Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29- ноябры № 37
Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, шаардык коомчулуктун алдында өзгөчө эмгеги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, илим, маданият, адабият, искусство, билим берүү, саламаттык сактоо жаатындагы, мамлекеттик, коомдук жана Бишкек шаарынын жашоо тиричилигинин башка чөйрөлөрүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо үчүн, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин төмөнкү сыйлыктары белгиленсин:
а) Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты;
б) Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасы;
в) Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси;
г) Бишкек шаардык кеңештин “Патриот” төш белгиси;
д) Баалуу белек – аты жазылган кол сааттар (эркектердики, аялдардыкы).
Төмөнкү жоболор бекитилсин:
а) 1-тиркемеге ылайык, “Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты жөнүндө”;
б) 2-тиркемеге ылайык, “Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасы жөнүндө”;
в) 3-тиркемеге ылайык, “Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси жөнүндө”;
г) 4- тиркемеге ылайык, “Бишкек шаардык кеңештин “Патриот” төш белгиси жөнүндө”;
д) 5- тиркемеге ылайык, “Баалуу белек – аты жазылган кол сааттар (эркектердики, аялдардыкы)жөнүндө;
е) 6-тиркемеге ылайык, сыйлоо барагынын формасы;
ж) 7-тиркемеге ылайык “Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Бишкек шаардык комиссиясы жөнүндө”.
2. Жогоруда аталган сыйлыктарды даярдоо боюнча чыгымдар Бишкек шаардык кеңештин чыгымдар сметасынын чектеринде жүзөгө ашырылсын.
3. Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Бишкек шаардык комиссиясынын чечимине ылайык тапшырылат.
4. Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары (Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси, “Патриот” төш белгиси жана баалуу белек – аты жазылган кол сааттар (эркектердики, аялдардыкы) күбөлүксүз жараксыз болоору белгиленсин.
5. Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 21-декабрындагы № 267 “Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасы жөнүндө”, 2013-жылды 25-декабрындагы № 61 “Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына (А. А. Имангазиева) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Музуралиев |
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.
2. Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты (мындан ары - Ыраазычылык кат) - бул майрам күндөрүнө, кесиптик майрамдарга карата жарандарды жана Бишкек шаарынын уюмдарынын жамааттарын шаардын жана борбордун тургундарынын келечегине тармактык ишинин багыттары боюнча белгилүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо формасы.
II. Ыраазычылык каттын сүрөттөлүшү
Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты А4 форматындагы (300x210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка) жол-жоболоштурулат. Барактын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө кагаздын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта кочкул-көк түстөгү кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент жайгашкан.
Барактын ортосунан оймодон төмөнүрөөк, барактын жогорку четинен 25 мм аралыкта көгүш түстөгү, 19 мм х 34 мм өлчөмдөгү Бишкек шаарынын герби жайгашкан, гербден төмөнүрөөк, 2 мм өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифти менен, лентада баш тамгалар менен ак түстө "БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ", "БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ" деген жазуу жайгашкан.
Ортодон төмөнүрөөк 2 сапта, баш тамгалар менен, 8 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен көгүш түстө "ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ" же "БЛАГОДАРСТВЕННОЕ ПИСЬМО" деген сөздөр жайгаштырылат, андан ары барактын ортосуна баш тамгалар менен, тексттен төмөнүрөөк 8 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун аты - жөнү, төмөнүрөөк кара түстө 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүлөт. Төмөнүрөөк кол коюу үчүн орун калтыруу менен, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын аты-жөнү жазылат, андан ары барактын он бурчуна кара түстөгү, 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен берилген жылы көрсөтүлөт.
Ыраазычылык каттын барагы (кошумча барагы) жабылган түрдө 455х310 мм өлчөмдө кочкул-көк баркыт материал менен капталган катуу картондон жасалган папкага салынат.
Баркыт папканын бет жагында сол жана оң тарабына улуттук орнамент түшүрүлгөн. Жогору жактан 70 мм аралыкта ортодо 50 мм х 92 мм өлчөмдөгү жылтырак түстө Бишкек шаарынын гербинин рельефдүү сүрөтү жайгаштырылган.
Барак папканын ички бетинин сол жагында барактын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта кочкул-көк түстө кыргыз элдик оймо салтындагы орнаменти жайгаштырылат.
Ортодон төмөнүрөөк 5 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен, кара түстөгү баш тамгалар менен "БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ" деген сөздөр жайгашат. Ортодон төмөнүрөөк Бишкек шаарынын мэриясынын фасадынын сүрөттөлүшү жайгашат, анын астына ортодо кара түстөгү баш тамгалар менен "БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ" деген сөздөр жайгашат.
Баркыт папканын ички бетинин оң бөлүгүндө баракты (кошумча баракты) бекитүү үчүн лента жайгашкан.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Ыраазычылык кат менен сыйлоого сунуштоо тартиби
4. Ыраазычылык кат төмөнкүлөр үчүн тапшырылат:
олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым, шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, монументалдык искусствону, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн;
аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, приюттарды, маданий жана спорттук борборлорду, ошондой эле башка социалдык маанилүү шаардык объекттерди курууга багытталган кайрымдуулук иш үчүн;
жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоодогу өздүк салымы, эрдиги, сатылбастыгы үчүн.
5. Ыраазычылык кат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат тапшыруунун пландалган датасына чейин 2 жумадан кеч эмес киргизилет.
6. Ыраазычылык кат менен сыйлоого сунушталган жактар үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
кесиптик майрам же белгилүү дата учурунда - 1 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажысынын болуусу;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 1 жылдан кем эмес эмгек стажысы менен.
7. Ыраазычылык кат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат менен төмөнкү документтер киргизилет:
жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;
белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы;
чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо - жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;
ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч.
8. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.
9. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.
10. Ыраазычылык кат бир эле жакка же уюмга эки жолу берилбейт.
11. Ыраазычылык каттын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу Бишкек шаардык кеңешке гана таандык.
IV. Ыраазычылык катты тапшыруу тартиби
12. Ыраазычылык катты тапшыруу Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Бишкек шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө жүзөгө ашырылат.
13. Ыраазычылык каттын тексти белгиленген үлгүдөгү бланкта жол-жоболоштурулат, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
14. Ыраазычылык катты даярдоо Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалат.
15. Ыраазычылык каттын бланктарын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин башкы бухгалтери тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Ыраазычылык кат менен сыйлангандарды эсепке алуу Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасы жөнүндө ЖОБО
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.
2. Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) - бул жарандарды Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, кайрымдуулук иши жана билим берүүнү, илимди, спортту, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, шаардын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү, сактоо, борбордун тургундарынын жана конокторунун ден соолугун, жашоосун жана укуктарын коргоо, коомдук транспорт жана турак жай коммуналдык чарба тутумун, шаардын жарандык коргонуу тутумун өнүктүрүү боюнча жетишкендиктер үчүн сыйлоо формасы.
II. Ардак грамотанын сүрөттөлүшү
Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасы кочкул-кызыл түстөгү, кагаздын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта жайгашкан барактын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент менен кооздолгон, А4 форматындагы (300x210 өлчөмүндөгү) ак түстөгү катуу жылтырак баракка (кошумча баракка) жол-жоболоштурулат.
Барактын (кошумча барактын) жогору бөлүгүндө ортодо мамлекеттик тилде, кара түстөгү 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен текст жайгаштырылат, ортодон төмөнүрөөк кара түстөгү 10 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун аты-жөнү көрсөтүлөт, андан ары ортодо 2 сапта кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен "БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ" деген сөз жайгаштырылат, төмөнүрөөк кара түстөгү 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "менен сыйлансын" деген сөздөр жазылат. Жогоруда аталгандар барактын (кошумча барактын) ортосуна жайгаштырылат. Андан ары барактын ортосуна эки үзүк сызык жана алардын ортосунда бир өңдүү сайма түрүндөгү орнамент жайгашат. Барактын (кошумча барактын) экинчи жарымында, орнаменттен кийин, ортодо 2 сапта расмий тилде текст жайгашат, кызыл түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен "ПОЧЕТНОЙ ГРАМОТОЙ БИШКЕКСКОГО ГОРОДСКОГО КЕНЕША" деген сөз жайгаштырылат, төмөнүрөөк кара түстөгү 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "награждается" деген сөздөр жазылат, андан ары барактын ортосуна баш тамгалар менен, тексттен төмөнүрөөк 8 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлануучунун аты-жөнү, төмөнүрөөк кара түстө 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен сыйлоо үчүн негизди көрсөтүү менен жазылат. Төмөнүрөөк "Бишкек шаардык кеңештин төрагасы" жана "Председатель Бишкекского городского кенеша" деген сөздөр жазылып, кол коюу үчүн орун каптыруу менен, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын аты-жөнү жазылат, андан ары барактын оң бурчуна кара түстөгү, 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен берилген жылы көрсөтүлөт.
Ардак грамотанын барагы (кошумча барагы) жабылган түрдө - 455х310 мм өлчөмдө кочкул-кызыл баркыт материал менен капталган катуу картондон жасалган папкага салынат.
Баркыт папканын бет жагында сол жана оң тарабынан улуттук орнамент түшүрүлгөн, жогорку жагынан 70 мм аралыкта ортодо 50 мм х 92 мм өлчөмдөгү жылтырак өңдөгү Бишкек шаарынын гербинин рельефдүү сүрөтү басылган.
Баркыт папканын ички бетинин сол бөлүгү барактын жогорку жана төмөнкү четтеринен 7 жана 5 мм аралыкта жайгашкан кочкул-кызыл түстөгү кыргыз элдик оймо салтындагы орнамент кооздолгон. Барактын жогорку бөлүгүндөгү орнаменттен төмөнүрөөк ортодо барактын жогорку четинен 25 мм аралыкта 19 мм х 34 мм өлчөмдө, көгүш түстөгү Бишкек шаарынын герби жайгашкан. Төмөнүрөөк ортодо кара түстөгү 5 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен баш тамгалар менен "БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ" деген жазуу, төмөнүрөөк ортодо Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын фасадынын сүрөттөлүшү жайгаштырылат.
Баркыт папканын ички бетинин оң бөлүгүндө баракты (кошумча баракты) бекитүү үчүн лента жайгашкан.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүү тартиби
4. Ардак грамота менен сыйлоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
Бишкек шаарында мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны өнүктүрүүдө, Бишкек шаарынын тургундарынын укуктарын жана эркиндигин коргоодо олуттуу эмгеги;
Бишкек шаарынын тургундарынын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүдөгү демилгеси жана жетишкендиктери, жараткыч иши;
ишкерлик ишти уюштуруудагы олуттуу жетишкендиктер;
шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, монументалдык искусствону, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын, ошондой эле башка шаардык программаларды ишке ашыруудагы олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым;
жалпыга маалымдоо каражаттарындагы иште демократиялык башталууларды өнүктүрүүдөгү, шаардын жана бишкектиктердин жашоо-турмушун объективдүү чагылдыруудагы жетишкендиктер.
5. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч тапшыруунун пландалган датасына чейин 2 жумадан кеч эмес киргизилет.
6. Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүлгөн жактар үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
кесиптик майрам же белгилүү дата учурунда жалпы эмгек стажысынын же адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес стажысынын болуусу;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 3 жылдан кем эмес эмгек стажысы менен.
7. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчү менен төмөнкү документтер киргизилет:
жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;
белгиленген үлгүдө сыйлоо барагы;
чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо - жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;
ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч;
депутаттын, комиссиянын суроо-талабы боюнча - сыйлоого сунушталып жаткан жактын, уюмдун иши жана эмгектик жетишкендиктери жөнүндө маалымдама-маалыматтык материалдар жана маалыматтар.
8. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.
9. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.
10. Бишкек шаардык кеңештин ардак Грамотасы бир жакка же уюмга эки жолу, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты менен сыйланбаган жактарга берилбейт.
11. Ардак грамотанын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу Бишкек шаардык кеңешке гана таандык.
IV. Ардак грамотаны тапшыруу тартиби
12. Ардак Грамотаны тапшыруу Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Бишкек шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө жүзөгө ашырылат.
13. Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасынын тексти белгиленген үлгүдөгү бланкта жол-жоболоштурулат, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
14. Ардак грамотаны даярдоо Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалат.
15. Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасынын бланктарын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин башкы бухгалтери тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Ардак грамота менен сыйланган жактарды эсепке алуу Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна 3-тиркеме |
Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси менен сыйлоо ТАРТИБИ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.
2. Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси (мындан ары - Күмүш төш белги) - бул Бишкек шаарын өнүктүрүүдө олуттуу салым кошкон жарандарды, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, министрликтердин, ведомстволордун, бийликтин башка органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерин, ошондой эле мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, жарандык коомчулукту, Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну, Бишкек шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жана жарандуулугу жок адамдарды сыйлоо формасы.
II. Күмүш төш белгинин сүрөттөлүшү
Күбөлүк төмөнкү параметрлерди камтыйт: жабылган түрдө 71 мм жана 101 мм өлчөмдү, ачылган түрдө 143 мм жана 101 мм өлчөмдү түзөт. 120гр/м3 тыгыздыктагы жылтырак кагаздан жасалат.
Күбөлүктүн ички бети көгүш түстө. Жогорку бөлүктөн 13 мм аралыкта, ортодо жылтылдаган түстөгү 20 мм х 35 мм өлчөмдөгү Бишкек шаарынын гербинин сүрөттөлүшү жайгашат. Төмөнүрөөк ортодо ак түстөгү кичинекей тамгалар менен, 4 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "КҮБӨЛҮК", астына "УДОСТОВЕРЕНИЕ" деген сөздөр жазылат.
Күбөлүктүн ички бетинин оң жагында кара түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "УДОСТОВЕРЕНИЕ", төмөнүрөөк үч сапта сыйлануучунун аты -жөнү жайгашат. Төмөнүрөөк 2 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен, кара түстө "Төрага" деген жазуу, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын колу жана аты-жөнү үчүн орун жайгашат. Төмөнүрөөк буйруктун номери жана берилген датасы жазылат.
Күбөлүктүн ички бетинин сол жагында кара түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен "БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ", "БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ" деген жазуулар 2 сапта жайгаштырылат. Ортодон төмөнүрөөк 20 мм х 35 мм өлчөмдөгү көгүш түстө Бишкек шаарынын герби, андан ары, 3 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен кара түстө "Күмүш төш белги" деген жазуу жайгаштырылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Күмүш төш белги менен сыйлоого сунуштоо тартиби
4. Күмүш төш белги төмөнкүлөр үчүн берилет:
мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, жарандык коомчулукту, Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну, Бишкек шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдөгү эмгек үчүн;
Бишкек шаарынын тургундарынын шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүдөгү демилгеси жана жетишкендиктери, жараткыч иши үчүн;
ишкердик ишти уюштуруудагы олуттуу жетишкендиктер үчүн;
шаардык чарбаны, маданиятты, илимди, билим берүү, саламаттык сактоо, шаар куруу, монументалдык искусствону, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программаларын, ошондой эле башка шаардык программаларды ишке ашырууда олуттуу эмгектик, чыгармачылык, материалдык-финансылык салым үчүн.
5. Күмүш төш белги менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, Бишкек шаардык кеңештин фракциялары, аппарат жетекчи, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын же анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчиси тарабынан киргизилет.
6. Күмүш төш белги менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат тапшыруунун пландалган датасына чейин 2 жумадан кеч эмес киргизилет.
7. Сыйлыкка көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдары жана маданият ишмерлери үчүн кошумча төмөнкүлөр талап кылынат:
кесиптик майрам же белгилүү дата болгон учурда, 7 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажысынын болуусу;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 5 жылдан кем эмес эмгек стажысы менен.
8. Күмүш төш белги менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат менен төмөнкү документтер киргизилет:
жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;
белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы;
чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо - жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;
ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүчү;
Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык катынын жана ардак грамотасынын көчүрмөлөрү;
депутаттын, комиссиянын суроо-талабы боюнча - сыйлоого сунушталып жаткан жактын, уюмдун иши жана эмгектик жетишкендиктери жөнүндө маалымдама-маалыматтык материалдар жана маалыматтар.
9. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө комиссияда кароосуз жеткиликтүү иштеп чыгууга документтерди кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.
10. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты жана Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасы менен сыйланбаган кызматчыларды сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.
11. Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси бир жолу гана берилет.
12. Күмүш төш белгини даярдоо жана сактоо укугу Бишкек шаардык кеңешке гана таандык.
IV. Күмүш төш белгини тапшыруу тартиби
13. Күмүш төш белги Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Бишкек шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө тапшырылат.
14. Күмүш төш белгини сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин башкы бухгалтери тарабынан жүзөгө ашырылат.
15. Күмүш төш белги менен сыйлангандарды эсепке алуу Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна 4-тиркеме |
Бишкек шаардык кеңештин "Патриот" белгиси менен сыйлоо ТАРТИБИ
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Бишкек шаардык кеңештин "Патриот" белгиси менен сыйлоо шартын жана тартибин белгилейт.
2. Бишкек шаардык кеңештин "Патриот" белгиси (мындан ары - "Патриот" белги) - бул Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон жарандарды, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, министрликтердин, ведомстволордун, бийликтин башка органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерин, ошондой эле мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, жарандык коомчулукту, Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну, Бишкек шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жана жарандуулугу жок адамдарды сыйлоо формасы.
II. "Патриот" белгисин сүрөттөө
"Патриот" белгиси - алтын буусу жана эмаль менен капталган 925 сынамындагы күмүштөн жасалган белгилердин топтому. Топтомго: Бишкек шаарынын гербинин, Кыргыз Республикасынын гербинин, Кыргыз Республикасынын желегинин, түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн 4 белги кирет. Топтом күбөлүктү тиркөө менен атайын кутучага салынат. Кутунун ичинде белгилер үчүн астына койгучу бар.
Күбөлүк төмөнкү параметрлерди камтыйт: жабылган түрдө 71 мм жана 101 мм өлчөмдү, ачылган түрдө 143 мм жана 101 мм өлчөмдү түзөт. 120гр/м3 тыгыздыктагы жылтырак кагаздан жасалат.
Күбөлүктүн ички бети көгүш түстө. Жогорку бөлүктөн 13 мм аралыкта, ортодо жылтылдаган түстөгү 20 мм х 35 мм өлчөмдөгү Бишкек шаарынын гербинин сүрөттөлүшү жайгашат. Төмөнүрөөк ортодо ак түстөгү кичинекей тамгалар менен, 4 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен "КҮБӨЛҮК", төмөнүрөөк - "УДОСТОВЕРЕНИЕ" деген сөздөр жазылат.
Күбөлүктүн ички бетинин сол жагында кара түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен "БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ", "БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ" деген жазуулар 2 сапта жайгаштырылат. Ортодон төмөнүрөөк 20 мм х 35 мм өлчөмдөгү көгүш түстө Бишкек шаарынын герби, андан ары, 3 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен кара түстө "Патриот" белгиси" деген жазуу жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ички бетинин он жагында кара түстөгү баш тамгалар менен, 5 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен "КҮБӨЛҮК" деген жазуу, төмөнүрөөк үч сапта сыйлануучунун аты-жөнү жайгашат. Төмөнүрөөк 2 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен, кара түстө "Төрага" деген жазуу, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын колу жана аты-жөнү үчүн орун жайгашат. Төмөнүрөөк буйруктун номери жана берилген датасы жазылат.
Күбөлүктүн ички бетинин сол жагында төмөнүрөөк кара түстөгү 5 мм өлчөмдөгү "Times New Roman" шрифти менен баш тамгалар менен "БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ", "БИШКЕКСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ" деген сөздөр 2 сапта баш тамгалар менен жайгашат. Ортодон төмөн көгүш түстөгү 20 мм х 35 мм а өлчөмдөгү Бишкек шаарынын герби жайгашат, андан ары, 3 мм өлчөмдөгү, "Times New Roman" шрифти менен кара түстө "Патриот" белгиси" деген жазуу жазылат.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
III. "Патриот" белгиси менен сыйлоого сунуштоо тартиби
4. "Патриот" белгиси менен төмөнкүлөр үчүн сыйланышат:
мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, жарандык коомчулукту, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун, мамлекеттик курулушту, Бишкек шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн;
борбордун коопсуздугун камсыздоо, Бишкек шаарынын жашоо-тиричилик жана көрктөндүрүү тутумунун сапатын жакшыртуу максатында жасалган конкреттүү окуялардын жана жоруктардын фактылары боюнча;
аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, приюттарды, маданий жана спорттук борборлорду, ошондой эле башка социалдык маанилүү шаардык объекттерди курууга багытталган кайрымдуулук иш үчүн;
олуттуу эмгектик жана өндүрүштүк жетишкендиктер үчүн;
кылмыштуу кол салуулардан жарандарды коргоодогу өздүк салымы, эрдиги, сатылбастыгы үчүн;
Бишкек шаарынын эл аралык парламенттик байланыштарын өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн.
5. "Патриот" белгиси менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, Бишкек шаардык кеңештин фракциялары, Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын же анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчиси тарабынан киргизилет.
6. "Патриот" белгиси менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч тапшыруунун пландалган датасына чейин эки жумадан кеч эмес киргизилет.
7. Сыйлыкка көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдары жана маданият ишмерлери үчүн кошумча төмөнкүлөр талап кылынат:
кесиптик майрам же белгилүү дата болгон учурда, эмгек стажысынын же 7 жылдан кем эмес адистиги боюнча стажысынын болуусу;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тийиштүү кызматта 7 жылдан кем эмес эмгек стажысы менен.
8. "Патриот" белгиси менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч менен төмөнкү документтер киргизилет:
жактын сыйлануусуна карата сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;
белгиленген үлгүдөгү сыйлоо барагы;
чогулуштун протоколдору, коллегиалдык органдардын (коллегиалдуу орган жок болгондо - жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;
ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин жана фонддордун, саясий партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч каты;
Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык катынын жана ардак грамотасынын жана Бишкек шаардык кеңештин күмүш белгиси менен сыйлангандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
депутаттын, комиссиянын суроо-талабы боюнча - комиссиянын кароосусуз сыйлоого сунушталып жаткан жактын, уюмдун иши жана эмгектик жетишкендиктери жөнүндө маалымдама-маалыматтык материалдар жана маалыматтар.
9. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө документтерди жеткиликтүү иштеп чыгууга кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.
10. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган, Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты, ардак грамотасы жана Бишкек шаардык кеңештин күмүш белгиси менен сыйланбаган кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.
11. "Патриот" белгиси бир жолу гана берилет.
12. "Патриот" белгисин даярдоо жана сактоо укугу Бишкек шаардык кеңешке гана таандык.
IV. "Патриот" белгисин тапшыруу тартиби
13. "Патриот" белгисин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Бишкек шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө тапшырылат.
14. "Патриот" белгисин сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин башкы бухгалтери тарабынан жүзөгө ашырылат.
15. "Патриот" белгиси менен сыйлангандарды эсепке алуу Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна 5-тиркеме |
Бишкек шаардык кеңештин баалуу белеги - аты жазылган сааты (эркектердики, аялдардыкы) менен сыйлоо ТАРТИБИ
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты, Бишкек шаардык кеңештин баалуу белеги - аты жазылган кол сааты (эркектердики, аялдардыкы) менен сыйлоо шарты менен тартибин белгилейт.
2. Бишкек шаардык кеңештин баалуу белеги - аты жазылган кол сааты (эркектердики, аялдардыкы) (мындан ары - кол сааттар) - бул жарандарды Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, кайрымдуулук иши жана билим берүүнү, илимди, спортту, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, шаардын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү, сактоо, борбордун тургундарынын жана конокторунун ден соолугун, жашоосун жана укуктарын коргоо, коомдук транспорт жана турак жай коммуналдык чарба тутумун, шаардын жарандык коргонуу тутумун өнүктүрүү боюнча жетишкендиктер жана Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын алдында башка эмгектер үчүн сыйлоо формасы.
II. Аты жазылган сааттын (эркектердики, аялдардыкы) сүрөттөлүшү
3. Аты жазылган кол саат (эркектердики, аялдардыкы) - алтын буусу менен капталган дат баспаган болоттон жасалган. Циферблатында Бишкек шаарынын герби жана "Бишкек шаардык кеңеш", "Бишкекский городской кенеш" жазуусу түшүрүлгөн. Сааттын арткы бетинде катар номуру жана даярдоочунун устаканасынын эн тамгасы чегилип жазылган. Корпустун диаметри - 42 мм, 26,5 мм, корпустун бийиктиги - 11,6 мм, 7,6 мм, корпустун өңү алтын түстүү, циферблат сымбаттуу, кайыш боосу - накта териден.
Ар бир саат күбөлүктүн тиркемеси менен атайын кутучада салынат.
III. Аты жазылган саат менен сыйлоого сунуштоо тартиби
4. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган сааттары менен төмөнкү жарандар сыйланышат:
Бишкек шаарын өнүктүрүүдө олуттуу салым кошкон жарандар, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, министрликтердин, ведомстволордун, бийликтин башка органдарынын, менчиктин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле мыйзамдуулукту, парламентаризмди, демократияны, жарандык коомчулукту, Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкарууну, Бишкек шаарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону өнүктүрүүдө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандуулугу жок адамдар;
борбордун коопсуздугун камсыздоо, Бишкек шаарынын жашоо-тиричилик жана көрктөндүрүү тутумунун сапатын жакшыртуу максатында жасалган конкреттүү окуялардын жана жоруктардын фактылары боюнча;
аз камсыз болгон жарандарды, жетим балдарды жана ата-энелеринин кароосусуз калган балдарды социалдык жактан колдоого, шаардык программаларды аткарууга, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана ооруканаларды, мектептерди, приюттарды, маданий жана спорттук борборлорду, ошондой эле башка социалдык маанилүү шаардык объекттерди курууга багытталган кайрымдуулук иш көрсөткөндөр;
олуттуу эмгектик жана өндүрүштүк жетишкендиктери бар адамдар;
кылмыштуу кол салуулардан жарандарды коргоодо өздүк салым кошкондор, эрдик, сатылбастык көрсөткөндөр.
Бишкек шаарынын эл аралык парламенттик байланыштарын өнүктүрүүдө салым кошкондор.
5. Аты жазылган саат менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат тапшыруунун пландалган датасына чейин эки жумадан кеч эмес киргизилет.
6. Сыйлоо баракчасында жазылган сыйлоо субъектисинин мүнөздөмөсү анын коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук, өндүрүштүк, кызматтык жана башка ишмердик чөйрөсүндөгү объективдүү жана ар тараптуу бааны камтуусу, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, экономиканы өнүктүрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга багытталган новатордук ишин чагылдыруусу керек.
7. Сыйлоого көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, маданият ишмерлери үчүн кошумча төмөнкүлөр талап кылынат:
кесиптик майрам же белгилүү дата учурунда, 10 жылдан кем эмес эмгек стажынын болуусу;
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тиешелүү кызматта 10 жылдан кем эмес эмгек стажысынын болуусу.
8. Аты жазылган кол саат (эркектер, аялдар үчүн) менен сыйлоо өтүнүч каты менен кошо төмөнкү документтер киргизилет:
сыйлануучуга сунуштама, паспорттун көчүрмөсү;
белгиленген үлгүдөгү сыйлоо баракчасы;
чогулуштун протоколу, коллегиалдык органдын (коллегиалдуу орган жок болгондо -жетекчинин чечими) сыйлоого сунуштоо жөнүндө чечими;
ишкана, мекеме, уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюм жана фонддордун, саясый партиялардын жамааттарын сыйлоо жөнүндө өтүнүч кат;
Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык катынын жана Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасынын жана Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси жана "Патриот" төш белгиси менен сыйлангандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү.
9. Документтерди сапатсыз даярдоо жана ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө жеткиликтүү иштеп чыгууга кайтаруу үчүн негиз болуп саналат.
10. Тартиптик жазалар белгиленген тартипте алынып салынбаган, Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты жана Бишкек шаардык кеңештин ардак грамотасы, Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси жана "Патриот" теш белгиси менен сыйланбаган кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт.
11. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган саат (эркектердики, аялдардыкы) бир жолу гана берилет.
12. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган саат (эркектердики, аялдардыкы) даярдоо жана сактоо укугу Бишкек шаардык кеңешке гана таандык.
IV. Аты жазылган саатты тапшыруу тартиби
13. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган сааттарын Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, депутаттар же алардын тапшыруусу боюнча аппарат жетекчи тарабынан Бишкек шаардык кеңеште же түздөн-түз уюмдарда жана жамааттарда салтанаттуу түрдө тапшырылат.
14. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган саатын сатып алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаардык кеңештин башкы бухгалтери тарабынан жүзөгө ашырылат.
15. Бишкек шаардык кеңештин аты жазылган сааты менен сыйлангандарды эсепке алуу Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна 6-тиркеме |
СЫЙЛОО БАРАГЫ
1. Аты-жөнү ______________________________________________________________________________________
2. Иштеген кызмат орду, кызматы ____________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
3. Туулган жылы, күнү, айы __________________________________________________________________________
4. Жарандыгы _____________________________________________________________________________________
5. Үй дареги жана телефону _________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
6. Жалпы иш стажы ________ жыл, анын ичинде:
6.1. Муниципалдык кызматтагы иш стажысы _________ жыл;
6.2. Бул жамааттагы иш стажысы _________ жыл;
6.3. Бул кызматтагы иш стажысы _________ жыл.
7. Мамлекеттик жана башка сыйлыктар:
_________________________________________________________________________________________________
(сыйлыктын аталышы, сыйлоо датасы)
8. Сыйлоого көрсөтүлүп жаткан өзгөчө сиңирген эмгектер, кыскача мүнөздөмө
_________________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
9. _______________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
талапкерлиги _____________________________________________________________________________________
(ишкананын, мекеменин, уюмдун аталышы, талкуулоо датасы, протокол номуру)
жыйыны (кеңеш, башкармалык) тарабынан ____________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________
(сыйлыктын түрү)
сыйлыгына көрсөтүү үчүн сунушталды.
10. Сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды ____________________________________________________________
20__-жылдын "__" __________ № ___ протоколу
Ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчиси | __________________ | _____________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
| М.О. |
|
20__-жылдын "__" __________________
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна 7-тиркеме |
Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Бишкек шаардык кеңештин комиссиясы жөнүндө ЖОБО
1. Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды кароо боюнча Бишкек шаардык кеңештин комиссиясы (мындан ары - комиссия) Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо үчүн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт.
2. Комиссия өз ишинде Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктары жөнүндө" токтомун так жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр киришет:
комиссиянын төрагасы - Бишкек шаардык кеңештин төрагасы;
комиссиянын төрагасынын орун басары - Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары;
комиссиянын катчысы - Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Бишкек шаардык кеңештин регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
Комиссияда көрсөтүлбөгөн фракциялардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
4. Комиссия отурумдары Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттардын түшүүсүнө жараша өткөрүлөт.
5. Комиссия өзүнүн отурумдарында Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына сунуштоо жөнүндө өтүнүч каттарды, ошондой эле өз ишинин уюштуруу маселелерин карайт.
6. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
7. Бишкек шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары, депутаттары Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын муниципалдык кызматчыларын (мурунку муниципалдык кызматчыларын) сыйлоо сунушун комиссияга киргизүүгө укуктуу.
8. Сыйлоо жөнүндө сунуштамалар жана өтүнүчтөр жекече так болуусу керек. Сыйлануучу жактын аты-жөнү, ошондой эле сыйлана турган уюмдун толук аталышы комиссиянын протоколунда көрсөтүлөт.
9. Тийиштүү эмес жол-жоболоштурулган сунуштамалар комиссия тарабынан каралбайт жана жеткиликтүү иштеп чыгууга кайтарылып берилет.
10. Комиссиянын сыйлоолор жана сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө чечими сунуштамалардын жана өтүнүч каттардын түшүүсүнө жараша кабыл алынат. Алар майрамдарга жана белгилүү күндөргө, юбилейлик даталарга карата болушу мүмкүн.
11. Өзгөчө учурларда, комиссия Бишкек шаарынын жана Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн жогоруда аталган сыйлыктарысыз, сыйлоого карата өтүнүч каттарды жана сунуштамаларды кароого укуктуу.
12. Уюмдарды, анын юбилейи менен сыйлоодо комиссияга уюмдун түзүлүшүнүн датасы жөнүндө архивдик маалымкат берилет.
13. Сыйлануучуларды кошумча талдап чыгуу үчүн комиссия уюмга, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сыйлоо боюнча сунуштар жөнүндө сурамаларды жасайт.
14. Комиссиянын протоколун жол-жоболоштурууну, сыйлангандарды эсепке алууну жана каттоону, комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоону Бишкек шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иши бөлүмүнүн адистери жүзөгө ашырат.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |