Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 2
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамын жана Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине Кыргыз Республикаснынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомунун 2-тиркемесине ылайык үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын каржылоосуна сунушталган долбоорлордун иш кагаздарын даярдалгандыгы жана үлүштүк дем берүүчү гранттар боюнча комиссянын кароосуна даярдалган иш кагаздарды жиберүү үчүн Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында демилгелөөчү топтун курамын жана үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмесин сессияда бекитип берүү жөнүндө 2015-жылдын 21-декабрында №03\2091 чыгыш каты менен кайрылышкан.
Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсеби бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн Таранчы көчөсүнөн Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарга брусчатка плиткасын төшөө жумуштарына техникалык көзөмөл жүргүзүүгө 15,0 (он беш миң) сом жана Ленин көчөсүнүн Таранчы көчөсүнөн Таалай көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын арыктарына темир бетон лотокторун жана суу өткөөлдөрүн орнотуу боюнча жумуштарына техникалык көзөмөл жүргүзүүгө 15,0 (он беш миң) сом, жалпысы 30,0 (отуз миң) сом, жергиликтүү бюджеттин экономикалык чыгымдар беренесинен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |
| Нарын шаардык Кеңешинин 21-декабрь 2016-жылдагы XXVI чакырылштагы кезексиз XXXVII сессясынын №2 токтомуна №1 тиркеме |
1. Өмүралиев Эсентур -Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы- комиссиянын төрагасы;
2. ҮрүстөмовЖекшен -Нарын райондук финансы бөлүмүнүн башчысы- комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
3. Дүйшөналиев Алмаз -Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси;
4. Курманов Дабид -Нарын шаардык Кеңешинин депутаты;
5. Нурмамбетова Гүлзат -Нарын билим берүү агенттигинин жетекчиси;
6. Жумаев Майрамбек -“ЛАРК” коомдук фондунун юристи;
7. Арыккулов Зарылбек -Нарын шаарынын тургуну;
8. Супатаева Гүлзат -“Өнүгүү жана жаратман” коомдук фондусунун төрайымы;
9. Асанова Бурул -“Кундуз БИК” кондоминнумунун жетекчиси.
Жоопту катчы | А. Абдыкеримов |
| Нарын шаардык Кеңешинин 21-декабрь 2016-жылдагы XXVI чакырылштагы кезексиз XXXVII сессясынын №2 токтомуна №2 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлор боюнча
МААЛЫМАТ
№ | Долбоордун аталышы | Жалпы сметанын баасы (сом) | Мунун ичинен (сом) | ||
өздүк салым (сом) | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен суралуучу сумма (сом) | Эскертүү | |||
1 | №4 Э. Ибраев атындагы мектептин айланасын темир решетка менен тосуу | 1037288 | 259322 | 777966 | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталды |
2 | №1 Токтогул атындагы орто мектептин ички ремонту | 945623 | 236406 | 709217 | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталды |
3 | №2 «Чебурашка» бала-бакчасынын айланасын темир решетка менен тосуу | 742409 | 198102 | 594307 | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталды |
4 | №16 «Ыйман» бала бакчасынын айланасын теимир решетка менен тосуу | 1319307 | 329849 | 989548 | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталды |
5 | Мазар-Булак паркынын айланасын темир решетка менен тосуу | 765876 | 191469 | 574402 | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталды |
6 | №17 «Ынтымак» бала бакчасынын айланасын темир решетка менен тосуп, эшик жана терезелерин пластике алмашуу | 2673817 | 668454 | 2005363 | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталды |
7 | №9 А. Садыков атындагы орто мектептин ички ремонту | 2989453 | 747363 | 2242090 | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталды |
8 | Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн Таалай көчөсүнөн «Ынтымак» бала бакчасына чейинки бөлгүндөгү тротуардын эки тарабындагы арыктарга темир бетон лотокторун жаткызуу | 2897312 | 724328 | 2172984 | үлүштүк (дем берүүчү) гранттын каржылоосуна сунушталды |
| Бардыгы | 13421085 | 3355293 | 10065792 |
|
Жооптуу катчы | А. Абдыкеримов |