Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5 чи чакырылышынын кезексиз XXXI чу сессиясы
2016-жылдын 26-февралындагы № XXXI -7
Т.Кулатов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагына 8 даана трансформатор сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагындагы элдин талабын аткаруу максатында, сегиз айылга сегиз даана трансформатор сатып алууга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөт башчы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кенештин депутаттары Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы N 152, 2008-жылдын 29-декабрындагы N 279, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы Айыл өкмөтүнө караштуу айыл аймагына 8 даана трансформатор сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 4347,2 мин. сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге тапшырысын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |