Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июлу № 3
Ленин айылындагы эс алуу паркын пайдалануу тартиби жөнүндөгү ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңештин XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылындагы эс алуу паркын пайдалануу тартиби жөнүндөгү ЖОБО № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |
Тиркеме
Сузак районунун Ленин айылдык кеңешинин
“22” Июль 2016-ж. № 28 -сессиясынын
токтому менен бекитилди
Сузак районунун Ленин айыл аймагында жайгашкан жайкы эс алуу паркын пайдалануу тартиби жөнүндө
1. Ушул Жобо Сузак районунун Ленин айыл өкмөтү жана Ленин айылдык кеңеши жана “Ленин айыл округунун Турмуш-тиричилик чарбасы” муниципалдык ишканасы (мындан ары - Муниципалдык ишканасы) тарабынан (баарысы мындан ары - тараптар) үч тараптуу макулдашылып, иштелип чыкты жана Сузак районун Ленин айыл аймагында жайгашкан жайкы эс алуу паркын, анын айланасындагы жер участокторун пайдалануу, ижарага берүү маселелерин, тараптардын укук-милдеттерин, функцияларын, пакртын иштөө тартибин аныктайт (белгилейт, жөнгө салат).
2. Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобону бекитүү тууралуу 23.09.2011-жылдан № 571 сандуу токтомун, ушул күнгө чейин жана ушул күндөн кийин тараптардын ортосунда түзүлгөн (жана түзүлө турган) айрым келишимерди эске алуу менен даярдалды жана Ленин айыл аймагында жайгашкан жайкы эс алуу паркын натыйжалуулугун жакшыртууну көздөйт.
3. Тараптын укук-милдеттери укук-ченемдик акты же өзүнчө келишимдердин негизинде дагы аныкталышы мүмкүн.
4. Жайкы эс алуу паркты натыйжалуу пайдалануу ичине төмөнкү багыттарды камтыйт: жергиликтүү калктын бош убактысын өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүү; эл үчүн кошумча оюн-зоок атракциондорду уюштуруу; паркты өркүндөтүү үчүн инвестиция, долбоорлорду тартуу; паркты жаркытандыруу, көрктөндүрүү, тазалыгын сактоо; парктын иштөө тартибин аныктоо; өзүн-өзү каржылоо булактарын изденүү ж.б.
5. Ленин айыл өкмөтү:
- Келишимдин негизинде муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн тиийиштүү техникалык жана каржылык жагын белгилүү өлчөмдө камсыздайт;
- Парктын аймагындагы жана айланасындагы муниципалдык жер участокторун ижарага берет жана ижара келишимдерин түзөт.
- Ленин айылдык кеңешинин уруксаты менен келишимдин негизинде айрым жергиликтүү маанидеги маселелерди Муниципалдык ишканага өткөрүп берет;
- Муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт, парктын иштөө тартибин, натыйжалуулугун камсыздоо аракеттерин көрөт жана Муниципалдык ишканага сунуштайт;
6. Ленин айылдык кеңеши:
- Тийиштүү жоболор, төлөмдөрдүн өлчөмдөрү бекитүүгө милдеттүү;
- Парктын иштешинин натыйжалуулугу үчүн керектүү болгон керектүү укуктук-ченемдик актыларды бекитип берет, финансылык каржылоо жактарын камсыздайт.
7. “Ленин айыл округунун Турмуш-тиричилик чарбасы” муниципалдык ишканасы:
- Эс алуу паркынын аймагында жана айланасында жарыктандыруу, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып кетүү жана керектен чыгаруу, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу, эс алуу паркын ижарага алуучулар тарабынан ижарага алынган аянттарын келишимге ылайык, максаттуу пайдаланууларын көзөмөлдөө, парктын аймагындагы жана айланасындагы мүктөрдүн амандыгын сактоо боюнча кароолчулук кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштурат жана аткарат.
- Өзүнүн милдеттерине байланыштуу штаттык түзүмдөрдү, сметаларды даярдайт жана бекитүүгө сунуштайт.
- Эс алуу паркынын аймагында жана айланасында өрткө-каршы жана санитардык талаптардын сакталышын камсыздайт.
- Эс алуу паркынын иштешинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында башка иш-чараларды изденет, сунуштайт, иш жүзүнө ашырат.
8. Жайкы эс алуу паркындагы жана анын айланасындагы жер участокторун оюн-зоок атракциондор, коомчулукту тамактандыруу түйүндөрү, коммерциялык объекттер, жеке жактар үчүн ижарага берүү укугу Ленин айыл өкмөтүнө гана тиешелүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна, мыйзамга ылайык ишке ашырылат.
9. Парктын ичиндеги жана айланасындагы жер участокторун ижарага алган үчүнчү жак тазалыкты сактоо, кароолчулук кылуу, таштандыларды чыгаруу ж.б. боюнча келишимдерди “Ленин айыл округунун Турмуш-тиричилик чарбасы” муниципалдык ишканасы менен түзөт.
10. Бардык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү Ленин айыл өкмөтү жана Ленин айылдык кеңеши тарабынан аныкталат.
11. Парктын иштөө тартиби муниципалдык ишкана тарабынан даярдалат жана Ленин айыл өкмөтү тарабынан бекитилет.
12. Ленин айыл аймагандагы жайкы эс алуу паркындагы тазалыкты сактоо, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн бүтүндүгүн (амандыгын) сактоо максатында паркка кирүү жана чыгуу убактысы төмөнкүдөй тартипте чектелет: жайкы мезгилде парк саат 08:00 дөн тартып түнкү саат 22:00 гө чейин эл үчүн ачык, кышкы мезгилдерде саат 09:00 дөн тартып 20:00 гө чейин ачык, калган сааттарда парк жабык болот.
13. Парктын аймагына жарандар тарабынан үй жана жапайы жаныбарларын алып кирүүгө, багууга тыюу салынат. Оюн-зоок уюштуруу максатта үй жана жапайы жаныбарлары үчүнчү жактар тарабынан келишимдин негизинде алынып кирилүүсү мүмкүн (атайын уруксаты менен).
14. Кароосуз калган малдардын паркка кирген учурда ал малдар муниципалдык ишканасы тарабынан актынын негизинде убактылуу кармалышы (байланышы) мүмкүн. Мындай учурда малдын ээси административдик жана метриалдык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн, мындай жоопкерчилик Ленин айылдык кеңеши тарабынан бекитилиши мүмкүн.
15. Парктын аймагында жана айланасында тийиштүү өрткө каршы, санитардык талаптарды, коомдук тартипти же келишимди бузган жеке жак (жаран) мыйзам чегинде же келишимге же ушул жобого ылайык административдик, жарандык, кылмыш жана материалдык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
16. Бул жобо кошумча (өзүнчө) келишимдер менен толукталып, өзгөрүлүп туруусу мүмкүн. Макулдашылбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, укук-ченемдик актыларга жана келишимдерге ылайык каралып, чечилүүгө жатат.
Сузак районунун Ленин айыл өкмөтү. Сузак району, Ленин айыл аймагы, Ленин айылы, К.Маматов көч.№3 тел./факс: 03748-60022.
Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы
__________________ Ч.Мурзаканов
“___”________________ 2016-ж
| Сузак районунун Ленин айылдык кеңеши Сузак району, Ленин айыл аймагы, Ленин айылы, К.Маматов көч.№3. тел./факс: 03748-__________.
Ленин айыл кеңешинин төрагасы
__________________ _______________________
“___”________________ 2016-ж
|
“Ленин айыл округунун Турмуш-тиричилик чарбасы” муниципалдык ишканасы ИНН 00503201210172, ОКПО 27715253. Жалал-Абад областы, Сузак району, Ленин айыл аймагы, Ленин айылы, К. Маматов көч.№ 3.
Жетекчиси ________________________________________
“___”________________ 2016-ж. | |