Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июну №10/2
"Кыргыз Республикасынын геогрфиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамынын 7 -беренесине ылайык Авлетим айыл аймагынын Товар-Сай айылыньш тургундарынын сунушуна жана "Социалдык" маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна (Протокол № 19.06. 2017жыл) ылайык Авлетим айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Товар-Сай айылындагы борбордук көчөгө Чоң-Товар участкасынан Оут-Сай участкасына өтүүчү Осмоналиев Мелис атындагы көпүрөгө чейинки бөлүгүнө маркум Мамбеталиев Абылкасымдын ысымы берилсин жана Товар- Сай айылынын борбордук көчөсүнүн бөлүгү "Абылкасым Мамбеталиев атындагы көчө" деп аталсын.
2. Көрнөктөрдүн формасын жана өлчөмдөрүн аныктап берүү, алардын туура жайгашуусуна жана жазылуусуна көзөмөлдүк кылуу Авлетим айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү менен макулдашылган "Абылкасым Мамбеталиев атындагы көчө" деген көрнөктү жана үйлөргө номерлерди илүү боюнча иштерди жүргүзүүдө айыл өкмөтүнө ыктыярдуу түрдө көмөктөшүү Мамбеталиев Абылкасымдын уулу Мамбеталиев Кумарбекке сунуш кылынсын.
4. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын, маамыламт базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген" Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндү" жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом www.аvletim.aksy.rg сайтына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө "Социалдык" маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданов К) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |