Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2006-жылдын 21-декабры № 267
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Ардактуу грамотасы жөнүндө
Шаардык жамаат алдында сиңирген эмгек үчүн Бишкек шаарынын тургундарын жана уюмдарын сыйлоо максатында Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Ардактуу грамотасы уюмдаштырылсын.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Ардактуу грамотасы жөнүндө Жобо бекитилсин (1-тиркеме).
3. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Ардактуу грамотасынын баяндоосу бекитилсин (2-тиркеме).
4. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Ардактуу грамоталары менен сыйлоо боюнча Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин комиссиясы жөнүндө Жобо бекитилсин (3-тиркеме).
5. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Ардактуу грамоталары менен сыйлоо боюнча Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамы бекитилсин ( 4-тиркеме).
6. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Ардактуу грамоталарынын даярдоосун камсыз кылсын.
7. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Ардактуу грамоталарын даярдоо боюнча чыгашалар Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин иш-аракеттерин камсыз кылууга багытталган каражаттардын эсебинен чыгаша сметасы боюнча жүргүзүлөт.
8. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрайымына жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы |
Н.С.Байболова |
| Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2006-жылдын “21” декабры № 267 токтомуна 2-тиркеме |
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары-Ардак грамота) орнамент менен кооздолгон, 300х210 мм өлчөмүндөгү түз бурчтуу формадагы барак.
Орнамент кыргыз элинин оюу-чийүү салты боюнча аткарылган. Грамотанын боёктук аткарылышы кочкул-кызыл жана ак-көгүш өңдөрдүн салттуу айкалышында аткарылат.
Рамканын жогорку бөлүгүндө ортодо Бишкек шаарынын түстүү герби, төмөнүрөөк – фигуралуу рамкада орнамент менен, ийилген жаа сыяктуу бир сапта жазылган “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши” деген жазуу; андан төмөнүрөөк- эки сапта жазылган “АРДАК ГРАМОТА” деген жазуу. Рамканын ортосунда сыйлануучунун кызматы, аты –жөнү жана 2-3 саптан көп эмес кыска текст жайгаштырылат, мисалы: “Шаардык коомчулук алдындагы сиңирген эмгеги үчүн”, “Бишкектиктердин алдындагы сиңирген эмгеги үчүн”, “Маданият тармагындагы сиңирген эмгеги үчүн” жана у. с., ошондой эле мааракелерге байланыштуу. Текстин алдында “ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ” деген жазуу (бирдей шрифт менен) төраганын аты-жөнү жазылат.
Рамканын ылдый жагынын ортосуна Бишкек шаарынын мэриясынын фасадынын сүрөтү сүйрү эки катар рамкада жайгаштырылат.
Ардак грамота өлчөмү 315х220 мм бүктөлгөн түрдөгү кочкул-кызыл бархаттан жасалган папкага салынат. Папканын бет жагынын ортосуна Бишкек шаарынын гербинин рельефдүү капталган сүрөтү жайгашат.
Түп нүскасын кара.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Е. Е. Лященко |
| Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2006-жылдын “21” декабры № 267 токтомуна 4-тиркеме |
1. Комиссиянын төрагасы - Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.
2. Комиссиянын төрагасынын орун басары- Мандат, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Ленин райондук аймактык депутаттык топтун башчысы;
Октябрь райондук аймактык депутаттык топтун башчысы;
Биринчи май райондук аймактык депутаттык топтун башчысы;
Свердлов райондук аймактык депутаттык топтун башчысы;
Социалдык маселелер (саламаттык сактоо, экология, социалдык жардам, калкты иш менен камсыздоо, пенсиялык камсыздоо, билим берүү, спорт, туризм, маданият жана жаштар иши) боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Е. Е. Лященко |