Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/284
Батырбек Тасмабеков жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Б.Тасмабековдун Ленин №17 көчөсүндөгү жайгашкан менчик дүкөнүнөн сырткаркы 673,0 кв. метр жеринин пайдалануу багытын турак-жай курууга өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Муса Жалил көчөсүнүн №7 үйүнүн тургуну Батырбек Тасмабековдун арызы канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Ленин №17 көчөсүндө жайгашкан менчик дүкөнүнөн сырткаркы 673,0 кв. метр жеринин пайдалануу багыты турак-жай куруу үчүн өзгөртүлсүн.
3. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш- кагаздарды даярдап берүү райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |