Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын
2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2008-жылдын 26-ноябрындагы
№ 42/4 токтому менен
бекитилген
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына облигацияларын
Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо,
кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар
менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө"
ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 2-октябрындагы № 556 токтому менен бекитилген "Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу,
жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого ылайык иштелип чыккан жана анда
Финансы министрлиги тарабынан чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын мамле-
кеттик казына облигацияларынын (мындан ары - МКО) Улуттук банк аркылуу
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылышынын, кайталап сунушталы-
шынын, кошумча жайгаштырылышынын, кайтара сатылып алынышынын жана алар
менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби аныкталат.
I. Жободо колдонулган терминдер
жана аныктамалар
Ушул Жобонун максаттарында төмөнкү терминдер жана аныктамалар кол-
донулат:
Аукцион - МКО сатуу формасы, мында билдирмелерди канааттандыруу
атаандаштык негизде ишке ашырылат.
Купон боюнча төлөө - купон боюнча төлөмдөрдү МКО ээлеринин эсебине
чегерүү.
Мамлекеттик казына облигациялары (мындан ары - МКО) - пайыздык ки-
решеге (купонго) ээ узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар.
МКОну кошумча аукциондон тышкары жайгаштыруу (кошумча жайгаштыруу
- МКОну атаандашсыз сатуу.
Атаандаштык негизде сатуу - көрсөтүлгөн (билдирилген) баа боюнча
сатылып алынган МКОнун баасын жана санын көрсөтүү менен сатуу.
Купон - МКОго чегерилүүчү пайыздык киреше.
Атаандашсыз сатуу - МКОну аукциондо түптөлгөн орточо салмактанып
алынган баа боюнча сатуу.
Кыйыр катышуучу - МКОну сатып алууга билдирмени Улуттук банктын
биринчилик дилерлери аркылуу беришкен, аукционго түздөн-түз катышуучу
болуп саналышпаган жеке адамдар жана юридикалык жактар.
Кайтара сатып алуу - Эмитент тарабынан жүгүртүүдөгү МКОну сатып
алуу боюнча ишке ашырылган операция.
Чыгаруу параметрлери - МКОнун чыгарылышы жөнүндө маалыматтар: ку-
пондун номери, датасы, чени, купондор боюнча төлөөнүн мезгил аралыгы,
чыгаруу көлөмү, төлөө күнү, аукцион өткөрүлүүчү күн жана МКОну
мүнөздөгөн башка маалыматтар.
Биринчилик дилер - Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекет-
тик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барган жана биринчилик дилер ка-
тары иштөөгө Улуттук банк менен келишим түзгөн финансылык институт.
МКОну төлөө - МКОну каттоочунун эсебине анын жайгаштыруу наркын
которуу.
МКОну кайталап сунуштоо - МКОну атаандаштык негизде кайталап су-
нуштоо.
Тике катышуучу - Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик
баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү
келишим түзүшкөн анын биринчилик дилерлери, финансы-кредит мекемелери,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу, Депозиттерди кор-
гоо боюнча Агенттик.
Чектөө баасы - билдирмелерди канааттандыруу менен аяктаган баа.
Эмитент - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш алып барган
Финансы министрлиги.
II. Жалпы жоболор
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы N
556 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу
кагаздарын чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого
жана ушул Жобого ылайык, Эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде
Улуттук банк МКОлорду жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча (аукцион-
дон тышкары жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсеп-
тешүүлөрдү жүргүзүү операцияларын жүзөгө ашырат.
2.2. МКОну жайгаштыруу жана кошумча сунуштоо Улуттук банк тарабы-
нан аукциондук негизде ишке ашырылат. Аукцион, анын шартында билдирме-
лер катталган купондук ченде, аларда көрсөтүлгөн баа боюнча канааттан-
дырылган ыкмада жүргүзүлөт.
2.3. Аукцион электрондук тоорук системасын пайдалануу менен
өткөрүлөт. Электрондук тоорук системасын пайдалануу мүмкүн эмес болсо,
ал аукцион өткөрүүгө шарт түзгөн кайсыл болбосун башка каражаттар (маа-
лыматтарды колго иштеп чыгуу) аркылуу ишке ашырылат.
2.4. МКОну кошумча (аукциондон тышкары жайгаштыруу (мындан ары -
жайгаштыруу) - бул, Улуттук банк тарабынан атаандашсыз негизде ишке
ашырылуучу МКОнун жарыяланган чыгарылышынан үстөк МКОну жайгаштыруу бо-
луп саналат. Кошумча жайгаштыруу Эмитент тарабынан жарыяланган кошумча
жайгаштыруунун көлөмүнүн чегинде, катталган купондук чен боюнча, тие-
шелүү мөөнөттүүлүктөгү МКОну жайгаштыруу боюнча акыркы өткөрүлгөн аук-
циондо түптөлгөн орточо салмактанып алынган баада ишке ашырылат.
2.5. МКОлорду кайтара сатып алуу Улуттук банк тарабынан ишке ашы-
рылат жана Эмитент тарабынан жарыяланган кайтара сатып алуу көлөмүнүн
чегинде ал белгилеген баада жүзөгө ашырылат.
III. МКОну жайгаштыруу жана кошумча сунуштоону
ишке ашыруу шарттары жана тартиби
3.1. МКОну чыгаруу параметрлери Эмитент тарабынан анын веб-сайтын-
да жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Улуттук банк МКОну
чыгаруу параметрлерин Улуттук банктын веб-сайтында жана электрондук то-
орук системасында жарыялайт.
3.2. Тике катышуучулар аукционго катышуу укугуна ээ. Ал эми кыйыр
катышуучулар биринчилик дилерлер аркылуу билдирмелерди берүү менен аук-
ционго катыша алышат.
3.3. МКОну жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга билдирмелер тике
катышуучу тарабынан Улуттук банкка, ушул Жобого карата 1-тиркемеде кел-
тирилген формага документ жүзүндө берилет. Билдирмелер сыртынан
көрүнбөгөн катуу конвертке салынып берилүүгө тийиш. Тике катышуучу аук-
ционго бир гана билдирме бере алат. Эгерде тике катышуучудан бир аукци-
онго бирден көп билдирме берилген болсо, ага ошол аукционго катышууга
тыюу салынып, ал берген билдирмелердин бардыгы анык эмес катары тааны-
лат.
3.4. Документ түрүндөгү билдирмелер, Улуттук банктын Бишкек шаары,
Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 дареги боюнча жайгашкан имаратынын би-
ринчи кабатындагы Жалпы бөлүмдүн бөлмөсүндөгү "МБК аукциондоруна бил-
дирмелер үчүн" деген ящикке салынууга тийиш. Тике катышуучу билдирме
бергендиги фактысын билдирмелерди каттоо журналында чагылдырышы зарыл.
3.5. Билдирме Улуттук банкка аукцион өткөрүлүүчү күнү саат 12.00
чейин берилүүгө тийиш. Берилген билдирмелер кайтарылып берилбейт.
3.6. Билдирменин ар бир бети ыйгарым укуктуу адамдын колтамгасы
жана тике катышуучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Билдирмеде
тике катышуучунун расмий аталышы, билдирме берилген күн, аукцион
өткөрүлүүчү күн, жайгаштырылуучу чыгарылыштын номери сатылып алынуучу
баалуу кагаздардын саны, баасы жана сатып алуу наркы көрсөтүлөт.
3.7. Биринчилик дилердин билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген
билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан
(кардарлардын билдирмеси) берилген билдирмени да камтышы мүмкүн. Бирин-
чилик дилер болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана
билдирмесинен турууга тийиш.
3.8. Биринчилик дилер өз билдирмесин атаандашсыз сунушу менен бере
албайт.
3.9. Тике катышуучунун атаандаштык сунушу менен өздүк билдирмеси
төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- лоттордун саны - 5 ашпай;
- лоттордун жайгашуусу - сатып алуу баасынын кемип олтурушу тарти-
бинде;
- ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны - 100-гө калдыксыз
бөлүнүүгө тийиш;
- бир лоттогу баалуу кагаздардын минималдуу саны - кеминде 1000
даана, ал эми жарыяланган эмиссия көлөмү 100000 сомдон аз болсо, анда
кеминде 100 даана.
3.10. Тике катышуучунун атаандашсыз сунушу менен өздүк билдирме-
синдеги баалуу кагаздардын минималдуу саны тиешелүү талаптарга жооп
берүүгө тийиш - кеминде 100 даана; жана 10-го калдыксыз бөлүнүүгө ти-
йиш.
3.11. Тике катышуучунун атаандаша алган жана атаандашсыз
бөлүктөрүн кошо алганда, өздүк билдирмесиндеги баалуу кагаздардын жалпы
саны жайгаштырылып жаткан баалуу кагаздардын санынан ашпоого тийиш,
б.а. өздүк билдирмелердин номиналы боюнча суммардык көлөмү чыгарылыштын
жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.
3.12. Атаандаша алган сунушу менен кардарлардын билдирмеси төмөнкү
талаптарга жооп бериши зарыл:
- лоттордун жайгашуусу - сатып алуу баасынын кемип олтурушу тарти-
бинде;
- ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны - 10-го калдыксыз
бөлүнүүгө тийиш;
- бир лоттогу баалуу кагаздардын минималду саны - кеминде 100 даа-
на.
3.13. Бир кардардан келип түшкөн атаандашсыз сунушу менен билдир-
мелердин минималдуу көлөмүнө чек коюлбайт.
3.14. Бир кардардан атаандаша алган жана атаандашсыз бөлүгүн кошо
алганда, келип түшкөн билдирменин максималдуу көлөмү, чыгарылыштын жа-
рыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.
3.15. Сатып алуу баасы жана сатып алуу наркы 1 (бир) тыйынга чейин
так чагылдыруу менен көрсөтүлүүгө тийиш.
3.16. Тариздетүү тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык
эмес катары таанылат жана аукционго катыштырылбайт. Мында, тариздетүү
тартибин бузуу өздүк билдирмелер боюнча катталган болсо, кардарлардын
билдирмесине аукционго катышууга уруксат берилет.
3.17. Улуттук банк билдирмелери аукционго катышуудан четтетилген
тике катышуучуларга, анын себептерин көрсөтүү менен аукциондон кийинки
эки күндөн кечиктирбестен билдирет.
3.18. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, Улуттук банк аук-
циондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуя-
луулугун камсыз кылууга тийиш.
3.19. Атаандашсыз сунушу менен билдирмелер биринчи кезекте канаат-
тандырылат. Канааттандыруунун максималдуу чеги номиналдык наркы боюнча
чыгарылыштын көлөмүнүн 30% түзөт. Эгерде атаандаша албаган сунушу менен
билдирмелердин суммардык көлөмү номиналдык нарк боюнча чыгаруу
көлөмүнүн 30% ашса, алар пропорционалдык негизде канааттандырылат.
3.20. Атаандашсыз сунушу менен билдирмелер канааттандырылгандан
кийин калган чыгарылыштын көлөмү атаандаша алган сунушу менен билдирме-
лер ортосунда бөлүштүрүлөт. Билдирмелердин лоттору сатып алуу баасы бо-
юнча, алардын кемип олтурушу тартибинде, максималдуу баа көрсөтүлгөн
лоттон тартып андан ары чектөө баасына чейин улам кемип олтуруу жолу
менен ишке ашырылат. Эгерде чектөө баасы боюнча бирден көп билдирме бе-
рилген болсо, анда баалуу кагаздарды ошол билдирмелердин ортосунда
бөлүштүрүү пропорционалдуу негизде ишке ашырылат.
3.21. Эгерде чектөө баасы боюнча биринчилик дилердин өздүк билдир-
меси сыяктуу эле анын кардарларынын билдирмелери берилген болсо, анда
биринчилик дилер баалуу кагаздарды ошол билдирмелер ортосунда пропорци-
оналдуу негизде бөлүштүрөт.
3.22. Атаандаша алган сунушу менен берилген билдирмелер боюнча ко-
юлган лоттор, лоттордо көрсөтүлгөн баалар чектөө баасынан төмөн болбо-
со, канааттандырылат.
3.23. Атаандашсыз билдирме орточо салмактанып алынган баада кана-
аттандырылат.
3.24. Аукционго катышууга уруксат берилген билдирмелерди иштеп чы-
гуу аукцион өткөрүлгөн күнү саат 13.00-дөн саат 15.00-гө чейин
жүргүзүлөт. Аукцион өткөрүлгөн күндүн саат 15.00-нөн кечиктирилбестен,
аукциондун алдын ала жыйынтыктары чечим кабыл алуу үчүн факсимиль бай-
ланышы аркылуу Эмитентке жөнөтүлөт.
3.23. Эмитент төмөнкүлөрдүн бирин: аукциондун жыйынтыгын бекитүү
же аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу чечимин кабыл алат.
3.24. Эмитент аукциондун жыйынтыгын төмөнкү чектерде бекитет:
- билдирмелерди максималдуу канааттандыруу, чыгаруу көлөмүнөн
25%га ашуу менен чектелет;
- билдирмелерди минималдуу канааттандыруу МБКнын чыгаруу көлөмүнүн
25%ы менен чектелет (3.27-пунктта аныкталган учурларды эске албаганда).
3.27. Эмитент төмөнкү учурларда аукционду өткөрүлбөгөн катары таа-
нууга укуктуу:
- аукционго катышуучулардын саны үчкө жетпесе;
- эгерде кабыл алынган билдирмелердин орточо алынган кирешелүүлүгү
акыркы аукциондо түптөлгөн орточо алынган кирешелүүлүктөн 15%га ашкан
болсо.
3.28. Улуттук банк, аукцион өткөрүлгөн күндүн саат 16.00-нөн ке-
чиктирбестен аукциондун катышуучуларына анын жыйынтыгы тууралуу маалым-
дайт. Эгерде Эмитент тарабынан аукциондун жыйынтыгы бекитилсе, тике ка-
тышуучуларга аукциондун акыркы жыйынтыгы маалымдалат: суроо-талап жана
жайгаштыруу көлөмү, орточо алынган баа, билдирмелердин максималдуу баа-
сы жана чектөө баасы, аукциондун катышуучуларынын саны; аукционго каты-
шуунун жыйынтыгы боюнча ал жана анын кардарлары сатып алган МКОнун саны
жана наркы тууралуу ар бир тике катышуучуга өз-өзүнчө билдирилет.
3.29. Аукциондун акыркы жыйынтыгы Улуттук банктын мезгилдүү басыл-
маларында жана веб-сайтында жарыяланат.
3.30. МКОну кайталап сунуштоо параметрлери Эмитент тарабынан анын
веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат, Улуттук
банк кайталап сунуштоо параметрлерин өз веб-сайтында жана электрондук
тоорук системасында жарыялайт.
3.31. Билдирмелерди толтуруу шарттары жана берүү тартиби, ошондой
эле МКОну кайталап сунуштоо боюнча аукцион өткөрүү жана анын жыйынтыгын
аныктоо тартиби МКОну жайгаштыруу боюнча билдирмелерди толтуруу, аларды
берүү жана аукцион өткөрүү, анын жыйынтыгын чыгаруу тартибине окшош.
IV. МКОну кошумча жайгаштыруу шарттары жана
аны ишке ашыруу тартиби
4.1. МКОну кошумча жайгаштыруу параметрлери жөнүндө маалыматтан
Эмитент тарабынан анын веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражатта-
рында жарыяланат. Улуттук банк кошумча жайгаштыруу параметрлерин өз
веб-сайтында жана электрондук тоорук системасында жарыялайт.
4.2. Тике катышуучулар кошумча жайгаштырууга катышуу укугуна ээ.
Кыйыр катышуучулар Улуттук банктын биринчилик дилерлери аркылуу билдир-
мелерди берүү менен кошумча жайгаштырууга катыша алышат.
4.3. МКОну кошумча жайгаштырууга билдирмелер тике катышуучулар та-
рабынан Улуттук банкка, ушул Жобого карата 2-тиркемеде келтирилген фор-
мада документ жүзүндө берилет. Документ сыртынан көрүнбөгөн катуу кон-
вертке салынып берилүүгө тийиш.
4.4. Билдирмелер Улуттук банкка кошумча жайгаштыруу ишке ашырылган
күнү саат 12.00 чейин берилүүгө тийиш. Берилген билдирме кайтарылбайт.
4.5. Билдирменин ар бир бети ыйгарым укуктуу адамдын колтамгасы
жана тике катышуучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Билдирмеде
тике катышуучунун расмий аталышы, билдирме берилген күн, кошумча жай-
гаштыруу ишке ашырылган күн, кошумча жайгаштыруу сунушталган чыгарылыш-
тын номери көрсөтүлөт.
4.6. Биринчилик дилердин билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген
билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан
(кардарлардын билдирмеси) берилген билдирмени да камтышы мүмкүн. Бирин-
чилик дилер болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана
билдирмесинен турууга тийиш.
4.7. Кошумча жайгаштырууга тике катышуучунун өздүк билдирмеси жана
же кардарлардын билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:
- лоттордун саны - 1-ден ашпайт;
- ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны - 10-го калдыксыз
бөлүнүүгө тийиш;
- лот боюнча баалуу кагаздардын минималдуу саны - кеминде 100 даа-
на.
4.8. Тике катышуучунун өздүк билдирмесиндеги баалуу кагаздардын
саны кошумча жайгаштыруунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.
4.9. Бир кардар берген билдирменин максималдуу көлөмү кошумча жай-
гаштыруунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.
4.10. Кошумча жайгаштыруууга билдирмелерди берүү тартиби МКОнун
чыгарылышын жайгаштыруу боюнча аукционго билдирмелерди берүү тартибине
окшош.
4.11. Тариздетүү тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык
эмес катары таанылуу менен аукционго катыштырылбайт. Мында тариздетүү
тартибин бузуу өздүк билдирмелер боюнча катталган болсо кардарлардын
билдирмесине аукционго катышууга уруксат берилет.
4.12. Улуттук банк билдирмелери аукционго катыштырылбаган тике ка-
тышуучуларга анын себептерин көрсөтүү менен аукциондон кийинки эки
күндөн кечиктирбестен билдирет.
4.13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
маалыматтарды ачып көрсөтүү учурларын эске албаганда, Улуттук банк аук-
циондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуя-
луулугун камсыз кылууга тийиш.
4.14. Кошумча жайгаштырууга катышуучулардын билдирмелери аларда
көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны боюнча аткарылат. Билдирмелердин
наркы анда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санын тиешелүү
мөөнөттүүлүктөгү МКОну жайгаштыруу боюнча акыркы өткөрүлгөн аукциондо
түптөлгөн орточо салмактанып алынган баага көбөйтүү жолу менен эсепте-
линет. Эгерде билдирмелердин суммардык көлөмү МКОнун номиналдык наркы
боюнча кошумча жайгаштыруу көлөмүнөн ашып кетсе, анда МКОнун ушул бил-
дирмелер ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде ишке ашырылат.
4.15. Кошумча жайгаштырууга катышууга уруксат берилген билдирме-
лерди иштеп чыгуу аукцион өткөрүлгөн күнү саат 13.00-дөн саат 15.00-гө
чейин жүргүзүлөт. Аукцион өткөрүлгөн күндүн саат 15.00-нөн кечиктирил-
бестен аукциондун алдын ала жыйынтыктары чечим кабыл алуу үчүн факси-
миль байланышы аркылуу Эмитентке жөнөтүлөт.
4.16. Улуттук банк, кошумча жайгаштыруу өткөрүлгөн күндүн саат
16.00-нөн кечиктирбестен катышуучуларга анын жыйынтыгы тууралуу маалым-
дайт.
4.17. Кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгы Улуттук банктын мезгилдүү
басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат.
V. МКОнун кайтара сатып алуу шарттары
жана тартиби
5.1. Кайтара сатып алуу сунушталып жаткан МКОнун кайтара сатып
алуу шарттары (сатып алынып жаткан МКОнун баасы, көлөмү жана каттоо но-
мери) жана аны жүргүзүүнүн Эмитент тарабынан анын веб-сайтында жана
жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат, ошондой эле Улуттук банк
тарабынан өз веб-сайтында жана электрондук торук системасында жарыя-
лайт.
5.2. МКОну кайтара сатып алуу тике катышуучулар арасында ишке ашы-
рылат, кыйыр катышуучулар Улуттук банктын биринчилик дилерлери аркылуу
билдирмелерин берүү менен катыша алышат.
5.5. МКОну кайтара сатып алууга катышууга билдирмелер тике катышу-
учу тарабынан Улуттук банкка, ушул Жобого карата 3-тиркемеде келтирил-
ген формага ылайык, документ жүзүндө берилет. Билдирмелер сыртынан
көрүнбөгөн катуу конвертке салынып берилүүгө тийиш. Тике катышуучу аук-
ционго бир гана билдирме бере алат. Эгерде тике катышуу бирден көп бил-
дирме берген болсо, ага кайтара сатып алууга катышууга тыюу салынып, ал
берген билдирмелердин бардыгы анык эмес катары таанылат.
5.4. Документ түрүндөгү билдирмелер, Улуттук банктын Бишкек шаары,
Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 дареги боюнча жайгашкан имаратынын би-
ринчи кабатындагы Жалпы бөлүмдүн бөлмөсүндөгү "МБК аукциондоруна бил-
дирмелер үчүн" деген ящикке салынууга тийиш. Тике катышуучу билдирме
бергендиги фактысын билдирмелерди каттоо журналында чагылдырышы зарыл.
5.5. Билдирме Улуттук банкка кайтара сатып өткөрүлүүчү күнү саат
12.00-гө чейин берилүүгө тийиш. Берилген билдирмелер кайтарылып берил-
бейт.
5.6. Билдирменин ар бир бети ыйгарым укуктуу адамдын колтамгасы
жана тике катышуучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Билдирмеде
тике катышуучунун расмий аталышы, билдирме берилген күн, кайтара сатып
алуу ишке ашырылган күн, сатылып алынган МКОнун каттоо номери
көрсөтүлөт.
5.7. Биринчилик дилердин билдирмеси өз атынан (өздүк) берилген
билдирме сыяктуу эле, кардарларынын - кыйыр катышуучулардын атынан
(кардарлардын билдирмеси) берилген билдирмени да камтышы мүмкүн. Бирин-
чилик дилер болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өзүнүн гана
билдирмесинен турууга тийиш.
5.8. Тике катышуучунун кайтара сатып алууга өздүк билдирмесиндеги
баалуу кагаздардын минималдуу саны тиешелүү талаптарга жооп берүүгө ти-
йиш - кеминде 100 даана; жана 10-го калдыксыз бөлүнүүгө тийиш.
5.9. Тике катышуучунун билдирмесиндеги баалуу кагаздардын саны
кайтара сатылып алынып жаткан баалуу кагаздардын санынан, б.а. өздүк
билдирмелердин көлөмү номиналы боюнча кайтара сатып алуунун жарыяланган
көлөмүнөн ашпоого тийиш.
5.10. Бир кардардан берилген баалуу кагаздардын минималдуу саны
тиешелүү талапка жооп берүүгө тийиш - кеминде 10 даана; жана 10-го кал-
дыксыз бөлүнүүгө тийиш.
5.11. Бир кардардан берилген баалуу кагаздардын саны кайтара сатып
алуунун жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш.
5.12. Тариздетүү тартибин бузуу менен толтурулган билдирмелер анык
эмес катары таанылуу менен кайтара сатып алууга катыштырылбайт. Мында,
тариздетүү тартибин бузуу өздүк билдирмелер боюнча катталган болсо,
кардарлардын билдирмесине кайтара сатып алууга катышууга уруксат бери-
лет.
5.13. Улуттук банк билдирмелери кайтара сатып алууга катышуудан
четтетилген тике катышуучуларга, анын себептерин көрсөтүү менен кайтара
сатып алуу өткөрүлгөн күндөн кийинки эки күндөн кечиктирбестен билди-
рет.
5.14. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
маалыматтарды ачык көрсөтүү учурларын эске албаганда Улуттук банк аук-
циондун катышуучусунун билдирмесинде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуя-
луулугун камсыз кылууга тийиш.
5.15. Кайтара сатып алуунун катышуучуларынын билдирмелери аларда
көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын саны боюнча аткарылат. Билдирмелердин
наркы анда көрсөтүлгөн баалуу кагаздардын санын Эмитент тарабынан бел-
гиленген баага көбөйтүү жолу менен эсептелинет. Кайтара сатып алуу су-
нушу менен келип түшкөн билдирмелердин суммардык көлөмү Эмитент тарабы-
нан белгиленген номиналдык наркы боюнча кайтара сатып алуу көлөмүнөн
ашса, анда аларды канааттандыруу пропорционалдуу негизде ишке ашырылат.
5.16. Кайтара сатып алуу уруксат берилген билдирмелерди иштеп чы-
гуу аукцион өткөрүлгөн күнү саат 13.00-дөн саат 15.00-гө чейин
жүргүзүлөт. Аукцион өткөрүлгөн күндүн саат 15.00-дөн кечиктирилбестен
кайтара сатып алуу жыйынтыктары чечим кабыл алуу үчүн факсимиль байла-
нышы аркылуу Эмитентке жөнөтүлөт.
5.17. Улуттук банк, кайтара сатып алуу өткөрүлгөн күндүн саат
16.00-нөн кечиктирбестен аукциондун катышуучуларына анын жыйынтыгы туу-
ралуу маалымдайт.
5.18. Кайтара сатып алуунун жыйынтыгы Улуттук банктын мезгилдүү
басылмаларында жана веб-сайтында жарыяланат.
VI. Эсептөөлөр
6.1. Жайгаштыруу жана кошумча жайгаштырууга тиешелүү аукциондун
жыйынтыгы боюнча эсептөөлөр МКО чыгаруу күнүнө карата ишке ашырылат,
кайталап сунуштоо жана кайтара сатып алуу кийинки жумуш күнү, купондук
төлөмдөрдү төлөө жана МКОну жабуу МКОну чыгаруу шарттарына ылайык ишке
ашырылат.
6.2. Тике катышуучулар МКОну чыгаруу күнүндө жайгаштыруу жана ко-
шумча жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга берилген билдирмеге ыла-
йык, МКОнун сатылып алынган санына төлөө үчүн акча каражаттарынын же-
тиштүү көлөмүн камсыз кылат.
6.3. Тике катышуучулар кайталап сунуштоо ишке ашырылгандан кийинки
иш күнү кайталап сунуштоо боюнча аукционго катышууга берилген билдирме-
ге ылайык, МКОнун сатылып алынган санына төлөө үчүн акча каражаттарынын
жетиштүү көлөмүн камсыз кылат.
6.4. Кайталап сатып алуу ишке ашырылган күндөн кийинки иш күнү
Эмитент кайтара сатып алууну сунуштоо боюнча аукционго катышууга берил-
ген билдирмеге ылайык, МКОнун сатылып алынган санына төлөө үчүн акча
каражаттарынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылат.
6.5. Сатылып алынган МКОлорго бөлүп төлөөгө жол берилбейт. Эгерде
тике катышуучунун сатылып алынган МКОлорго төлөө үчүн жетиштүү каражаты
жок болсо, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда аукциондун
тике катышуучусу Эмитентке сатылып алынган МКОнун номиналдык наркынан
бир пайыз өлчөмүндө бирок аукциондун тике катышуучусунун төлөнгөн ус-
тавдык капиталынын бир пайызынан ашпаган өлчөмдө неустойка төлөп берет.
Неустойканы төлөгөнгө чейин тике катышуучуга кийинки аукциондорго каты-
шууга жол берилбейт.
6.6. Жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу боюнча
аукциондордун жыйынтыгына ылайык эсептөөлөр аяктагандан кийин Улуттуук
банк аукциондун тике катышуучусуна сатылып алынган. Мындай укукту тас-
тыктаган документти (4-тиркеме) берет.
6.7. Улуттук банк Эмитенттин тапшыруусунун негизинде МКО боюнча
купондук төлөмдөрдү төлөөнү жана МКОлорду чыгаруу шарттарына ылайык,
Эмитент тарабынан аныкталган күнгө карата МКОнун ордун жабууну жүзөгө
ашырат.
6.8. Эмитент МКОну чыгаруу шарттарына ылайык МКО боюнча купондук
төлөмдөрдү төлөөгө жана Эмитент тарабынан аныкталган күнгө карата МКО-
нун ордун жабууга жетиштүү көлөмдөгү акча каражаттары менен камсыз кы-
лат.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына
облигацияларын Улуттук банк аркылуу
жайгаштыруу, кайталап сунуштоо,
кошумча жайгаштыруу, кайтара
сатып алуу жана алар менен
эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө"
жобого карата
№ 1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы
МКОлорду жайгаштыруу боюнча аукционго катышууга
БИЛДИРМЕ
Мындан ары "Катышуучу" деп аталуучу (аукциондун тике катышуучусу-
нун аталышы), ушул аркылуу өткөрүлүп жаткан аукциондо (аукционду
өткөрүү күнү) _______ каттоо номериндеги МКОну төмөнкү шарттарда сатып
алууга даяр экендигин билдирет:
Өз атынан:
-----------------------------------------------------------------------
| Жеке билдирме |
|---------------------------------------------------------------------|
| Атаандаша алган билдирме |
|---------------------------------------------------------------------|
| Лот N |Сатып алуу баасы|МКОлордун саны|Сатып алуу наркы|
| | (сом) | (даана) | (сом) |
|--------------------|----------------|--------------|----------------|
| 1 | 2 | 3 | 4 = 2 * 3 |
|--------------------|----------------|--------------|----------------|
| | | | |

| Атаандаштык билдирме(1) |
|---------------------------------------------------------------------|
| МКОлордун саны (даана) |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
-----------------------------------------------------------------------
Өз кардарларынын атынан(2):
-----------------------------------------------------------------------
| Кардарлардын билдирмеси |

| Атаандашсыз билдирме |
|---------------------------------------------------------------------|
| МКОлордун саны (даана) |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
-----------------------------------------------------------------------
Катышуучу аукцион өткөрүү эрежелери менен таанышты жана ошодон
улам келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди өзүнө алат.
______________________ _____________________ _____________________
(кызматы) (колтамгасы) (аты-жөнү)
датасы М.О.
Аткаруучунун аты-жөнү
тел.:
_____________________
Эскертүү:
(1) Улуттук банктын биринчилик дилери болуп саналган Катышуучу та-
рабынан гана толтурулат.
(2) Кардарлардын билдирмеси болгон шартта, Улуттук банктын бирин-
чилик дилери болуп саналган Катышуучу тарабынан гана толтурулат.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына
облигацияларын Улуттук банк аркылуу
жайгаштыруу, кайталап сунуштоо,
кошумча жайгаштыруу, кайтара
сатып алуу жана алар менен
эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө"
жобого карата
№ 2 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы
МКОлорду кошумча жайгаштырууга
БИЛДИРМЕ
Мындан ары "Катышуучу" деп аталуучу (аукциондун тике катышуучусу-
нун аталышы), ушул аркылуу өткөрүлүп жаткан кошумча жайгаштырууда (ко-
шумча жайгаштырууну өткөрүү күнү) _________ каттоо номериндеги МКОну
төмөнкү шарттарда, орточо салмактанып алынган баада (ХХХХ сом) сатып
алууга даяр экендигин билдирет:
өз атынан:
-----------------------------------------------------------------------
| Жеке билдирме |
|---------------------------------------------------------------------|
| МКОлордун саны (даана) |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
-----------------------------------------------------------------------
өз кардарларынын атынан(1):
-----------------------------------------------------------------------
| Кардарлардын билдирмеси |
|---------------------------------------------------------------------|
| МКОлордун саны (даана) |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
-----------------------------------------------------------------------
Катышуучу аукцион өткөрүү эрежелери менен таанышты жана ошодон
улам келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди өзүнө алат.
______________________ _____________________ _____________________
(кызматы) (колтамгасы) (аты-жөнү)
датасы М.О.
Аткаруучунун аты-жөнү
тел.:
_____________________
Эскертүү:
(1) Кардарлардын билдирмеси болгон шартта Улуттук банктын биринчи-
лик дилери болуп саналган Катышуучу тарабынан толтурулат.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына
облигацияларын Улуттук банк аркылуу
жайгаштыруу, кайталап сунуштоо,
кошумча жайгаштыруу, кайтара
сатып алуу жана алар менен
эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө"
жобого карата
№ 3 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы
МКОлорду кайтара сатып алууга катышууга
БИЛДИРМЕ
Мындан ары "Катышуучу" деп аталуучу (кайтара сатып алуунун тике
катышуучусунун аталышы), ушул аркылуу өткөрүлүп жаткан кайтара сатып
алууга (кайтара сатып алуу күнү) _________ каттоо номериндеги МКОну
төмөнкү шарттарда, орточо салмактанып алынган баада (ХХХХ сом) сатып
алууга даяр экендигин билдирет:
Өз атынан:
-----------------------------------------------------------------------
| Жеке билдирме |
|---------------------------------------------------------------------|
| МКОлордун саны (даана) |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
-----------------------------------------------------------------------
Кардарлардын атынан(1):
-----------------------------------------------------------------------
| Кардарлардын билдирмеси |
|---------------------------------------------------------------------|
| МКОлордун саны (даана) |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
|---------------------------------------------------------------------|
| |
-----------------------------------------------------------------------
Катышуучу аукцион өткөрүү эрежелери менен таанышты жана ошодон
улам келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди өзүнө алат.
______________________ _____________________ _____________________
(кызматы) (колтамгасы) (аты-жөнү)
датасы М.О.
Аткаруучунун аты-жөнү
тел.:
_____________________
Эскертүү:
(1) Кардарлардын билдирмеси болгон шартта Улуттук банктын биринчи-
лик дилери болуп саналган Катышуучу тарабынан толтурулат.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына
облигацияларын Улуттук банк аркылуу
жайгаштыруу, кайталап сунуштоо,
кошумча жайгаштыруу, кайтара
сатып алуу жана алар менен
эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн
тартиби жөнүндө"
жобого карата
№ 4 тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы
КВИТАНЦИЯ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул аркылуу болуп өткөн
(жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу боюнча аукциондун)
жыйынтыгы боюнча (өткөрүлгөн күн) төмөнкү чыгарылыштагы МКОлордун ээси
катары таанылат:
-----------------------------------------------------------------------
| МКО | МКОлордун саны | Сумма (сом) |Купондук|Купонго |
|чыгарылышынын| (даана) | | чен | берүү |
|каттоо номери|------------------|------------------| |шарттары|
| |Өздүк|Кардарлардын|Өздүк|Кардарлардын| |(төлөө |
| | | | | | |мезгил |
| | | | | | |аралыгы)|
|-------------|-----|------------|-----|------------|--------|--------|
| | | | | | | |
|-------------|-----|------------|-----|------------|--------|--------|
| | | | | | | |
-----------------------------------------------------------------------
Начальник _____________________ _____________________
(колтамгасы) (аты-жөнү)
Аткаруучунун аты-жөнү
тел.:
_____________________