Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-майы № 01-05/ 245
Жапаров Бексултандын арызы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Жапаров Бексултандын Ленина №21-а көчөсүндөгү административдик имаратынын (склад) пайдалануу багытын турак-жай куруу үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор- Ата шаарынын тургуну Жапаров Бексултандын арызы канааттандырылсын.
2. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш-кагаздарды даярдап берүү жагы райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Нусупбеков |