Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июну № 45
Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы №17-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы №17-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы №17-токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык комиссиянын курамы түзүлсүн. (тиркеме 1 баракта)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |
| Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы М.Султанов |
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын
Курамы
1. А.Тажибаев-Дара а/ө башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
2. Г.Акматбеков -Дара айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын тең төрагасы;
3. А.Мисиралиев-Дара айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
4. А.Сыдыков-Дара айыл өкмөтүнүн жер адиси;
5. Ш.Даминов-Дара айылдык кенешинин депутаты;
6. _________ - Баткен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлү; (макулдашуу менен)
7._____________ - Баткен районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү; (макулдашуу менен)
8. Тургунов Кожомберди - Жаны-Жер айылынын тургуну;
9. Анапияев Рысбай - Чек айылынан аксакалдар кенешинин төрагасы;
10. Мамылов Токтоназар -Жанырык айылынын айыл башчысы;
11. Айдаров Илимбек - Жаны-Жер айылынын айыл башчысы;
Жооптуу катчы | А. Мисиралиев |