Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы№ XXXI -4
Т.Кулатов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына элдин таштандыларын ташуу үчүн бир атайын автоунаа сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамир элдин талабын аткаруу максатында, тургундардын таштандыларын ташуу үчүн атайын бир автоунаа сатып алууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеӊештин депутаттары Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы N 152, 2008-жылдын 29-декабрындагы N 279, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, «ЖергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарыжергиликтүүмаанидегимаселелердичечүүүчүнзарылболгонмуниципалдыкменчиктиКыргыз Республикасынынмыйзамдарынаылайык, өзкаалоосубоюнчасатыпалат, ээликкылат, пайдаланатжанатескейалышат» ушул мыйзамынды эске алып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына элдин таштандыларын ташуу үчүн атайын бир автоунаа сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1000,0 мин. акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге тапшырылсын.
3. Бөлүнүп берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамирге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеӊештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |