Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 17-августундагы № 254 Указы менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча Улуттук комиссия (мындан ары - Улуттук комиссия) жакырчылыкты жоюу маселеси боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзгөн орган болуп саналат.
2. Улуттук комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына жана буйруктарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Улуттук комиссиянын алдында региондук бөлүмдөрү бар жакырчылыкты жоюу боюнча Улуттук фонд иштейт.
4. Улуттук комиссия зарылчылыкка жараша анын алдында турган милдеттерди чечүү максатында башка структураларды түзүүгө укуктуу.
II. Улуттук комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
5. Улуттук комиссиянын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Жакырчылыкты жоюу боюнча Улуттук "Аракет" программасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 11-февралындагы "Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюу боюнча чаралар жөнүндөгү" Указын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтому менен бекитилген планын бардык мамлекеттик органдардын аткарышын камсыз кылууну уюштуруу;
- мамлекеттик органдар менен коомдук бирикмелердин жакырчылыкты жоюу маселеси боюнча биргелешип аракеттенүүсүн уюштуруу;
- улуттук жана чет өлкөлүк донорлордун жигердүү тартууну кошуп алганда Улуттук фондду түзүү жана каражаттарын толуктоо боюнча ишти уюштуруу;
- Улуттук фонддун каражаттарын пайдалануунун стратегиялык аракеттирин аныктоо;
- Улуттук фонддун финансылык жана башка иштерин контролдоо жана баа берүү;
6. Улуттук комиссия өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык:
- Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюунун маселелерин иликтөө боюнча ишти уюштурат;
- региондор боюнча, ошондой эле министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор боюнча жакырчылыкты жоюунун конкреттүү чараларын иштеп чыгууну уюштурат. Аларды бекитет жана аткарылышына контролдук кылат;
- граждандардын социалдык, эмгектик жана башка укуктарын жөнгө салуучу мыйзамдардын натыйжалуулугун талдайт жана тийиштүү сунуштарды даярдайт;
- жакырчылыкты жоюунун региондук фонддорун түзүү боюнча ишти контролдойт;
- Улуттук фонддун каражаттарын пайдалануунун конкреттүү максаттарын аныктайт, чыгымдардын сметасын бекитет жана аны ишке ашырууга контролдук кылат.
7. Улуттук комиссия буларга укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында жакырчылыкты жоюуну уюштуруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Указын жана Жакырчылыкты жоюунун улуттук "Аракет" программасын, жакырчылыкты жоюу маселеси боюнча нормативдик-укуктук актыларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъектердин жетекчилерин чакырууга жана отчетторун угууга;
- ушул маселе боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон корутундуларды жана сунуштарды берүүгө.
8. Улуттук комиссия өлкөдө жакырчылыкты жоюу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жыл сайын доклад берет.
III. Улуттук комиссиянын ишин уюштуруу
9. Улуттук комиссия мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турат. Анын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен бекитилет.
10. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улуттук комиссиянын төрагасы болуп эсептелет. Улуттук комиссиянын төрагасы бир эле учурда Улуттук фонддун да төрагасы болуп эсептелет.
11. Улуттук комиссиянын төрагасы:
- Улуттук комиссиянын ишин багыттайт, анын жыйналышын чакырат жана ага төрагалык кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жакырчылыкты жоюу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн отчетторун угат;
- Улуттук фондду түзүү боюнча ишти уюштурат;
- Улуттук фонддун каражаттарын тескейт;
- Улуттук фонддун дирекциясынын жана Улуттук фонддун алдында түзүлгөн башка структуралардын кызмат адамдарынын тизмесин жана бюджетин аныктайт жана бекитет.
- бир эле учурда Улуттук комиссиянын катчы болуп саналган Улуттук фонддун аткаруучу директорун дайындайт жана бошотот.
12. Улуттук комиссиянын жыйналышы анын төрагасы же анын тапшыруусу боюнча төраганын орун басары тарабынан зарылчылыгына жараша кварталында кеминде бир жолу чакырылат.
13. Улуттук комиссиянын жыйналышы анын тизмедеги курамынын кеминде жарымынын кворуму болгондо чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
14. Улуттук комиссиянын чечими жыйналышка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыгып калган учурда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелинет.
15. Улуттук комиссиянын жыйналышында протокол жазылат, ага жыйналыштын төрагасы жана катчысы кол коет.
16. Улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу Улуттук фонддун аткаруучу директоруна жүктөлөт.