Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын Ак-Терек жаңы конушундагы Каримов Кылычбектин үйүнөн башталган көчөгө эмгектин ардагери Субанов Асилбектин ысмын берүү жөнүндө
«КР географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын Ак-Терек жаңы конушундагы Каримов Кылычбектин үйүнөн башталган көчөгө эмгектин ардагери Субанов Асилбектин ысмын берүү жөнүндө элдик жыйындын токтомун жана Кербен шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 16-июнундагы № 22 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын Ак-Терек жаңы конушундагы Каримов Кылычбектин үйүнөн башталган көчөгө эмгектин ардагери Субанов Асилбектин ысымы берилсин жана ал көчө “Субанов Асилбек атындагы көчө”, деп аталсын.
2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап берсин. Анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
3. Ат коюу салтанатын уюштуруу жана Кербен шаарынын мэриясы менен макулдашылган формадагы, өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты коюлуп жаткан инсандын үй-бүлөсүнө жүктөлсүн.
4. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом «www.Kerben.Aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Шакиевге тапшырылсын.
Төрага | К. Бостонов |