ЖарлыкКүчүн жоготту

КР Президентинин 1998-жылдын 7-майындагы ПУ № 152 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы «Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндө» Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Президентинин 2012-жылдын 25-июлундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

1998-жылдын 7-майы ПУ № 152

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын

16-мартындагы "Кыргыз Республикасында сот

реформасын тездетүү боюнча кээ бир

уюштуруу чаралары жөнүндө" Указына

өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралу

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 16-мартындагы № 75 "Кыргыз Республикасында сот реформасын тездетүү боюнча кээ бир уюштуруу чаралары жөнүндө" Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча комиссия жөнүндөгү жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун төртүнчү абзацында "катчысы" деген сөз "төрагасы" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Жогоруда аталган указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча комиссиянын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Бейшеналиева Нэля Николаевна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Шаршеналиев Асанбек Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Сот реформасы боюнча комиссиянын катчысы болуп дайындалсын;

- Гутниченко Лариса Викторовна Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынан чыгарылсын.

3. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А.Акаев

 

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев