Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1998-жылдын 7-майы ПУ № 152
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын
16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот
реформасын тездетүү боюнча кээ бир
уюштуруу чаралары жөнүндө" Указына
өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралу
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндө" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча комиссия жөнүндөгү жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун төртүнчү абзацында "катчысы" деген сөз "төрагасы" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Жогоруда аталган указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Бейшеналиева Нэля Николаевна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Шаршеналиев Асанбек Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча комиссиянын катчысы болуп дайындалсын;
- Гутниченко Лариса Викторовна Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынан чыгарылсын.
3. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |