Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын26-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери № 150-08 Бишкек шаары2008-жылдын 26-ноябры № 42/4 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына облигацияларын Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайта сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 556"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаш-тыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунажана ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйза-мынын 5, 7, 20, 21 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасы токтом кылат: 1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казынаоблигацияларын Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, ко-шумча жайгаштыруу, кайта сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдүжүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 2. Акчакредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм мененбирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Рес-публикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтсүн. 3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттиккаттоодон өткөртүлгөндөн кийин расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнөкирет. 4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жа-рыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жары-ялангандыгы) тууралу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет ми-нистрлигине маалымдасын. 5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Сүеркул мырзагажүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын төрагасы М.Алапаев