ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция25.07.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 25-июлу ПЖ № 140

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоо алкагында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөрдүн күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасында сот-укук реформасы тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндө" Указы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 7-майындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Указы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 10-июлундагы № 230 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Указы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 17-сентябрындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Указы;

5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 22-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Указы;

6) Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы № 281 "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жөнүндө" Жарлыгы;

7) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 18-июлундагы "Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча Улуттук комитетти түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-августундагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

9) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 12-июндагы № 272 "Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын башкарууну реформалоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

10) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-февралындагы № 46 "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Атамбаев