Редакцияот 10.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 10-майы № 01-05/247

А. Маматкулованын арызы жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын тургуну Маматкулова Айгүлдүн «Жылуулук» ишканасынын алдындагы эски имаратынын пайдалануу багытын турак-жай куруу үчүн өзгөртүүгө уруксат сураган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 токтому менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын тургуну Маматкулова Айгүлдүн арызы канааттандырылсын.

2. Пайдалануу багытын өзгөртүүгө бардык иш-кагаздарды даярдап берүү жагы райондук шааркурулушу жана архитектура Башкармасынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин .

 

Төрага

А. Нусупбеков