Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-майы №8/11
«Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана Авлетим айылынын Көк-Жаңгак жана Авлетим Кара-Жыгач багытындагы авто жолдун боюндагы жашоочулардын, жаңы конушта жайгашкан тургундардын талаптарын эске алып. ушундай эле Авлетим айьшынын Кербен-Кара-Жыгач багытындагы авто жолдун Ө.Мырзашев атындагы көчө менен кесилишкен бөлүгүн кайрадан башкача атоого мурда ысымы ыйгарылган инсан маркум Ысак Стамкуловдун үй-бүлөсүнүн атынан анын улуу кызы Стамкулова Фариданын Авлетим айылынын жашоочуларынын бир тобунун талабына макул болуп, көчөнүн жогоруда көрсөтүлгөн бөлүгүнүн атын өзгөртүүгө болгон макулдугун көңүлгө алуу менен Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын сегизинчи кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айьшынын борбордук көчөсү болгон Кербен-Кара-Жыгач багытындагы авто жолдун Ө.Мырзашев көчөсүнүн кесилишинен тартып, Кызыл-Туу айыл аймактын чегине чейинки бөлүгүнө эмгек ардагери, маркум Алибеков Мураттын ысымы берилсин жана Авлетим айьлынын борбордук көчөсүнүн бул бөлүгү «Мурат Алибеков атындагы көчө» депп аталсып.
2. Авлетим айылындагы Ысак Стамкулов атындагы көчөнүн чеги Авлетим - Кербен багытында Абдыраманов Нурмырза Абасовичтин үйүнөн Авлетим айылынын жогорку чегине чейин белгиленсин.
3. Көрөнөктөрдүн формасын жана өлчөмдөрүн аныктап берүү, алардын туура жайгашуусуна жана жазылуусуна көзөмөлдүк кылуу Авлетим айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Авлетим айыл өкмөтү менен макулдашылган көрөнөктөрдү жасап илдирүү, ысымы ыйгарылган маркум Алибеков Мураттын үй-бүлөсүнө жана уулу Алибеков Эрниске сунуш кылынсын.
5. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын, маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 токтому менен бекитилген. «Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
7. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юститция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтом www.avletin.aksy.kg сайытына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзшөлдөө “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданов К) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |