Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы № 85
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXVII сессиянын №230 токтомунда кɵрсɵтүлгɵн шаардагы муниципалдык менчик жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептɵɵлɵргɵ ɵзгɵртүүлɵрдү жана толуктоолорду киргизүү жɵнүндɵ
Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдын 23-январындагы 24/08-6- депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын №230-токтомунда көрсөтүлгөн шаардагы муниципалдык менчик жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөргө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун №15-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутатардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын №230-токтомунун 1-3-тиркемелери өзгөртүлүп төмөндөгү редакцияда окулсун;
-Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө №1-тиркемеге ылайык;
-имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды) анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө №2-тиркемеге ылайык;
-Ош шаары боюнча экономикалык-пландаштыруу зоналарынын картасы №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди жана имараттарды, анын ичинде административдик имараттарды пайдалануу ижара келишими боюнча жаңы эсептөө төлөмдөрү 2013-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А. Алимбекова) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктɵлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин тɵрагасы |
Т. Сабиров |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагы кезектеги VI сессиясынын № 85-токтомуна №1 тиркеме |
Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, КРнын Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, «Айыл чарба багытындагы жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын 27-беренесинин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 14-июнундагы №587-токтомун эске алып жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт.
Ап - бир айлык ижара акысы;
Н - Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
-өнөр жай, курулуш, кампа ишканалары; - 0.5
-бассейндер, көлөкөлөтүү үчүн курулган навестер; -1,5
-кичи-базарлар, соода сатык комплекстери, офистер, компьютердик класстар, бизнес борборлор, биржалар; -4
-нан сатуучу түйүндөр, турмуш тиричилик жактан тейлөө, байланыш түйүндөрү, газета сатуу түйүндөр, башка жактан кирүүчү түзүлүштөрү бар кайра жасалган
квартиралар; - 6
-сүрөт тартуу түйүндөр, банктар, ломбарддар, оюн-зоок жайлары (казино, түнкү клубдар), акча алмаштыруу түйүндөрү, дүкөндөр, киосктор, ларектор,
дүкөндүн алдына чыгарып жүргүзүүчү соода, көчөдөгү соода түйүндөр; -.7
-убактылуу аянтчалар, коомдук тамак аш, мейманканалар, автосервис түйүндөрү ; -8
-Ош шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген банктар, акча алмаштыруучу жайлар жана соода түйүндөрүнүн зонасына карабастан бир чарчы метр (1м2) жер тилкеси 94 сомдон кем эмес болсун. -реклама илинген жайлар; 30
-уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан биринчи зона менен чыгарылып, бирок бир айлык ижара акы 2925 сомдон кем эмес болсун.
Ошондой эле азыркы учурда сезондук соода-сатыктардын төмөндөгүдөй таблицалык формасы бекитилсин. Эгерде жайгашкан жери бардык талаптарга жооп берген болсо үч айга келишим түзүлсүн:
№ | Сооданын аталышы | Ижара келишиминин мɵɵнɵтү | Ижара акысынын болжолдуу суммасы |
1 | Дарбыз, коон | 1 ай | 500 |
2 | Жашылча-жемиштер | 1 ай | 500 |
3 | Газ суу, шербет ж.б суусундуктар | 1 ай | 500 |
4 | Балмуздак | 1 ай | 500 |
К2-зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы:
1-зона үчүн-2,6
2-зона үчүн-2,2
3-зона үчүн-1,8
4-зона үчүн-1,4
5-зона үчүн -1
6-зона үчүн-0,8
7-зона үчүн -0,5
Эгерде К1 коэффициенти айрым обьектилер боюнча жогоруда көрсөтүлбөсө, курулуш курулбаса же курулуп бирок иштелбей турса, К1 коэффициентине 1 коэффициентин колдонууга жол берилет.
Айрым бир учурларда, эгерде жер тилкеси эл абдан көп жерде, көчөлөрдүн кесилишинде, чоң мекеме иш каналардын жана административдик борборлордун жанында жайланышкан болсо К1 коэффициента 1,1 ден 2.0 ге чейинки түзөтүү коэффициенттери колдонууга жол берилет бул учурда негиздөө тийиштүү адистер тарабынан эсептөө корутундусу же акт түрүндө түзүлөт.
- көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица №1):
Таблица №1
Кɵрктɵндүрүү жана жашылдандыруу | 50гɵ чейин | 51-100 | 101-200 | 201-300 | 301-500 | 501-1000 | 1000ден жогору |
Баасы: кв. м. (сом кв. м) | 0.6 | 0.52 | 0.44 | 0.4 | 0.32 | 0.24 | 0.2 |
Апз = (SxC);
Апз - жер тилкеси үчүн айлык ижара акынын өлчөмү;
S - жер тилкесинин аянты;
С - ижара акынын нормативдик ставкасы (сом. кв.м).
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңещинин 2013-жылдын 14-февралындагы кезектеги VI сессиясынын № 85-токтомуна № 2-тиркеме |
Бул эсептөө Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясынын 2003-жылдын 28-мартындагы №8-пк токтомуна жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан, ошондой эле ижара акыны эсептөө жана муниципалдык менчиктин ижара келишимдерин бекитүү тартибин аныктайт.
Муниципалдык имараттарды (имараттардын ичиндеги жайларды мындан ары жайларды) пайдалангандыгы үчүн айлык ижара акынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Бул жерде;
Аг.пл. - жай (имарат) үчүн ижаранын айлык акысынын өлчөмү;
Тб - 200 сомго барабар болгон 1 кв.м. үчүн жылдык ижара акынын базалык тарифи;
К1- жайдын орун алуу коэффициенти;
К2- техникалык тузулуш (обустройство) коэффициенти;
КЗ- жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
К4- жайдын орунга жайгашуу коэффициенти;
S- жайдын аянты;
Эсептөөнү колдонууда коэффициенттердин чоңдугу төмөнкү критерии боюнча аныкталат.
1. бɵлɵк жайгашкан имарат
2. имараттын ичиндеги жай
3. кошумча курулган жай
4. жарым жер тɵлɵɵ (цоколь)
5. жер тɵлɵɵ жай
1. суу түтүгү, канализация, ысык суу, борбордук жылуулук
2. суу түтүгү, канализация, борбордук жылуулук
3. суу түтүгү, канализация, борбордук жылуулук
4. борбордук жылуулук
5. суу түтүгү, канализация
6. техникалык эч кандай түзүлүш жок
1. Сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканалары; - 0,5
2. Гараждар, кампалар жана башка көмөкчү жайлар;- 0,3
3.Турмуш-тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары кийимдерди, кийимдерди, үй тиричилигине керектүү буюмдарды ремонттоо, химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, косметикалык салондор, прокат пункттары, мончолор); - 0,4
4. Нан жана нан азыктарын, сүт азыктарын, азык -түлүк товарларын, кондитердик азыктарды, алкоголсуз ичимдиктерди, дары -дармектерди сатуу үчүн пайдалануучу аянттар, тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак аш ишканалары, долбоордук изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын аудиториялардын, почталык, медициналык, спорттук –ден соолукту чындоочу кызмат көрсөтүү жайлары, өндүрүштүк максатта айдалануучу жайлар; - 0,5
5. Автомобилдерди, эсептөө техникаларын жана башка жабдууларды ондоо жана техникалык тейлөө, материалдарды ксеро-көчүрмөлүк иштетүү үчүн жайлар.;- 0,7
6. башка соода ишканалары; - 0,8
7. электрондук, компютердик жана башка көңүл ачуу оюндар залдары -1,3
8. офис үчүн пайдаланылуучу жайлар; - 1,5
9. финансы мекемелери, камсыздоо компаниялары, биржалар; - 2,0
11. ресторандар, барлар, кафелер, дискотекалар, сауналар; -2,5
12. валюта алмаштыруучу кассалар видно продукциялардын жазуу жана прокат пункттары ; - 3,0
13. казино, бильярд, кумар оюндары салондору; - 4,0
14. 1-12 позицияларда көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар - 4,0
Бул коэфициентти аныктоодо, ижарага бериле турган жайга болгон суроо талап, анын жака белин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, аймактык -экономикалык зонанын мүнөздөмөсү жана жогоруда көрсөтүлгөн коэффициентер менен эске алынбаган жайдын башка сапат критерийлери эске алыныш керек.
1. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги, зоналоонун биринчи жана экинчи квадратында жайланышкан, турак жайга кирбеген имараттар, курулуш жайлар же жайлар үчүн; 2,1
2. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги, зоналоонун үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайгашкан кыймылсыз обьекттер үчүн -1,7
3. Зоналоонун биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайланышкан обьекттерден тышкары; - 1,5
Эгерде, баланс кармоочунун ижарага берүүчү 1 кв.м. аянтты кармоого кеткен чыгымы эсептелген Тб өлчөмүнөн көп болсо, *бул учурда 1 кв.м. жылдык ижара акысы сапатында баланс кармоочунун чыгымы кабыл алынат.
Ош шаарынын муниципалдык менчигине караштуу имараттарды (жайларды) пайдалангандыгы үчүн ижара акы бул эсептөө боюнча эсептелген ижара акынын өлчөмүнөн тɵмɵн боло албайт.
Ижара акынын өлчөмү имаратты жана жайды эксплуатациялоо жана майда (текущий) ремонт боюнча кеткен жана ошондой эле жылуулук берүү жана коммуналдык кызмат үчүн кеткен чыгымдары камтыбайт.
Айлык ижара акы, ижарачы тарабынан, келишимге ылайык төлөнүүчү так белгиленген төлөмдөр суммалары түрүндө, 10 банктык күндө, жергиликтүү бюджетке толугу менен өткөрүп берүү баланс кармоочунун эсеп счетуна төгүлөт.
Ижара акынын өлчөмү, келишимде каралаган мөөнөттөрдө өзгөртүлүшү мүмкүн. Бирок өзгөртүү бир жылда бир жолудан көп болбошу керек.
Ижара акынын өлчөмү жөнүндө жактар тарабынан жазуу түрүндɵ макулдашылган шарттар жок болсо, анда ижара келишими түзүбөгөн болуп эсептелет.
1. Мисал. Борбордук ооруканада жайгашкан, турак - жайга кирбеген өлчөмү 125,73 кв.м болгон жай үчүн ижарачы төмөндөгүдөй айлык ижара акыны төлөйт:
Аг.пл = Тб х (1+К1+К2+КЗ) х К4 х S : 12
Аг.пл. = 200х(1 +0,5+0,2+0,5) х 2,1 х 125,73 : 12 = 9681 сом айына, 1 кв.м. үчүн 76,99 сом
2. Мисал. Балдардын жугуштуу оорууга каршы ооруканасында жайгашкан, турак - жайга кирбеген өлчөмү 12,0 кв.м болгон даарыкана пункту үчүн ижарачы төмөндөгүдөй айлык ижара акыны төлөйт:
Аг.пл = Тб х (1+К1+К2+КЗ) х К4 х S : 12
Аг.пл. = 200х(1+0,4+0,0+0,5) х 2,1 х 12,0 : 12 = 798 сом айына, 1 кв.м. үчүн 66,5 сом
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З. Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 14-февралындагыкезектеги VI сессиясынын № 85 токтомуна № 3- тиркеме |
1-зона
-«Прима-Hyp» кичи базарынын району (Ош району), И.Раззаков проспектиси он жагынан Карасуу көчөсү менен кесилишкен жерден төрт көчөгө чейин, Т.Турсунбаева көчөсү менен кесилишкенге чейин
(Привокзальный), сол жагынан Салиева көчөсү менен кесилишкенге чейин; -Беш-Көпүрө көчөсү Раззаков проспектиси менен кесилишкен жерден Аралская көчөсүнө чейин;
-«Пичугин» атындагы сквер ( Космонавтар сквери)
-Зайнабидинов көчөсү, Үч-Көчө көчөсү, Базар көчөсү, борбордук базар;
-Ош көчөсү «Кара-Суу-Дан-Азык » акционердик коомунун кичи базарынан
«Фрунзе» атындагы мектебине чейинки аймакты кошо камтыйт;
-Кара-Суу көчөсү «Кара-Суу-Дан-Азык» акционердик коомунун кичи
базарынан Навои мектебине чейин;
-Кара-Суу көчөсү Үч көчө көчөсү менен кесилишкен жерден Масалиев проспектисине чейин;
-А.Навои паркынын аймагы;
-Ленин көчөсү Р. Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден Мамажан көчөсүнө чейин, Шейит-Төбө аймагы кошулат, Ленин көчөсүндөгү №551-үйгө чейинки аймакты кошо камтыйт;
-Курманжан-Датка сквери (Ош универмагынын жанында); -Мамажан көчөсү Базарный көчөсү менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсүнө чейин;
-(Араванский району) Курманжан-Датка көчөсү Моминов көчөсү менен кесилишкен жерден А.Навои көчөсү менен кесилишкенге чейин, Г.Айтиев көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев көчөсүнө чейин; -Шаардык сквер «Алымбек-Датка» айылы; -Бакыт үйүнүн алдындагы сквер;
-Фрунзенский кичи базарынын району, Курманжан-Датка көчөсү М. А. Джиннах (Советский) көчөсү менен кесилишкен жерден Грибоедов көчөсүнө чейин;
-Масалиев проспектиси Монуев көчөсү менен кесилишкен жерден он жак сол жак тарабын кошо камтыйт Верхне-Увамская качөсүнө чейин (Ош областык клиникалык ооруканасынын аймагынын акырына чейин); - Масалиев проспектиси Кара-Суу көчөсү менен кесилишкен (Ош району) жерден Ленинград көчөсүнүн жанындагы А. Масалиевдин эстелигине чейин жолдун он жак сол жак тарабын кошо камтыйт;
-Б.Осмонов көчөсү Р.Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден Күкүмбий көчөсүнө чейин;
-Күкүмбий көчөсү Б.Осмонов көчөсү менен кесилишкен жерден №113-маршруттун акыркы аялдамасына чейин;
-Р.Абдыкадыров көчөсү А.Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
№2-зона
-Мажрүмтал көчөсү Навои көчөсү менен кесилишкен жерден «Кымыз-Бар» кафесине чейин
-Б.Осмонов көчөсү Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден «Олигарх» (Мундуз) рестораны «Нирвана» кафесине чейин;
-Курманжан Датка көчөсү М.А.Джиннах (Советский) көчөсү менен кесилишкен жерден Моминов көчөсүнө чейин;
-ОшМУнун медицина институтунун каршысындагы «И.Раззаков» атындагы сквери;
-В.И.Ленин атындагы борбордук аянт;
-Ленин көчөсү Ломоносов көчөсү менен кесилишкен жерден Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейин;
-Областык мамлекеттик администрация менен чиркөөнүн ортосундагы сквер; -Кыргыз драма театрынын айланасындагы театралдык сквер;
-Амир-Темир (Калинин) көчөсү Г.Айтиев көчөсү менен кесилишкен жерден Мамыров көчөсүнө чейин;
-Мамыров көчөсү Курманжан Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Амир-Темир көчөсүнө чейин;
-Ош Кыргыз Өзбек университетинин району «Жетиген» кафеси жана анын айланасы, Ташкентский көчөсүнө чейин; -Жеңиш паркы;
-«Айкөл» кафесинин району, «Курманжан Датка» ( Юго-Восток) кичи районунун сквери, 2-маршруттун акыркы аялдамасын кошо камтыйт, Мирсаатов көчөсүнө чейин;
-Г.Айтиев көчөсү Алиев көчөсү менен кесилишкен жерден тартып «Сулайман-ТОО» АЗСине чейин;
-Нурматов (Голубев) көчөсү толугу менен Ленин көчөсүнөн А.Шакиров көчөсүнө чейин;
№3-зона
-А.Масалиев проспектиси «А.Масалиевдин» эстелигинен баштап Нурматов көчөсүнүн кесилишине чейин;
-«Сулайман-ТОО»сунун жака бели;
-«Токтогул» атындагы парктын аймагы, бассейндин айланасындагы аймакты кошо камтыйт;
-И.Раззаков проспектиси Т.Турсунбаева (Привокзальный) көчөсүнөн «Гулкайыр» дүкөнүнө, Госрегистрге бурулган көчөгө чейин;
-Гренажный көчөсү Нурматов көчөсү менен кесилишкен жерден А.Шакиров көчөсүнө чейин (жибек) комбинатынын скверинин району;
-Р.Абдыкадыров көчөсү К-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев (Хохлов) көчөсүнө чейин;
-Мамыров көчөсү Амир-Темир көчөсү менен кесилишкен жерден Б. Осмонов көчөсүнө чейин;
-Абдыкадыров көчөсү Курманжан Датка көчөсү менен кесилишкен жерден А.Навои көчөсүнө чейин, Р.Абдыкадыров көчөсү А.Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден Кара-Суу көчөсүнө чейин (Ош району), Үч-көчө, Зайнабидинов көчөлөрүндөгү кварталдар ичиндеги аймактар; -А.Шакиров көчөсү Ташкентский көчөсү менен кесилишкен жерден И.Монуев көчөсүнө чейин;
-Ленин көчөсү Водопроводный көчөсү менен кесилишкен жерден Нурматов (Голубев) көчөсүнө чейин;
-Асранкулов көчөсү «Токтогул» атындагы парктан Алиев (Хохлов) көчөсүнө чейин;
-Г.Айтиев көчөсү «Сулайман-ТОО» АЗСинен тартып Б.Осмонов-Ахмедов көчөлөрүнүн кесилишине чейин;
-Р.Абдыкадыров көчөсү Амир-Темир көчөсү менен кесилишкен жерден Б.Осмонов көчөсүнө чейин;
-К-Датка көчөсү А.Навои көчөсү менен кесилишкен жерден тартып Касымбеков көчөсүнө чейин;
-Ленин көчөсү №551-үйдөн, Касымбеков көчөсүнүн кесилишине чейин; -«Амир-Тимур» кичи району; ( С. Айни -Имам Ата көчөлөрү)
№ 4- зона
-М.Алымбеков (Фрунзенский) көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсүнө чейин;
-Раззаков проспектиси «Гулкайыр» дүкөнүнөн Госрегистрге бурулган көчөдөн Касымбеков көчөсүнө чейин;
-Навои көчөсү К-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Алебастров көчөсүнө чейиң;
-К-Датка көчөсү Суюмбаев көчөсү менен кесилишкен жерден М.Алымбеков (Фрунзенский) көчөсүнө чейин;
-Эргешов (Чапаев) көчөсү Ленин көчөсү менен кесилишкен жерден Алиев көчөсүнө чейин;
-Ашимахунов көчөсү А.Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден эски нефтебазага чейин;
-Алиев көчөсүндөгү сквер М.А.Джиннах (Советский) жана Асранкулов көчөлөрүнүн ортосу;
-«Ата-Түрк» сквери, «Кыргызстан» кинотеатрынын аймагы, Г.Айтиев көчөсүнө чейин; -Областык төрөт үйүнүн аймагы Школьный, Шота-Руставели көчөлөрү, областык СЭСтин айланасындагы аймактар, Урицский көчөсү, Школьный көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейин;
-Касымбеков көчөсү, И.Раззаков проспектиси менен кесилишкен жерден Салиева көчөсүнө чейин;
-«Ак-Тилек» кичи району толугу менен; -Т.Турсунбаева ( Привокзальный) көчөсү толугу менен;
-И.Раззаков проспектиси Касымбеков көчөсү менен кесилишкен жерден темир жол өтмөгүнө чейин;
№5-зона
-Күкүмбий (Подгорный) көчөсү №113-маршруттун акыркы аялдамасынан Бекбалаев көчөсүнө чейин;
-«Нуманжан» кичи базарынын району (Геологдор шаарчасы), Суюмбаев
(Шахтерский) көчөсү, Низами көчөсү;
-«Туран» кичи районунун бардык аймагын камтыйт;
-Төлөнов көчөсү, Низами көчөсү менен кесилишкен жерден Ишматов (Южный) көчөсүнө чейин;
-Ишматов көчөсү Төлөнов көчөсү менен кесилишкен жерден №9-жана №22-маршруттардын акыркы аялдамасына чейин, кичи базардын аймагын кошо камтыйт; -Р.Абдыкадыров көчөсү Алиев көчөсү менен кесилишкен жерДен Амир-Темир көчөсүнө чейин;
-Ленин көчөсү «Төлөйкөн» айылынан баштап Водопроводный көчөсү менен кесилишкен жерге чейин;
-Касымбеков көчөсү Салиева көчөсү менен кесилишкен жерден К-Датка көчөсүнө чейин.
№ 6-зона
Ош шаарынын ички кварталдык аймактары;
№7-зона
Ош шаарынын чет жактарындагы Амир-Тимур, Туран, Ак-Тилек, Манас-Ата кичи райондорундагы аты аталбаган көчөлөр жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |