Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № XХII-8
Айыл аймагынын кээ бир коңуштарына айыл статусун берүү жана кайра атоо жөнүндө
Жер жерлерде өткөрүлгөн калктуу конуштардын жашоочуларынын чогулуштарынын токтомдору менен таанышып чыгып, күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун маалыматын, сөзгө чыккан айылдык кеңештин депутаттарынын сын-пикир, сунуштарын угуп жана талкуулап, айыл аймагынын кээ бир конуштарында калктын көчүп кетүүсүнүн алдын алуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну мындан ары өркүндөтүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди бир топ ыкчам чечүү, жергиликтүү аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жарандардын социалдык-маданий жана тиричиликтик керектоолөрүн бир топ натыйжалуу канааттандыруу, ал калктуу конуштарда укук тартибин жана мыйзамдуулукту сакталышын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” Жобонун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488-токтомунун редакциясына ылайык айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван райондук мамлекеттик администрациясына Төө-Моюн айыл аймагынын кээ бир конуштарын тиркемеге ылайык кайра атоо, жана аларга өз алдынча айыл категориясын берүү сунуш кылынсын.
2. Токтомду, зарыл болгон кошумча маалыматтарды райондук мамлекеттик администрациясына киргизүү жана бул иштерди аягына чыгаруу милдети айыл өкмөтүнүн башчысы С.Абдуллаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы боюнча иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп баруу жагы айлдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (төрайымы Б.Тагаева) тапшырылсын.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|
| Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №XXII-8 токтомуна тиркеме. |
К-р № | Конуштун мурдагы аталышы |
Жаңы аталышы | Конуштун мурдагы категориясы | Сунуш кылынган категориясы |
Эскертүү |
1 |
Дадахан |
“Биримдик” | “Ак-Шар” айылынын курамындагы конуш. |
Өз алдынча айыл | Мурдагы аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |
2 |
Жаштык |
“Жаштык” | “Сырт” айылынын курамындагы конуш |
Өз алдынча айыл | Мурдагы аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |
3 |
Эсенбай |
“Ак-Босого” | “Керкидан” айылынын курамындагы конуш |
Өз алдынча айыл | Мурдагы аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |
4 |
- |
“Төө-Моюн-Ата” |
Жаңы конуш |
Өз алдынча айыл | Аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |
5 |
МТФ |
“Ак-Тилек” |
Сары-Таш” айылынын курамындагы конуш |
Өз алдынча айыл | Мурдагы аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |
6 |
“Ынтымак” |
“Ынтымак” |
“Ак-Шар” айылынын курамындагы конуш |
Өз алдынча айыл | Мурдагы аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |
7 |
“Достук” |
“Достук” | “Жеке-Мисте” айылынын курамындагы конуш | “Жеке-Мисте” айылынын курамындагы калктуу конуш |
Мурдагы аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |
8 |
- |
“Ак-Бура” | “Ак-Шар” айылынын курамындагы көчө | “Ак-Шар” айылынын курамындагы конуш |
- |
9 | Найман айылынын участкасы | “Ак-Өргө” конушу | “Найман” айылынын курамындагы жаңы конуш | “Найман” айылынын курамындагы конуш | Мурдагы аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |
10 | Авиз айылынын участкасы | “Келечек” айылы | “Авиз” айылынын курамындагы конуш | Авиз айылынын курамындагы калктуу конуш | Мурдагы аталышы юридикалык жактан расмий жол жоболоштурулган эмес |