Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин1998-жылдын 3-апрелиндеги № 87 Указы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңеши жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17-августундагы ПУ № 208 Указынын редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңеши (мындан ары - Өнүгүү боюнча кеңеш) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мамлекеттик бийлик бутактарынын иш-аракетин координациялоо жана алардын мамлекеттик эмес уюмдар менен Кыргыз Республикасында адамдын омоктуу өнүгүшүнө жетишүү боюнча өз ара шайкеш иш-аракети үчүн түзүлгөн координациялоочу органы болуп эсептелет.
2. Өнүгүү боюнча кеңешке Кыргыз Республикасынын Президенти жетекчилик кылат.
3. Өнүгүү боюнча кеңештин иш-аракетинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана нормативдик актылары жана ушул Жобо түзөт.
II. Өнүгүү боюнча кеңештин негизги милдеттери
4. Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- адамдын омоктуу өнүгүшү жаатында улуттук деңгээлде бирдиктүү саясатты аныктоо жана камсыз кылуу;
- бардык мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдырынын жана мамлекеттик эмес уюмдардын Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча шайкеш иштешин жана максатка багытталган өз ара иш-аракеттерин камсыз кылуу;
- адамдын омоктуу өнүгүшүнүн чөйрөсүндө социалдык жактан багытталган жалпы улуттук бирдиктүү саясатты калыптандыруу үчүн инвестициялык иш-аракетти, социалдык өнүгүүнү жана адамдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча улуттук жана эл аралык программаларды, техникалык жана башка жардамдарды координациялоо;
- жергиликтүү, республикалык жана эл аралык деңгээлдерде Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегияны жайылтуу жана алдыга жылдыруу.
- 2015-жылга чейинки мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча комплекстүү программаны иштеп чыгуу, анын ишке ашырылышын камсыз кылуунун улуттук программаларын даярдоону уюштуруу жана адамдын омоктуу өнүгүшү жаатында мурда кабыл алынган программаларды координациялап, ишке ашыруу;
- өлкөнүн кеңири коомчулугун Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясынын максаттарын ишке ашыруу үчүн тартуу;
- чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун адамдын омоктуу өнүгүшү жаатындагы Өнүгүү программасы менен өз ара аракеттенүү;
- Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аларды аткаруу боюнча иш-аракетине контролдук кылуу.
III. Өнүгүү боюнча кеңештин аткаруучу иштери
5. Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңеши төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Кыргыз Республикасында адамдын жана коомдун өнүгүшүнүн абалын комплекстүү түрдө талдоого алат;
- адамдын омоктуу өнүгүшүнө байланыштуу укук, башкаруу, коомду бириктирүү, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, адамдын коопсуздугунун негизги коркунучтарын, барыдан мурда жакырчылыкты жоюу, ошондой эле табигый, адамдык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү, экономиканын атаандаштык жөндөмүнө жетишүү боюнча маселелерди карайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиянын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон нормативдик-укуктук актыларды жана уюштуруу чараларын кабыл алуу боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасындагы Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиянын айрым багыттары боюнча улуттук программалардын иштелип чыгышын жана жүзөгө ашырылышын, ошондой эле алардын ишаракетин контролдоону жана ага баа берүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасында адамдын омоктуу өнүгүшүнүн максаттарына жетишүү үчүн артыкчылыктуу долбоорлор менен программаларды тандайт жана аларды ишке ашыруу үчүн сунуш кылат;
- Кыргыз Республикасынын бардык борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиянын максаттарына жетишүү боюнча иш-аракеттерин координациялат;
- коомдун омоктуу өнүгүшү боюнча мурда түзүлгөн улуттук жана ведомстволор аралык комиссиялардын, улуттук программалардын жана улуттук фонддордун иш-аракеттерин координациялайт жана контролдойт;
- Адамдын омоктуу өнүгүшүнүн маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиясын максаттарына жетишүү боюнча мамлекеттик эмес уюмдар менен өз ара аракеттенишин координациялайт;
- Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча улуттук стратегиянын алкагында программалардын жана долбоорлордун ишке ашырылышынын мониторингин жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасында адамдын омоктуу өнүгүшүнүн максаттарына жетишүү үчүн инвестициялоону жана техникалык жардамды пайдаланууну контролдойт;
- адамдын омоктуу өнүгүшү жаатында чет өлкөлүк өнөктөр менен кызматташат;
- адамдын омоктуу өнүгүшүнүн максаттарына жетишүүгө таасир этүүчү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларынын сакталышына карата контроль жүргүзөт, аныкталган кемчиликтерди жана мүчүлүштүктөрдү, алардын пайда болушуна өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чара көрөт.
IV. Өнүгүү боюнча кеңештин курамы
6. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңешинин төрагасы болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча анын жыйналыштарынын ортосундагы мезгилде ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жетекчилик кылат жана чет өлкөлүк өнөктөр жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде ага өкүлчүлүк кылат.
Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңештин курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарынын Төрагалары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы, адамдын омоктуу өнүгүшүнүн маселелери боюнча Республикалык коомдук эксперттик кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын областтарынын губернаторлору жана Бишкек шаарынын өз алдынча башкаруусунун башчысы.
Өнүгүү боюнча кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат.
V. Өнүгүү боюнча кеңештин ишинин тартиби жана анын иш-аракетин камсыз кылуу
7. Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңешинин иши анын төрагасы тарабынан бекитилген план боюнча жүзөгө ашырылат. Өнүгүү боюнча кеңештин жыйналыштары жарым жылда бирден кем эмес өткөрүлөт. Анын күн тартибин Өнүгүү боюнча кеңештин катчысынын сунушу боюнча төрага аныктайт.
Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңештин жыйналыштарынын чечими түрүндө жазылып, ага Кыргыз Республикасынын Президенти кол коет.
Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңештин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик укуктук актылары иштелип чыгууга тийиш жана кабыл алынышы мүмкүн.
Өнүгүү боюнча кеңеш иш-аракетинин негизги милдеттерине жана багыттарына ылайык адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча жергиликтүү кеңештерди, ошондой эле зарылчылыгына карай-улуттук жана ведомстволор аралык комиссияларды, жумушчу топторду, консультациялык кеңештерди жана башка органдарды борбордо жана жер-жерлерде түзө алат.
8. Өнүгүү боюнча кеңештин иш-аракети анын жумушчу органы - Кеңештин Секретариаты тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Премьер-министрдин Аппараты менен бирдикте камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңешинин секретариаты Кеңеш менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана коомдук уюмдардын өз ара аракеттенишин камсыз кылууну ишке ашырат, Өнүгүү боюнча кеңеш тарабынан иштелип жаткан программаларга жетекчилик кылат, алардын чечимдеринин ишке ашырылышын контролдойт.
Жалпы улуттук деңгээлде адамдын омоктуу өнүгүшүнүн стратегиясынын комплекстүү ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү максатында Кеңештин Секретариаты өзү курамында аймактык ресурстук борборлорду, окутуучу борборлорду жана башка көмөкчү органдарды борбордо жана жер-жерлерде түзөт. Өнүгүү боюнча кеңештин Секретариаты Өкмөт Үйүнүн имаратында жайгашат.
Кеңештин секретариатына өнүгүү боюнча Кеңештин катчысы башчылык кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча кеңешинин катчысы:
- Кыргыз Республикасында аламдын омоктуу өнүгүшү боюнча маалымат менен Кеңешти камсыз кылат; Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин түзөт, каралып жаткан маселелер боюнча зарыл материалдарды даярдоо ишин координациялайт; Өнүгүү боюнча кеңештин иш боюнча документтерине кол коет;
- Кеңештин кароосуна чечимдердин жана нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун сунуш кылат, Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына контролдук кылат;
- өнүгүү боюнча жергиликтүү кеңештердин, адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча ведомстволор аралык комиссиялардын, консультациялык кеңештердин жана жумушчу топторунун иштерин координациялайт;
- эксперттик, изилдөө иштерине мамлекеттик жана башка уюм, мекемелерди, алардын айрым кызматкерлерин, анын ичинде келишимдик негизде ишке тартат;
- Өнүгүү боюнча кеңештин максат, милдеттеринин аткарылышын камсыз кылууну уюштурат;
- адамдын омоктуу өнүгүшү боюнча Кеңештин чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын конкреттүү аткаруучуларга жеткирет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 17-августундагы ПУ № 208 Указынын редакциясына ылайык)