Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары-Ардак грамота) шаардык жамаат алдында сиңирген эмгек үчүн Бишкек шаарынын тургундарын жана уюмдарын сыйлоо үчүн уюштурулду.
Ардак грамота менен сыйлоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
Бишкек шаарында мыйзамды, парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүүдө, Бишкек шаарынын тургундарынын укуктарын жана эркиндигин коргоодо алгылыктуу салым;
Бишкек шаарынын тургундарынын шаардык өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө демилгеси жана ийгиликтери, жаратмандык иш;
ишкердик ишти уюштуруудагы олуттуу ийгиликтер;
орчундуу эмгектик, өндүрүштүк жетишкендиктер;
шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүүнү, саламаттык сактоо, шаар курулуш, монументалдык искусствону, Бишкек шаарында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын демилгелөөдө жана жүзөгө ашырууда орчундуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым;
аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, шаардык программаларды аткарууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, приюттарды, маданий жана спорт борборлорун, ошондой эле башка социалдык маанилүү шаардык объекттерди курууга багытталган кайрымдуулук иш;
Кылмыштык кол салуулардан жарандарды коргоодо өздүк салым, кайраттуулук, сатылбастык;
Демократиялык башталыштарды өнүктүрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинде, шаардын жана бишкектиктердин жашоосун объективдүү чагылдырууда жетишкендиктер.
Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө чечим Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы тарабынан кабыл алынат жана комиссиянын төрагасы тарабынан кол коюлат.
Ардак грамоталарды тапшыруу эреже катары Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы же анын орун басары же алардын тапшырмасы боюнча депутаттар тарабынан Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинде же уюмдардын жана жамааттардын салтанаттуу жыйындарында жүргүзүлөт.
Сыйлыктар боюнча ишти уюштуруу, сунуштарды кароо, Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу Депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилүүчү жана жобонун негизинде иштөөчү атайын комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Сыйлыктар жөнүндө документтерди жол-жоболоштуруу, сыйлангандарды эсептөө жана каттоо, атайын комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ардак грамотанын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешине гана таандык.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Е. Е. Лященко |