Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XXVII сессиясы III чакырылышы
2015-жылдын 8-июну № 279
Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-июнундагы № 282, 2015-жылдын 12-майындагы № 3 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 25-майындагы №192/08-6, 2015-жылдын 26-майындагы №197/08-6-Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттуу багыттарын өзгөртүп берүү жөнүндөгү каттарын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары С.Боронбаева, К.Юсупов, Т.Арапбаева, М.Молдошовдордун арызын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 12-майындагы №17, 2015-жылдын 27-майындагы №20-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын аймагындагы төмөнкү жер тилкелеринин максаттуу багыттарын өзгөртүүгө макулдук берилсин:
- (биринчи абзац Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы № 3 токтому менен жогокко чыгарылды)
-Д.Токуровго караштуу Алай көчөсү №35/1 дарегиндеги 5000,0 м.кв жер тилкесин өндүрүш багытынан көп кабаттуу үй куруу багытына өзгөртүүгө;
-“Универсал Техно Лайн” ЖЧКсына караштуу Авиценна көчөсү №10 дарегиндеги 5562,5 м.кв жер тилкесин өндүрүш багытынан көп кабаттуу үй куруу багытына өзгөртүүгө;
-Пазылов Кайрыллого караштуу Анар кичи району №11-үйдүн түштүк тарабындагы 787,5 м.кв жер тилкесин социалдык багыттан жеке турак-жай куруу багытына өзгөртүүгө;
- С.Аматовго караштуу Ленин көчөсү №222 дарегиндеги 6184.0 м.кв жер тилкенин максаттуу багытын спорттук аянтча багытынан калкты тейлөө жана көп кабаттуу үй куруу багытына өзгөртүү жөнүндөгү.
(Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-июнундагы № 282 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) тиешелүү иш кагаздарын даярдап токтом чыгаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) уруксат иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Марифов) укук-күбөлөндүрүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |