Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № XXXI -12
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар Кызыл-Кыя борбордук авто жолуна 2,5 км асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын Кызыл-Кыя-Көк-Жар борбордук жолунун 2,5 км асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19-августундагы N 152, 2008-жылдын 29-декабрындагы N 279, 2011-жылдын 21-декабрындагы N 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Көк-Жар Кызыл-Кыя борбордук авто жолуна 2,5 км асфальт төшөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 14 309,6 мин сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана ФЭБ башчы А.Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | А. Ажибаев |