Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №26
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 23-июнундагы «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезектеги XVI сессиясынын (III чакырылыш) №170- токтому менен бекитилген «Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» №228/08-6 катын карап жана талкуулап, шаардык Кеңештин курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №170-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилип №1-тиркемеге ылайык окулсун (№1-тиркеме тиркелет).
2. Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2016-жылдын 24-августундагы
IV сессиясынын
№ 26-токтомуна №1-тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамы
1. Сабиров Ш.-Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. Осмонов А.-Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын катчысы:
3. Нарынбаева К..-Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык мүлктү каттоо жана экономикалык тариздөө бөлүмүнүн башчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
4. Салиева А-Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
5. Маметова А. Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
6. Нуранов Ш.-Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
7. Алимбеков Н. Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
8. Досбаев Т. -Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы;
9. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы;
10. Нурумбетов Б.-Тарых илимдеринин доктору, билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмери;
11. Жолдошов А.-Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгынын башчысы.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |