Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 4 апрели № 17/3
Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 25.06. 2015- жылдагы № 82 «Коомдук алдын алуу борбору жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.10. 2015- жылдагы № 747 «Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставын бекитүү жөнүндөгү» токтомуна ылайык түзүлгөн Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн. Коомдук алдын алуу борборунун Уставын угуп жана талкуулап Кара-Кочкор айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин (тиркеме тиркелет )
2. Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү жана айылдык аймактык жергиликтүү жамааттары Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун Уставын жетекчиликке алышсын .
Төрага | К. Асанов |
1.Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) – Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштарында укук бузууларынын алдын алууну уюштурууга жана жарандардын биргеликте катышуу максатында тузулгон коммерциялык эмес уюм.
Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун толук аталышы:
-мамлекеттик тилде «Кара-Кочкор» Коомдук алдын алуу борбору «коомдук бирикмеси».
3. КААБ өз ишин «Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чойросундогу башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте кучуно кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналбайт, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү Кеңештин жана тиешелуу денгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык Кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет беруучу уюм.
5. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун дареги:
-Ош областы, Кара-Кулжа району, Кара-Кочкор айылы.
КААБдын максаты ЖОБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелуу аймагында жайгашкан, менчигинин туруно карабастан уюмдардын жана мекемелердин куч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, богот коюуга, аларды жасоого мумкундук беруучу жагдайларды жоюу, жарандардын татибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жургузууго бириктируу.
КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
-жалпы алдын алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдуу пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербоо);
-жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адмдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана корсотмолорду женуу);
-туздон-туз алдын алуу (конкреттуу адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербоо);
-эрте алдын алуу (балдар жана оспурумдор тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербоо).
8. КААБдын милдеттери өзуно төмөнкүлөрду камтыйт:
-мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мумкундук беруучу себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
-мыйзамга каршы журум-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин коруу;
-мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды коруу;
-мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенинууну уюштуруу;
-укуктук билимдерди пропагандалоо;
-жашы жете электерин көзомолсуз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
-тиешелуу айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жургузуу.
9. КААбдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
10. КААБ өзуно жуктолгон милдеттерди аткаруу учун томокунлорго укуктуу:
-өзүнүниши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КААбдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирууго;
-өзүнүнуставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖОБОлорго сунуштарды киргизууго;
-мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
-өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин окулдорун чакырууга;
-зарыл болгон учурда өз окулдорун мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары откоргон жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КААБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберууго;
-тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык тузумдордун жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматташууга;
-мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КААБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
-жалпы максаттарга жетуу учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет олколук инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет олколук уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар турдуу долбоорлорун иштеп чыгууга.
11. КААБ төмөнкүлөрго милдеттүү:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого
-дайыма , жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү Кеңештин жана тиешелуу денгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык Кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө
-мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды корууго,
-коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо талабы боюнча КААБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө,
-жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө
-тиешелуу мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө
-жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КААБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга,
-КААБдын кадыр баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
11. КААБга мучолук ыктыярдуу негизде, жеке жана жааматтык тартипте, жеке жана жааматтык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
12. Кара-Кочкор айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жондомдуу Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгек ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар Кеңешинин, коммерциялык эмес уюмдардын окулдору, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин, кондониумдардын торагалары жанаөзүнүнморалдык-иштиктуу сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтуу аткарууга жондомдуу жарандар КААБдын мүчөлөрү боло алышат.
13. КААБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
14. КААБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
15. КААБдын мүчөлөрү төмөнкүлөрго укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КААБдын жетектоочу жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КААБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- КААБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КААБ тарабынан откорулуучу иш чараларга катышууга.
16. КААБдын мүчөсү төмөнкүлөрго милдеттүү:
- КААБдын Уставын сактоого;
- КААБдын ишине катышууга;
- КААБдын жетектоочу органдарынын чечимдерин аткарууга;
- КААБ тарабынан откорулуучу иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
17. КААБга мучолук томонку учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КААБдын жетектоочу органынын чечиминин негизинде КААБдын мучолугунон чыгаруу;
- КААБдын мүчөсү каза болгондо;
- КААБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жондомсуз болгондо;
- КААБдын мүчөсү ишке деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
18. КААБдан чыгаруу томонку учурларда жургузулот:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шеек келтируучу жоосундарды жасаганда;
- КААБдын ишине уч жолудан ашык баш тартканда.
19. КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
20. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн учтон биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дон ашуун мүчөсү болгон учурда – 25 мүчөсүнон кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
21. Жалпы чогулуштун өзгочо компетенциясын томонку маселелер тузот:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу;
- КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мулкун пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу ( уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын тузуу тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчету жана жылдык балансты бекитүү ;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер;
22. КААБ жалпы чогулуштун жыйындарын откоруу жана мучолорду кат жузундо сурамжылоо менен чечим чыгарышы мумкун.
23. КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
24. КААБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КААБдын Кеңеши саналат, ал КААБдын жалпы чогулушуна жана ЖОБОго отчет берип турат.
25. Кеңештин курамы ЖОБдун аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү Кеңештин чечими менен 2 жылдык моонотко бекитилет.
26. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү Кеңештердин депутаттары, ЖОБдун аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондониумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын окулдору, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КААБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун окулдору кире алышат.
27. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
28. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- тораганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кеңештин иш-чараларын жана пландарын бекитүү ;
- ЖОБОнун жана КААБдын жалпы чогулушун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- КААБдын мучолугуно кабыл алуу жана КААБдын мучолугунон чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык койгойлорду чечуудо активдуу катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө отунуч каттарына киргизуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖОБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул уставга каршы келбеген башка маселелер.
29. Кеңеш коомдук иш башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин торагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин торагасынын орун басары жетекчилик кылат.
30 .КААБдын Кеңешинин торагасынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда бирикмелерде КААБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды тузуу жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана КААБдын каражаттарын тескоо;
- КААБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгочо компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
31. Кеңештин ишин уюштуруучулукту камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
32. Кеңештин чечими менен анын ишин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечуу учун туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар тузулушу мумкун, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
33. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары откорулушу мумкун.
34. Кеңештин жыйынын Кеңештин торагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин торагасынын орун басары алып барат.
35. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
36. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн копчулук добушу менен кабыл алынат жана таризделет, ага Кеңештин торагасы же болбосо жыйынга торагалык кылган адам кол коет.
37. Кеңештин чечими сунуштама мунөзго ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммуникативдуу байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толукттолорду киргизу тартиби
КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу КААБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
КААБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КААБдын мүчөлөрүнүн 2-3тон кем эмес добушу менен кабыл алынат.
КААБдын Уставындагы баардык өзгортуулор жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык кучко ээ болот.
Юридикалык жактардын бирдиктуу мамлекеттик реестрине тиешелуу жазуулар киргизилген учурдан тартып КААБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы учун жоопкерчилик
42. Мыйзамдарды бузган учурда КААБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык-контролдоочу органы
43. КААБдын финансылык жана чарбалык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык моонотко шайлануучу Ревизиялык комиссия контролдойт.
44. КААБдын жетектоочу жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын мүчөсү боло алышпайт.
45. Ревизиялык комиссия жалпы чогулушка отчет берет.
46. КААБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын өз функцияларын аткаруусуна комок корсотууго милдеттүү.
47. КААБдын иши томонку булактардан каржыланат:
-жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
-юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу тогумдорунон;
-жеке жактардын демөөрчүлүгүнөн ;
-гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
-кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган булактардан.
48. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга комок көрсөтүүгө, ошол эле учурда берилуучу ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп беруу менен КААБга откоруп берууго укуктуу.
49. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды откоруп беруу, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү Кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
50. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КААБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын коро алышат.