмат адамдарынын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуштар киргизүүгө;
9. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн жүйө-себептери боюнча чыгып сүйлөөгө, маалыматтар берүүгө;
10. жергиликтүү кеңештин жана органдарынын заседаниелеринде, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларын, арыздарын, резолюцияларын, өтүнүч каттардын тексттерин жергиликтүү кеңеш белгилеген тартипте жарыялоого укуктуу. Сот органдарына шаардык кеңештин депутаты жекече өтүнүч келтирген учурда, шаардык кеңештин титулдук барагына депутат өзү кол койсо болот.
11. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин сессияда бекитет.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппаратын, шаардык кеңештин жооптуу катчысы жетектейт.
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат. Шаардык кеңештин аппараты, кезектеги чакырылышта ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аяктоосу менен өз ишин токтотпойт. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жонго салынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык шаардык Кеңештин аппараты үч кызматчыдан жооптуу катчы, башкы адис жана жетектөөчү адистен турат. Жооптуу катчы:
4.1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштүү материалдар менен камсыздайт.
4.2. Шаардык кеңештин ишинин келечектүү планын аткарууну камсыздайт; шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишинде өз ара аракеттенет.
4.3. Шаардык кеңешке келген документтерди аткарууну эсепке алат жана контролдойт;
4.4. Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык кеңештин депутаттарына жеткирүүнү контролдойт;
4.5. Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
4.6. Шаардык кеңештин сессиясынын материалдарын даярдоону, документтерди аткарууну контролдоону жана текшерүүнү уюштурат;
4.7. Шаардык кеңештин аппаратынын ишин уюштурат:
Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери саясий партиялардын, диний жана башка коомдук бирикмелердин түзүмүн түзө алышпайт, шаардык кеңештин фракцияларына карата нейтралдык позицияны кармайт.
5.1. Кочкор-Ата шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл учурда шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана аларды аткарууну контролдоо үчүн убактылуу комиссияларды калыптантат.
5.2. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңеш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө калыптанат. Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык кеңеш менен аныкталат. Шаардык кеңештердин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде эгер зарыл болсо, жаңы туруктуу жана убактылуу комиссияларды түзө алат, мурун түзүлгөндөрдү жоё алат жана кайра түзө алат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөсү бирдей укукка ээ.
Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары шайлана албайт.
Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан тораганы жана төраганын орун басарын ачык добуш берүү менен шайлайт, шаардык кеңеш ачык добуш берүү менен бекитет. Комиссиялардын төрагасы, төраганын орун басары эгер шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болсо, шайланды деп эсептелинет.
Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялык, объектавдүүлүк, маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча тийиштүү чечим жана корутунду чыгарышат.
Туруктуу комиссиялар өздөрүнүн милдеттерине таандык болгон иштерди өз компетенциясынын чегинде чечүү боюнча, туруктуу комиссиянын Жобосун иштеп чыгууга жана ошол жобонун негизинде иш алып барууга укуктуу.
5.3. Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагалары ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңеш алдында жооптуу жана төрагага отчёт беришет. Шаардык кеңештин төрагасы каалаган убакта комиссиянын күндөлүк иши жөнүндө отчёт суроого укуктуу.
5.4. Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн. Кезектеги жыл аяктаганда комиссиялар шаардык кеңешке өз иши жөнүндө жазуу жүзүндө отчёт берет
5.5. Шаардык кеңеш зарыл учурда анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана аларды алдын ала кароо, ошондой эле таанышуу же изилдөө үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия дайыма ал даярдоо үчүн түзүлгөн маселе боюнча негизги комиссия болуп саналат.
Убактылуу комиссия шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн белгиленген тартипке ылайык өз ишин жүргүзөт.
6.1. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет.
6.2. Депутаттык фракция(мындан ары фракция) партиялык тизменин негизинде калыптанат жана шаардык кеңеш тарабынан каттоого алынат.
6.3. Фракция анын түзүлгөндүгү, аталышы, тизмелик курамы, лидердин жана анын орун басарынын аты-жөнү жөнүндө жазуу түрүндө кулактандырылган учурдан баштап расмий статуска ээ болот.
Фракция башка фракцияларга откон депутаттарды өзүнүн курамына киргизүүгө укугу жок.
Мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттын ордун алмаштырган депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болот.
Депутаттын өзү шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
6.4. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
-шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтотулганда;
-шаардык кеңештин өзүн өзү таркатышында;
Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык кеңештин анын фракциянын укуктук абалына таасир этпейт.
6.5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
-фракцияны шаардык кеңеште жана анын сыртында сунуштайт;
-фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
-фракциянын чечимине кол коёт;
-фракциянын ичинде тартипти контролдойт;
-фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин органына кандидаттарды сунуштайт;
-фракциянын чечимин аткарууну контролдойт;
-фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланган маселе боюнча анын саясий көз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жөнүндө жарыялайт;
-фракциянын шаардык кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
-катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуштайт;
-фракциялардын мүчөлөрүнүн шаардык кеңештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык кеңештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;
Фракциянын лидери төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызматын бир убакта элей албайт.
7.1. Фракция укуктуу:
-шаардык кеңеште каралган маселелер боюнча саясий көз караш билдирүүгө;
-башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
-шаардык кеңештин төрагасына шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-фракциянын отурумуна кызыктар тарапты чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
-шаардык кеңештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизүүгө;
-шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына кандидаттарды сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизүүгө.
-шаардын мэри кызматына кандидаттарды сунуштоого;
-өзүнчө маселелер боюнча таанышуу боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-бул же тигил маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө;
-шаардык кеңештин сессияларында протоколго киригизүү үчүн ар кандай талкуулануучу маселе боюнча фракциянын өзгөчө оюн берүү;
-фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле шаардык кеңештин сайтында жарыялоого;
-фракциянын иш аракетине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин күчөтүү максатында тийиштүү чараларды көрүүгө;
7.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жүргүзгөн фракциялардын ыктыярдуу биригүүсү болуп саналат;
7.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат. Каалаган фракциялар шаардык кеңештин көпчүлүк же шаардык кеңештин азчылык коалициясына биригүүсү үчүн бул жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, мындан кийин ал расмий статуска ээ болот;
7.4. Коалициялык келишимде төмөндөгүлөр чагылдырылат:
-коалициянын түзүлүшүнө негиз болгон макулдашылган саясий көз караштар;
-коалициянын саясий багыты;
-коалициянын ишинин принциптери;
-коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
-коалициянын лидеринин аты-жөнү;
Коалициялык келишимге фракциялардын коалицияга киргендиги жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алган отурумдардын протоколдору тиркелет.
7.5. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкүнү жарыялоодон баштап токтотот;
-фракция же фракциялар андан чыккандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык кеңештин көпчүлүк статусу жоюлат;
-коалицияны таркатууда.
8.1. Кочкор-Ата шаардык кеңештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
8.2. Шаардык кеңеш белгилеген тартипке ылайык шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын торагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
8.3. Шаардык кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо талаптарды берүү мүмкүнчүлүктөрү бар.
8.4. Кочкор-Ата шаардык кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүлөрүнүн иши жөнүндө шайлоочуларга отчёт берип турууга милдеттүү.
Фракциялардын отчёту каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.
Фракциянын отчёт берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык кеңеш же анын органы маалымдайт.
8.5. Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү фракциянын мүчөлөрүн отчёт берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар менен камсыздайт.
Шаардык кеңеш фракция мүчөлөрүн отчёт үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен өз убагында камсыздайт.
Отчёттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.
8.6. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын суроо талаптарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык кеңештин сессиясына кароого берилет.
8.7. Шаардык кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
8.8. Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетин калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
8.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүгү ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
8.10. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө, шаардык кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо-талаптардын аткарылуусунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
Шаардык кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турушат.
9.1. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин сессиялары мамлекеттик тилде өтөт жана сессиянын токтомдору мамлекеттик тилде жарыяланат. Сессияны өткөрүүнүн тартиби жана мезгили Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин ушул Регламенти менен аныкталат.
9.2. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шардык кеңештин Регламентин бекитүү, шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
9.3. Шаардык кеңештин сессиялары кварталына бир жолудан кем эмес жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
10.1. Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш планын даярдоо шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
10.2. Шаардык кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.
Шаардык кеңештин бекитилген иш планындагы маселелрдин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу шаардык кеңештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.
10.3. Шаардык кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлору болушу талап кылынбайт.
Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык кеңешке киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
11.1. Шаардык кеңешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылат:
-баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюулган коштомс кат. Эгер документ шаардык кеңештин мурун кабыл алган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
-шаардык кеңештин токтом долбоору;
Эгер шаардык кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, кайрылууну сунуштаган орган же жооптуу кызматкер тийиштүү экономикалык негиздемени да көрсөтөт.
11.2. Шаардык кеңештин токтом долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкулоону шаардык кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
Токтом долбоорун шаардык кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкулоо, элдин алдына же депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
11.3. Шаардык кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол-жоболору:
-баяндама, ушул Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
-баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору
-талкулануучу маселе боюнча жарыш сөз;
-баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;
11.4. Токтом долбоорун шаардык кеңеште кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алууну зарылдыгы талкууланат, токтом долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.
11.5. Шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, шаардын мэри алдын ала жазылбаган туруп, кезексиз сөз сүйлөө укугуна ээ
11.6. Сессиядагы төрагалык кылган сөз сүйлөгөндөрдүгүн күн тартибиндеги маселелерге жооп гн, сөз сүйлөөнү белгилеген узактыгын сактоосун көзөмөлдөйт.
11.7. Жарыш сөздон кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйынтыктоочу сөзго укуктуу, добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана добуш берүүгө документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө маселе коюлат.
Туруктуу комиссия жарыш сөздүн жыйынтыгы боюнча документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана ал жөнүндө шаардык кеңештин сессиясында билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу боюнча шаардык кеңеш протоколдук чечими менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу боюнча добуш берүүнү кийинки сессияга чейин жылдырып коюуга укуктуу.
11.8. Шаардык кеңештин сессиясында документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин (анын ичинде жарыш сөздүн жүрүшүндө) депутаттар шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен жазуу түрүндө же оөз эки арыз менен документтин долбоорун расмий түрдө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш сөздор токтотулат. Сессияда документтин долбоорунун үстүндө андан ары иштердин тартиби белгиленет.
11.9. Токтом долбоорунун талкулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңеш төмөнкү чечимдердин бирөөнү кабыл алат.
1) Токтомдун долборун толук кабыл алуу;
2) Анын жоболорун талкулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
3) Токтом долбоорун биринчи окулушта эле кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.
11.10. Токтом долбоорун анын жоболорун талкулоо менен кароодо талкулануучу жана добуш берүүгө коюулуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат.
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына жеткире иштөөгө жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык кеңеш бир да сунуш жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
11.11. Токтомдо анын ишке ашыруу тартиби белгиленет, тактап айтканда:
1) Мөөнөттөр такталат жана пунктарды же токтомду толук ишке киргизүүнүн ыкмасы аныкталат;
2) Мыйзамсыз актылар боюнча органдарга жана кызматтык жактарга айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр аныкталат.
11.12. Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны контролдогон жак(шаардык кеңештин түзүмдүк калыптанышы) көрсөтүлөт.
Контролдоонун максаты документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулугунун децгээлин, аларды аткарууну кыйындаткан себептерди, аткарууга жолтоо болгон белгилүү жактарды(органды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле документтин жоболорун сот тартибинде аткарууну камсыздоо зарылдыгы болуп саналат. Саналган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн шаардык кеңеш контролдоону жүктөгөн жактан (орган) эч кандай ишеним кат талап калынбайт.
Токтомдо же чечимде тапшырма берүү пунктунда аткаруучу(бирөө же бир нече) же шаардык кеңештин түзүмдүк калыптануусу жана эреже катары аткаруу мөөнөтө көрсөтүлөт.
12.13. Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгундан кийин шаардык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
-аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
-аткарылган катары токтомдун кээ бир пунктарын контролдон алып салууга;
-контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
-контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
-токтомду жокко чыгарууга;
-кошумча токтом кабыл алууга.
11.14. Контрол боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же шаардык кеңештин төрагасы тарабына белгиленет, ал токтомдун аткарылышын контролдоочу жакка (органга) шаардык кеңештинсессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу
11.15. Сессиянын протоколу төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
-сессиянын өткөрүүнүн датасы, орду, шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
-шаардык кеңешке белгиленген депутаттардын жалпы саны жана сессияга катышкан депутаттардын саны;
-сессиянын күн тартибинин маселеси жана баяндамачынын(кошумча баяндамачынын) аты-жөнү
-сессияда сөз сүйлөгөндөрдүн тизмеси;
-добуш берүүнүн жыйынтыгы;
- сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөнү алардын шайлоо округдарын көрсөтүү менен, ал эми башка жактардын аты-жөнү кызматы жана иш ордун көрсөтүү менен коштолот.
11.16. Сессиянын протоколу сессия аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде мамлекеттик тилде жол жоболоштурулат жана шаардык кеңештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиясынын токтомдорун жеткире иштөө үчүн сессиялардын протоколдорунун көчүрмөсү бир жумалык мөөнөттө жол жоболоштурулат.
11.17. Протоколдун түп нускасы шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмүнө сактоого берилет. Депутаттын суранычы боюнча аппарат ага протоколдун көчүрмөсүн берет.
11.18. Депутаттарды табелдик каттоо баракчалары шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
12.1. Шаардык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес шаардык кеңештин төрагасынын кол тамгасы түшүрүлгөн чакыруу кат менен чакырылат. Сессияга чакыруу кезектеги сессияга он күн калгандан кечиктирилбестен алдын ала кабар берилүүгө тийиш.
Сессияга шаардык Кеңештин депутаттардын жарымынан көбү катышса сессия мыйзамдуу деп эсептелинет.
Сессияда каралуучу маселе инициатордун демилгеси менен сессия белгиленген күндөн 20 күн мурда талкуланууга тийиш.
Шаардык кеңештин сессиясы кезексиз чакырылышы мүмкүн. Сессия шаардык кеңештин төрагасынын, туруктуу комиссиялардын, депутаттык фракциялардын жана шаардын мэринин жазуу түрүндөгү сунушу менен чакырылат.
Шаардык кеңештин сессиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жабык өткөрүлөт.
12.2. Жаңы чакырылыштагы шаардык кеңештин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына белгиленген тартипте чакырылат.
12.3. Шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери шаардык кеңештин сессиясында уюштуруу-техникалык иштери менен камсыз кылат:
-шаардык кеңештин депутаттарын кезектеги сессиянын күн тартибинде каралуучу маселелер менен сессия башталганга чейин он күн мурда кабарлайт;
-шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча документтердин долбоорун даярдоодо жана аларга өзгөртүү киргизүү менен оцдоолордо депутаттарга жакындан жардам көрсөтөт, анын ичинде шаардык кеңештин депутаттарын заманбап өз ара мамилесин уюштуруу жолу менен;
-шаардык кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча сессияда каралуучу маселелерди талкулоого зарыл болгон жактарды шаардык кеңештин сессиясына чакырат;
-депутаттарды каттоо жүргүзөт;
-сессияда төрагалык кылуучуга сессияны өткөрүүгө жардам берет.
12.4. Шаардык кеңештин сессиясы үчүн материалдарды таркатуу шаардык кеңештин төрагасынын, анын орун басарынын же сессияда торагалык кылган депутаттын визасы менен жүргүзүлөт.
12.5. Шаардык кеңештин сессиялары (күн тартибинин өзүнчө маселелерин кароо) жабык өтүү мүмкүн. Бир учурда(күн тартибинин маселелерин жабык кароо) сессия шаардык кеңештин сессиясынын жабык сессияларды өткөрүү жөнүндө (күн тартибинин маселелерин жабык кароо чечимине ылайык өткүрүлөт.
12.6. Сессияга катышкан депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
12.7. Бир жылдык ичинде жүйөлүү себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси, шаардык кеңештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессияларын бир жылдын ичинде жүйөлүү себептерсиз дайыма калтырганы, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаган учүн кеңештин депутаттары жалпы сандын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүүгө укуктуу.
Депутаттын шаардык кеңештин сессиясын калтыруунун жүйөөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, өргүү жана башка (сырттан окуса сессияга чакырган чакыруусу, сот, прокуратура, ички иштер органдары чакырган чакыруусу жана жакын туугандары сессия күнү каза болгондо) жүйөлүү себептер эсептелинет.
Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комиссиялары, зарыл учурда башка комиссиялар) түзүлөт.
12.8. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинде бүгүнкү күндө сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
12.9. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин аппараты менен бирге даярдаган шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылат.
12.10. Шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартиби шаардык кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калганда кечиктирилбестен, шаардык кеңештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
Муну менен бирге шаардык кеңештин аппараты шаардык кеңештин кезектеги сессиясына он күн калганда кечиктирилбестен бардык депутаттарга кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана меселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн, зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттоо жүргүзүүдө таркатылат.
Жергиликтүү кеңештин депутатынын сунуш каты, сессияга чейин туруктуу комиссиялардын кароосунда каралып жана тийиштүү туруктуу комиссиялардын кортундусунун негизинде сессияда каралат. Эгерде сунуш кат тийиштүү туруктуу комиссиялар тарабынан каралбаса же комиссия тарабынан кортунду берилбесе, ал материал сессияда каралбайт.
12.12. Шаардык кеңештин сессиясын, сессияда торагалык кылган алып барат. Сессияда торагалык кылган шаардык кеңештин төрагасы болуп саналат. Анын жогунда сессияда төраганын орун басары же торага, төраганын орун басары тапшырган же шаардык кеңештин протоколдук чечими менен башка депутат(өзүн-өзү баш тартпаган) торагалык кылат.
Сеесияда төрагалык кылган ал баяндамачы(кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
12.13. Шаардык кеңештин сессиясында торагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:
-эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүш-туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;
-шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоо үчүн чакырууга;
-депутаттарга жана кызматтык жактарга маалым кат алуу үчүн кайрылууга;
-пландалбаган кайымайтышууларды токтотууга;
-депутаты тартипке чакыруу, ушул Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык кеңешке сунуштоого;
-сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга.
12.14. Шаардык кеңештин сессиясынын учурунда төраганын уруксатысыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүчүлүгү жок.
12.15. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;
-сессияда депутаттардын укугун сактоону карманууга;
-сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоого
-сөз сүйлөө регламентинин убактысын сактоого, сөз сүйлөп жатканга белгиленген өтушү тууралуу өз убагында эскертүүгө контрол жүргүзүүгө;
-бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөө жана келип түшкөн тартиби боюнча добушка уга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
-кезеги менен сөз берүүгө;
-сессияны өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюуга, анын ичинде өзүнөн альтернативалуу сунуштарын;
-сессиянын катышуучуларына сый-урмат көрсөтүүгө, сессиянын катышуучуларына сөз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн өзү тыюуга, сөз сүйлөөдөн кийин түшүндүрмө берүүгө;
-эреже жана жол жобо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;
-аталыш боюнча добуш берүүгө коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берүүнүн бланкаларын толтурууну жетектоого.
1. Депутаттык мандат тош белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
2. Депутаттык мандаты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) Туруктуу жашоосунда депутаттык фракциялардын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) Депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) Ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) Депутаттык мандаты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде(шайлоонун жыйнтыгы анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) Депутат соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда.
6) Депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) Жыл ичинде кеңештин сессиясына жүйөлүү себептерсиз катарынан торт жолудан ашуун катышпаганда;
8) Депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) Кеңеш таркатылганда.
14.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдалануучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
-Кочкор-Ата шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 21 депутаттан турат.
-отурумда катышкандардын саны - добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеңештин депуттарынын саны.
14.2. Шаардык кеңеш чечимдерди сессияда ачык же жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү тууралуу шаардык кеңештин чечими, шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим чыгарууда калыс калуу» берүү менен шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ.
14.4. Ачык добуш берүүнүн алдында торага сессияда добуш берүүгө канча сунуш коюуларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынарын(шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан, сесияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет.
Кворум жок болсо, сессияда төрагалык добуш берүүнү шаардык кеңештин кийинки жылдырат.
ашыруун добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Гүзүлөт.
14.5. Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн, шаардык кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдарынын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссиясынын курамындагы өзүнүн ишин добуш берүү учурунда токтото турат
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер, эсептөө комиссиясынын сунушу жана шаардык кеңештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык кеңештин депутаттарынын тийиштүү саны боюнча эсептөө комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берүү бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун түрлөрү каралышы керек. Эсептоо комиссиясында калган бюллетендер, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда анын төрагасы тарабынан жок кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүү тартиби ушул Регламентке ылайык эсептоо комиссия тарабынан белгиленет жана эсептоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
14.6. Шаардык кеңештин ар бир депутатына анын депутаттык күбөлүгүнүн көрсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги аты-жөнүнүн тушуна кол коёт. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептоо комиссиясынын мүчөлөрү менен кол коюулууга тийиш.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетен эсептоо комиссиясы печаттаган атайын ящике салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашыруун оюн билдирүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добушун эсептөөдө белгисиз түрдөгү, депутаттардын оюу аныкталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептөө бюллетенге кошумча киргизүү эсептелинбейт.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү менен кол коюлат. Эсептоо комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын төрагасы чечим кабыл алагандыгын же кабыл албагандыгын жарыялайт. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин токтому менен жол жоболоштурулат .
Добуш берүүнүн жүрүшүндө каталыктар аныкталса, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.
14.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламентте башкача каралбаса.
14.8. Добушка коюлуучу сунуштар жана оцдоолор жарыяланат жана алардын демилгелери аталат.
15.1. Шаардык кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт.
Сессиялардын, отурумдардын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык кеңештин отурумдарын протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат:
-отурумду өткөрүү датасы, убактысы, орду;
-отурумда катышкан депутаттардын саны;
-сессиянын күн тартибиндеги маселелер;
-бул сессия үчүн депутаттардын арасында таркатылыган документтердин аталышы жана редакциясы;
-сессиянын төрагасынын жана сөз сөз сүйлөгөндөрдүн аты-жөнү;
-добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши;
Протокол сессиянын отурумунун төрагалыгы менен кол коюлат.
15.2. Шаардык кеңештин сессияларында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шардык кеңештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын отурумун өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду;
Сессияныны күн тартибин;
Сессиянын төрагалыгынын аты-жөнүн толук чагылдырылышы керек.
16.1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат. Шаардык Кеңештин токтомдору мамлекеттик тилде жол жоболоштурулат жана зарылчылык келип чыккан учурда расмий тилде жазылышы мүмкүн. Мамлекеттик тилдеги документ, түп нускасы болуп саналат.
16.2. Шаардык кеңештин токтомдору, сессияда шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
16.3. Шаардык кеңештин токтомдоруна шаардык кеңештин төрагасы кол коет. Шаардык кеңештин төрагасы жок болгон учурда, шаардык кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коёт.
16.4 Шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурулат.
17.1. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен киргизилген шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толутоолорду киргизүү тууралуу сунуштары шаардык кеңештин сессисынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
17.2. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын контролдоо шаардык кеңештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү шаардык кеңештин сессияларында берилет жана зарыл учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
17.3. Шаардык кеңештин Регламентин бузуу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет.
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кочкор-Ата шаардык кеңешинин иш тартибин аныктайт.