Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-октябры № 16.20
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылындагы маданият үйүнө ат коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы географиялык обьектилерди атоо,алардын атын өзгөртүү,географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү» Жобону жетекчиликке алып Капчыгай айылдык Кеёешинин Терек-Суу айылынын маданият үйүнө ат коюу боюнча Терек-Суу айылынын элдик жыйынын 2016-жылдын 21-октябрындагы протоколунун чечимине ылайык Капчыгай айылдык Кенеши кезексиз он алтынчы сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын 2016-жылдын21-октябрдагы жалпы элдик жыйынынын протоколунун чечими бекитилсин.
2. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Терек-Суу айылынын маданият үйүнө Турганбаев Тынчтыкбек Иркамиловичтин ысымы берилип, «Турганбаев Тынчтыкбек Иркамилович атындагы Терек-Суу маданият үйү» деп аталсын.
3. Турганбаев Тынчтыкбек Иркамилович атындагы Терек-Суу маданият үйүнүн муктаждыктарын толуктоо жагы Турганбаевдердин үй бүлөөсүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн аппаратына тапшырылсын.
Төрага | А. Азимбаев |