Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 2
Айылдык Кеңештин жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2015-жылга аткарылышын бекитүү жана 2016-жылга кабыл алуу
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга аткарылышы, 2016-жылга киреше, чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ленин айылдык кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн 2015- жылга такталган кирешелердин аткарылышы атайын каражаттар менен 10671,2 мин сом өлчөмүндө № 1 тиркеме ,чыгашалар бөлүмдөр , статьялар аралык жылдыруулар менен 9943,1 мин сом өлчөмүндө № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2017-жылга божомолу 4033,6мин сомго, теңдөө грантынын божомолу 5117,4мин сомго, ал эми 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолу 4068,4 мин сомго,теңдөө грантынын божомолу 5262,4 мин сомго жактырылсын.
3. 2016- жылга бюджеттин кирешелер долбоорунун көлөмү жалпысынан 10462,4 мин сом анын ичинен теңдөө гранттын көлөмү 6023,3мин сом , жергиликтүү бюджет 3389,1мин сом, атайын каражат( ата-энелер төлөмү) менен 1050,0 мин сом № 3 тиркемеге ылайык ал эми чыгымдардын көлөмү бөлүмдөр, беренелер боюнча 10462,4 мин сом өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2016- жылдын 1 -январына казынадагы жергиликтүү бюджетте калган калдык 929,4 мин сомду түзөт,анын 450,0 мин сому ЖКХ бөлүмүнүн 3111 имараттар жана курулмалар статьясына, 30,0мин сому 22154900 статьясына,ал эми 290,0 мин сому Маданият бөлүмүнүн 2221 статьясына ,89,4мин сому башкаруу бөлүмүнүн 2221статьясына,40,0 мин сому башкаруу бөлүмүнүн 3112 статьясына жана 30,0 мин сому башкаруу бөлүмүнүн 22154900 статьясы үчүн № 5 тиркемеге ылайык чыгымдалсын.
5. 2016- жылга Республикадан берилген теңдөө гранты ,жергиликтүү кирешелер биринчи кезекте эмгек акы жана соц фондго чегерүү, тамак –аш, көмүргө, коммуналдык чыгымдарды каржылоого багытталсын .
6. Кыргыз Республикасынын “бюджеттик укуктарынын негизги принциптери “жөнүндө мыйзамынын 21- статьясына ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. 2016-жылдын 01.01. кассадагы калдык 155604 сомду төмөнкү беренелерге:
2111- 4872 сом,2211-12942 сом,2212-7400 мин сом ,2231-15000сом жана 22154900-115390 сом № 6 тиркемеге ылайык чыгымдалсын.
8. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өзүн –өзү башкаруу жана мамлекеттик администрация» жөнүндөгү мыйзамынын № 50 статьясына ылайык айыл өкмөтүнө 2 айыл башчы штат бирдиги кармалсын жана эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен төлөнсүн.
9. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу үчүн кол тийбестик фондко 50,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. К.Р Өкмөтүнүн № 384 28.06.2013-жылдагы № 403 08.07. 2013-жылдагы токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги жана эмгек акысы № 7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын “ Муниципалдык кызмат жөнүндө “ мыйзамынын -№ 17 жана № 28 беренелерине ылайык айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине материалдык жактан колдоо максатында,өзүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниеттүүлүк менен аткарган муниципалдык кызматкерлерге сыйлык төлөп берүү көрсөтүлсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011 - жылдын 13- сентябрындагы № 545 токтомуна ылайык маданият кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кошумча төлөөлөр № 8 тиркемеге ылайык төлөнүп берилсин.
13. Айыл өкмөтүндө жыйналган атайын каражаттардын суммасын казына аркылуу пайдаланылсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% республикалык бюджетке алынышы белгиленсин.
14. Айыл өкмөтү боюнча жүгүртүүдөгү накталай акча 2017-жылдын 1 –январына карата 30,0- мин сом суммасында белгиленсин.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жыл 2-мартындагы № 87 токтомунун талабына ылайык айыл аймагындагы жалпыга билим берүүчү Ю.А.Гагарин,С.Жээнбеков,А.Тажибаев атындагы орто мектептерине, ”Байчечекей” балдар бакчасына электр энергиясына лимит бөлүндү жана бекитилген лимитти сактоо жагы ар бир мекеменин жетекчилигине эскертилсин.
16. Ленин айылындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер төлөмүнөн түшүүчү ( атайын каражат) суммасы 650,0 мин сомго бекитилип,чыгымдары балдардын тамак-ашына багытталсын.
17. 2016- жылда жергиликтүү бюджетке жыйналган кошумча кирешелер айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен пайдалануу белгиленсин.
18. Айыл өкмөтүндө жүзүм жана бак-дарактарды айыл тургундары сулуу аянтка айландыргандарына байланыштуу жер салыгы жана КБФнын жерлеринин ижара акысы жогорулатылсын.
19. Жер салыгын 20%га көбөйтүү боюнча маселе каралды,бирок биздин жерлердин кыртышынын начардыгына,түшүмдүүлүктүн төмөндүгүнө, жай мезгилинде сугат суу маселесинин оордугуна байланыштуу мурдагы тариф боюнча калтырылсын.
20. Чечимдин мыйзамдуу аткарылышы ФЭБ башчысына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымына милдеттендирилсин.
21. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы К. Курманалиевке милдеттендирилсин.
22. Токтом мамлекеттик тилде айыл өкмөттүн интернет тармагындагы расмий сайтына жарыялансын.
23. Токтом расмий жарыялан күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Б. Токтосунов |