Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 19
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы мектебинин атын өзгөртүп маркум Нышанов Паиз Жапаровичтин атына кою жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын 16-сентябрындагы №01-15/334 Ноокат шаардык кеңешине жазган катын талкуулап, Ноокат шаарынын Н.К.Крупская атындагы мектебинин чогулушунун 2016-жылдын 2-сентябрындагы №-1 протоколунун, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар" жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү" жобого ылайык Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун сунушун карап чыгып Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы Н.К.Крупская атындагы мектебинин атын маркум Нышанов Паиз Жапаровичтин атына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамынын 13-сатьясында белгиленген "Билим берүү уюмдарына көрүнүктүү инсандардын атын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органынын макулдугу менен жүрүзүлөт"-деген көрсөтмөсүнө ылайык макулдук алуу жагы Ноокат шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |