Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 2017-Б-14/48-3-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
4-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 26-09
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 28-январы № 4/6
«Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу
Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунуш кылынган "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кароого сунушталган "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төлөм системалары башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүшсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине маалымдасын.
5. Төлөм системалары башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, "Банктар аралык процессинг борбору" Жабык акционердик коомун, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы, коммерциялык банктар жана "Банктар аралык процессинг борбору" Жабык акционердик коому "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобого ылайык, өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта системанын персоналынын иш регламентин, иш жүргүзүү, өз ара аракеттенүү жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо пайдаланылган ар бир системанын ыргактуу ишин калыбына келтирүү тартиптерин белгилеген ички жол-жоболордун топтомун 2009-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө иштеп чыгышсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары З.Л.Токоев мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын төрагасы |
М.Алапаев
|