Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №15
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын 2016-жылдын 10-июнундагы «Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XXXVII сессиясынын (III чакырылыш) №324-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» №390-катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-«Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү Жобонун» 22-пунктуна ылайык, шаардык Кеңештин курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №324-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилип №1-тиркемеге ылайык окулсун (№1-тиркеме тиркелет).
2. Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3. Ар бир айылдын аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө комиссиянын курамында ошол гана айылдын айыл башчысы комиссиянын курамында иш алып баруусу белгиленсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2016-жылдын 24-августундагы
кезектеги IV сессиясынын
№15-токтомуна №1-тиркеме
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы
1. Эшманов С. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысы;
2. Орумбаев М. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты
(макулдашуу менен);
3. Раимбердиев Р. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты
(макулдашуу менен);
4. Арзибаев Б.
5. Папишов К. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты
(макулдашуу менен);
-Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары;
6. Оморалиев К.
7. Уларов К.
8. Пазилов Т.
-Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
-Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;
-Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башкы эсепчиси;
9. Каримов Б. -Ош шаардык жерге жайгаштыру жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кадастр бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
10. Нурмаматова А. -Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын жеке менчик үй куруу бөлүмүнүн адиси;
11. Шакирбек уулу Т. Ош шаардык каржы башкармалыгынын башкы адиси;
12. Аттокуров С. Жапалак суу пайдалануучулар ассоциациясынын башчысы;
13. -Омошов А. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Озгур айылынын айыл башчысы;
-Самидинов К. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөйкөн айылынын айыл башчысы;
-Арзиев Н. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Пятилетка айылынын айыл башчысы;
-Хасанов А. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жапалак айылынын айыл башчысы;
-Осмонов С. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Арек айылынын айыл башчысы;
-Исмаилов Ч. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Качыбек айылынын айыл башчысы;
-Жунусов Т. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Орке айылынын айыл башчысы;
.-Абдикадиров А. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Мээркан айылынын айыл башчысы;
-Аттокуров С. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Кеңеш айылынын айыл башчысы;
-Сатыбалдиев К. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылынын айыл башчысы;
-Умурзаков С. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Гүлбаар-Төлөйкөн айылынын айыл башчысы;
-Султанов Р. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылынын айыл башчысы;
-Шерматов Ю. -Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Керме-Тоо айылынын айыл башчысы;
Эскертүү:Ар бир айылдын аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө комиссиянын курамында ошол гана айылдын айыл башчысы комиссиянын курамында иш алып барат.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |