Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 35-заседаниясы
2016-жылдын 1-августу № 35/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айылынын элдүү пункттары көчө тибинде эмес жер шартына ыңгайлашып, чачкын жайгашкандыктан көчөлөштүрүүдө уруу-урууга бөлүнбөс үчүн, Корул айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын катышуусу менен жер шартына жараша жайгашуусу боюнча төмөндөгүдөй чектеги аталыштары менен көчөлөр түзүлүүсүн кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы № 467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айылынын элдүү пункттары көчө тибинде эмес жер шартына ыңгайлашып, чачкын жайгашкандыктан көчөлөштүрүүдө уруу-урууга бөлүнбөс үчүн, Корул айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын катышуусу менен жер шартына жараша жайгашуусу боюнча төмөндөгүдөй чектеги аталыштары менен көчөлөр түзүлүүсүн карап, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы № 467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айылынын элдүү пункттары көчө тибинде эмес жер шартына ыңгайлашып, чачкын жайгашкандыктан көчөлөштүрүүдө уруу-урууга бөлүнбөс үчүн, Корул айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын катышуусу менен жер шартына жараша жайгашуусу боюнча төмөндөгүдөй чектеги аталыштары менен эң кичине көчө 20 кожолуктан кем эмес болуп, көчөлөр түзүлсүн.(тиркеме тиркелет).
- Эгер айылдын көчөлөрүнө өмүрү өрнөктүү адамдардын аты коюлуш үчүн, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу же согуштан кайтпай калган жоокерлер, Авган согушунун жана Баткен коогалаңынын катышуучулары жана аскер адамдары;
- Эл арасындагы коомдук, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда иштеген, эмгеги үлгү боло турган инсандар;
- Кыргыз Республикасына эмгеги сиңген, Жогорку Кеңештин депутаты, окмуштуулар, илимпоздор же элдин муктаждыктарын чечкен ишкерлер, эмгеги үлгүлүү түрдүү кесиптин (мугалим, врач, айыл чарбасында иштеген, сыйлыктары бар) ээлери көчөгө атын кое алат.
- Эгер эмгеги сиңген, бирок үй- бүлөөсүндө соттолгон же соттуулугу жоюлбаган адамдарга көчөгө атын коюуга мүмкүн эмес;
- Эгер талаш болуп калса жеринин аты боюнча көчө калат, ар бир үй-бүлөө өз үйүнө көчөнүн табличкасына акчасын төлөп койдурат. Ошол көчөгө караштуу айыл тургундарынын чечиминин негизинде коюлат.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл башчылар К.Закировго, М.Эрмаматовго, А.Аматбековго жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айылдык кеңешинин №29/4 токтомун негиз кылып, Корул айылдык Кенешини 5-чакырылышынын 35-заседаниесинин2016-жылдын |
1. 1-Май айылындагы Байташов Акылдын үйүнө чейин асфальт жол сай жагы менен.
2. Дүйшөндүн көчөсү Тайгараев Жолдубайдын үйүнөн Маданов Көчкөнбайдын үйүнө чейин
3. Тынай көчөсү магазинден Примбаев Койлубайдын үйүнө чейин.
4.Нооруз көчөсү. Нооруз айылы
5. Олжоке көчөсү, мектепке чейин Шоро-Булак кошо
6. Капчыгай көчөсү, Курамаев Амантурдун үйүнөн Аматов Калыктын үйүнө чейин
7. Тогуз-Булак көчөсү, Шамырзаев Мелистин үйүнөн Табалдыев Мырзабектин үйүнө чейин.
8.Чап-Жылга көчөсү, Аматов Эшимбектин үйүнөн Айкулов Бактыбектин үйүнө чейин.
9. Чычырканак көчөсү, китепканадан Акушова Токтобүнүн үйүнө чейин.
10. Сары –Тектир көчөсү Төлөнбаев Асилбектин үйүнөн Кыдыралиев Оролбектин жайлоосуна чейин
11 Кутчу көчөсү. Контордон Кожоев Жаныштын үйүнө чейин, Күнгөй.
12. Тепши-Чаты көчөсү Табалдыев Учкундун үйүнөн Балтабай Кадыровдун үйүнө чейин
13.Таш-Кыя көчөсү, Урустамов Манастын үйүнөн Атаке бейитке чейин.
14. Кара-Таш көчөсү. Муктар Чамашовдуү үйүнөн Абдипатан Кеңешбаевдин үйүнө чейин
15. Борбордук көчө Мурат Абдразаковдун үйүнөн Кебеков Калыктын камогуна чейин.
16. Орон-Жылга көчөсү, Орозалиев Алтынбектин үйүнөн Ибраимов Медербектин үйүнө чейин
17. Мукур көчөсү, Калманбетов Рустамдын үйүнөн Оморов Таштемирдин үйүнө чейин
18. Жол-Жылга көчөсү, Калманбетов Мизадан Умаров Акимжандын үйүнө чейин
19. Ак-Талаа 1 көчөсү , Умаров Тилебалдынын үйүнөн Аматбеков Абдибектин үйүнө чейин.
20. Ак-Талаа 2- Маматумаров Тынчтыкбектин үйүнөн Жээннбеков Чынгыздын үйүнө чейин.
21. Туюк көчөсү, ТМаматумаров Темиркандын үйүнөн Мирлан Раимкуловдун үйүнө чейин.
22. Өтөк көчөсү, Тайчабаров Улукбектин үйүнөн Абдырахманов Абдыкамыттын үйүнө чейин
23. Кең-Жылга көчөсү, Алтын Жороевдин үйүнөн Токтобаев Абдимаматтын үйүнө чейин.
24.Талдуу-Булак 1көчөсү,Эрмек Жусмаматовдун үйүнөн Кутманалы Эргешовдун үйүнө чейин күнгөйү
25. Талдуу-Булак 2көчөсү, Миталип Жусуевдин үйүнөн Замир Жороевдин үйүнө чейин.
26. Мукур 1 көчөсү, Орозалиев Тойгондун үйүнөн Токтобаев Камилдин үйүнө чейин
27. Мукур 2 көчөсү, Орунбай Эркебаевдин үйүнөн Талант Жэтимишовдун көчөсүнөн төмөн жагы
28. Доскул көчөсү, Рысбек Алтымышовдун үйүнөн Арал мечитинен жогору көпүрөгө чейин
29.Арал көчөсү ,Кыдыралиев Эркиндин үйүнөн Жолдубай Кулматов, Коңурбай Сатыбаевдин үйүнө чейин.
30. Кара –Жылга көчөсү Шаршенбек Ажимаматовдун үйүнөн Тилек Осмоналиевдин үйүнө чейин
31. Саз көчөсү Жошолунун дөңүнөн Кеп-Ташка чейин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |