КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин жыйырма үчүнчү сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 21-майы № 23\2
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имарат курулушуна айыл өкмөтүнүн жер аянтынан 1 (бир) сотых жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 25.06.2015-жыл № 82 “Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгү” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10.2015-жыл № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырманчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышынын 20-январь 2016-жыл № 20 \ 4 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө турмушка ашыруу жана Коомдук алдын алуу борборунун курамына, коомдук башталыштагы аксакалдар сотуна, ардегерлер кеңешине, аялдар кеңешине, жаштар кеңешине, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жакшы шарттарды түзүү максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имарат курулушуна айыл өкмөтүнүн жер аянтынан 1 (бир) сотых жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаны имарат курулушунун жер аянтын чектеп жана ченемдик укуктук актыларын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жороевге жүктөлсүн.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имарат курулушунун архитектуралык пландоо шарттарын (АПЗ) даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар курулуш башкармачылыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Токтомушовго тапшырылсын.
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Мойдунова |