Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 37 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлоо боюнча Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы (мындан ары- комиссия) Депутаттардын Бишкек шаардык кеңеши тарабынан (мындан ары- шаардык кеңеш) шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлоо боюнча ишти уюштуруу, сыйлыктар боюнча ченемдик укуктук документтерди жакшыртуу үчүн депутаттардан түзүлөт.
2. Комиссия өз ишинде Шаардык кеңештин “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө” токтомун жана бул жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын жыйыны Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштардын түшүүсүнө жараша жүргүзүлөт.
4. Комиссия өзүнүн жыйындарында Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды, ошондой эле өз ишин уюштуруу маселелерин карайт.
5. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана протоколдор менен жол-жоболоштурулат.
6. Ардак грамота менен сыйлоого көрсөтүүлөр шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жеке комиссиянын кароосуна киргизилет.
7. Шаардык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары комиссияга Ардак грамота менен шаардык кеңештин аппаратынын муниципалдык кызматкерлерин (мурунку муниципалдык кызматкерлерди) сыйлоого көрсөтүүгө укуктуу.
8. Депутаттарга, ошондой эле комиссияга Ардак грамота менен сыйлоо боюнча сунуштар менен Бишкек шаарынын аткаруу бийлик органдары, муниципалдык чогулуштар, өз алдынча башкаруунун аймактык коомдук органдары, башка уюмдар кайрыла алышат.
9. Шаардык кеңеште Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн төмөнкү документтер жөнөтүлөт жана жол-жоболоштурулат:
-белгиленген тартиптеги сыйлоо барагы;
-депутаттын, комиссиянын суроо-талабы боюнча башка маалымдама-маалыматтык материалдар жана сыйлоого сунушталган жактын, уюмдун иши жөнүндө маалыматтар жана эмгектик жетишкендиктери.
10. Сыйлоо жөнүндө көрсөтүү жана сунуштар так жекече болуусу тийиш. Сыйлануучу жактын аты-жөнү, ошондой эле сыйлануучу уюмдун толук аталышы комиссиянын протоколунда көрсөтүлөт.
11. Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө комиссиянын чечими жана сыйлыктарды тапшыруу көрсөтүүлөрдүн жана сунуштардын түшүүсүнө жараша жүргүзүлөт. Алар майрам жана белгилүү күндөргө, мааракелерге жана башка даталарга карата болушу мүмкүн.
12. Мааракеге байланыштуу уюмду сыйлоодо комиссияга уюмдун түзүлүү датасы жөнүндө архивдик маалымкат берилет.
13. Мааракелик дата менен байланышкан сыйлоого документтер комиссияга маараке датага чейин эки айдан кеч эмес берилет.
14. Зарылчылык болгон учурда, комиссия Ардак грамота менен сыйлоо боюнча сунуштар жөнүндө уюмдарга, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча органдарына суроо-талап жөнөтөт.
15. Сыйлыктар жөнүндө документтерди жол-жоболоштурууну, сыйлангандарды эсептөөнү жана каттоону, комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоону шаардык кеңештин аппараты жүзөгө ашырат.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
Е. Е. Лященко |