Загрузка документа…
КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-ноябрындагы № 2017-Б-14/48-3-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын
4-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 26-09
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы № 4/6 токтому менен бекитилген |
Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө жобо
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.2. Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) төлөм системасында төмөнкүлөргө тиешелүү өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда персоналдын иш-аракеттерине жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги түшүнүктөр жана талаптар аныкталган:
1) энергия менен камсыз кылууда орун алган үзгүлтүктөргө;
2) аппараттык же программалык камсыздоодо үзгүлтүктөргө;
3) системанын байланыш каналдарында үзгүлтүктөргө;
4) системанын иш регламентинин бузулушуна;
5) системадан санкциясыз пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнө;
6) алдамчылык жолу аркылуу;
7) форс-мажордук жагдайлар боюнча.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга", "Маалыматташтыруу жана электрондук тескөө" (мындан ары - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын резиденттеринен болуп саналган төлөм системасынын катышуучуларына жана операторлоруна таркатылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) системалуу мааниге ээ төлөм системаларын;
2) маанилүү төлөм системаларын;
3) башка төлөм системаларын.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
1.5. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана анын иш регламентинин сакталышы үчүн жоопкерчилик төлөм системасынын операторлоруна жана катышуучуларына жүктөлөт. Төлөмдөрдү/которууларды жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү процессинде өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда, тараптардын жоопкерчилигин бөлүштүрүү, маалымдоо тартиби жана убактысы операторлор менен катышуучулар ортосундагы келишимдерде, ошондой эле төлөм системасынын персоналынын иштөө жана өзара иш алып баруу тартибин белгилеген ички жол жоболордо аныкталат.
1.6. Төлөм системасынын персоналы, системанын операторунун персоналынан жана катышуучунун персоналынан туруу менен негизги жана кайталоочу курамды камтууга тийиш. Эгерде негизги курамдын адистеринин кимдир бирөөсү жок болуп калса, анын функциясын кайталоочу курамдан адис аткарат.
1.7. Төлөм системасынын операторунун персоналы төмөнкүлөрдөн турат:
- төлөмдөрдү (которууларды) жана билдирүүлөрдү топтоо, иштеп чыгуу жана жөнөтүү боюнча башкаруу функциясын аткарышкан адистерден;
- жыйынтыктап эсептөөлөрдү кошо алганда, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну тескөө функциясын аткарышкан адистерден;
- системанын техникалык инфраструктурасынын үзгүлтүксүз ишин жана алардын коопсуздугун камсыз кылган, коштоп жүрүү ишин аткарган адистерден.
1.8. Төлөм системасынын катышуучусунун персоналына төмөнкүлөр кирет:
- системанын чегинде төлөмдөрдү (которууларды) түзүү, жөнөтүү жана кабыл алуу функцияларын, ошондой эле башка маалыматтар менен алмашуу функциясын аткарышкан адистер;
- системанын техникалык инфраструктурасынын үзгүлтүксүз ишин жана алардын коопсуздугун камсыз кылган, коштоп жүрүү ишин аткарган адистерден.
1.9. Төлөм системасынын операторлорунун жана катышуучуларынын ички жол-жоболорунда өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда системанын иш регламенти, иш жүргүзүү тартиби жана персоналдын өзара аракеттенүү тартиби, ошондой эле системанын ишин калыбына келтирүү боюнча чаралар белгиленүүгө тийиш. Бул жол жоболордо милдеттүү түрдө төмөнкүлөр каралышы зарыл:
- системанын жетекчилигине жана персоналына өзгөчө кырдаалдын келип чыккандыгы жөнүндө маалымдоо тартиби жана мөөнөтү;
- өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу фактысын атайын журналга каттоо (кайсыл күнү, кайсы убакта келип чыккандыгын кыскача сүрөттөп жазуу);
- келип чыккан проблемалар системанын персоналынын жоопкерчиликтүү аткаруучулары деңгээлинде, жободо каралган убакытта чечилбесе, андан ары аракеттенүү тартиби;
- өзгөчө кырдаалдар четтетилип, системанын иши калыбына келтирилгенден кийин, системанын жетекчилигине жана персоналына иштин калыбына келтирилгендиги жөнүндө маалыматтарды каттоо (өзгөчө кырдаалдардын келип чыккан убактысын, себебин жана жоопкерчиликтүү адамдардын аны четтетүү боюнча көргөн чараларынын кыскача мазмунун), түптөлгөн жагдай жөнүндө актыларды жана эксперттик корутундуларды даярдоону кошо алганда, тиешелүү маалыматтарды берүү тартиби жана мөөнөтү.
1.10. Төлөм системасынын техникалык инфраструктурасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- негизги аппараттык-программалык комплексти (мындан ары - АПК), ага системанын кадимки ишин камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда аларды калыбына келтирүү боюнча бир катар талаптар коюлат;
- негизги аппараттык-программалык комплекстин кайсыл бир компоненти иштен чыккан учурда, системанын штаттык ишин толук камсыз кылууга тийиш болгон резервдик АПКны;
- байланыш каналдарын жана маалыматтарды берүү коопсуздугун камсыз кылуучу каражаттарды.
1.11. Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы мүмкүндүгү тобокелдигин минимизациялоо:
Төлөм системасынын иши, ар бир системанын ичинде белгиленген, иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча критерийлерге ылайык жүзөгө ашырылууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча негизги жана резервдик борборлорду, негизгиден резервдик АПКга системанын ишин автоматтык түрдө же кол күчү менен которуу жана иште үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, аларды кайрадан которуу;
- санкциясыз кирүү тобокелдигин минимумга жеткирген, маалыматтарды берүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу каражаттары;
- системанын ишинде үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, анын токтоп калуусунун белгиленген чектүү убактысын;
- системанын штаттык ишин толук калыбына келтиргенге чейин, иштин токтоп туруусунун максималдуу жол берилген убактысын көрсөтүү менен негизги жана резервдик АПК ортосунда автоматтык же кол күчү менен которуунун бекитилген убактысынын максималдуу узактыгын;
- иш токтоп турган учурларда маалымат базасын калыбына келтирүүнүн чектелген убактысы;
- негизги жана резервдик АПКнын иши токтоп калган учурларда, системанын ишин калыбына келтирүү үчүн каралган максималдуу жол берилген убакыт критерийин.
Системаны модернизациялоо, белгиленген критерийлердин бузулушуна алып келген өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда түптөлгөн жагдайды четтетүү боюнча чаралар, төлөм системасынын берүүчүлөрү менен өз ара иш алып баруу тартиби алар менен түзүлгөн келишиминде аныкталууга тийиш.
Системанын операторлорунун колунда төмөнкү жол-жоболордун болушу зарыл:
- системанын АПКсынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана чейрек ичинде системанын токтоп туруусунун бир жолку жана суммардык убактысын көрсөтүү менен анын иштөөсү үчүн талап кылынган байланыш каналдарын болушуна тиешелүү;
- системанын штаттык иши толук калыбына келтирилгенге чейинки токтоп туруунун максималдуу жол берилген убактысын көрсөтүү менен негизги жана резервдик АПК ортосунда туташууларды жүзөгө ашыруу боюнча;
- системанын операторунун персоналы тарабынан резервдик АПКнын, байланыш каналдарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдү жүргүзүү жана системанын ишин негизги АПКдан резервдик АПКга жана тескерисинче которуп туруу ишин тесттен өткөрүү боюнча;
- системанын операторунун персоналынын жумушчу станцияларынын ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча;
- бузууга же бурмалоолорго жол берилген учурларда, белгиленген регламентке ылайык маалыматтардын калыбына келтирилишин камсыз кылуу боюнча;
- система аркылуу берилген жана алынган маалыматтардын купуялуулугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылуу боюнча.
Системанын катышуучуларынын колунда төмөнкүлөр боюнча жол-жоболордун болушу зарыл:
- системанын катышуучусунун персоналынын жумушчу станцияларынын ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча;
- маалыматтарды берүү боюнча байланыш каналдарынын резервин түзүү жагында;
- система аркылуу берилген жана алынган маалыматтардын купуялуулугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылуу боюнча.
1.12. Системалуу мааниге ээ төлөм системасында жана Улуттук банктын SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнүндө катышуучулардын ишинде жумушчу станцияларына же байланыш каналдарына тиешелүү проблемалар келип чыккан учурда, системада төлөм документтерин жана башка билдирмелерди топтоо, жөнөтүү/кабыл алуу ишин камсыз кылууга жөндөмдүү Бирдиктүү сервистик борбор (мындан ары - БСБ) түзүлүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
1.13. Улуттук банк төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- төлөм системасынын ишине мониторингди жана көзөмөлдүктү;
- ЖПТ SWIFT банктар аралык коммуникациялык түйүндүн ишине контролдукту;
- төлөм системасынын операторлорунун же катышуучуларынын системаларынын иши стандарттарга жана ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүсүнө текшерүүлөрдү жүргүзүү.
2. Аныктамалар
2.1. Бул жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар -
1) "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамда;
2) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жободо;
3) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатта" келтирилген терминдерге жана аныктамаларга дал келет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Бул Жободо кошумча дагы төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Өзгөчө кырдаал - өзүнчө төлөм системасынын тобокелдиктерди тескөө боюнча каралган автоматтык каражаттары менен системанын иштөө эрежелерине жана технологияларына ылайык чечүүгө мүмкүн болбогон жана аны чечүү үчүн ошол төлөм системасынын операторунун же катышуучусунун персоналынын атайын уюштурулган иши талап кылынган, иш жагдайы. Өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу эрежелери, персоналдын жоопкерчилиги жана өз ара иш алып баруусу төлөм системасынын операторунун же катышуучусунун ички жол-жоболорунда аныкталат.
Payme№t Card I№dustry Data Security Sta№dard (PCI DSS) - эл аралык төлөм системалары ("Visa" и "MasterCard") тарабынан иштелип чыккан, банктык төлөм карттар жагында маалыматтарды коргоо параметрлерин аныктаган стандарт.
"Floor limit" - транзакциялардын максималдуу суммасы, анын чегинде соода-сервистик ишканалар авторизациялык талапсыз эле, банктык төлөм карттары менен операцияларды жүргүзө алышат.
Төлөм системасында алдамчылыкка жол берилиши - ушул жобонун чегинде бул, системанын операторунун/катышуучусунун персоналынын (ички алдамчылык) же үчүнчү тараптын (сырттан алдамчылык) санкциясыз кирүүгө жана системанын катышуучуларынын жана/же алардын кардарларынын банктык эсептеринен акча каражаттарын алуу үчүн банктык купуялуулукка (сырга) кирген маалыматтарды пайдаланууга багытталган укукка жатпаган, билип туруп атайлап жасалган алдамчылык аракети.
Мындай аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
- купуялуулукту камтыган ички маалыматтарды ачыкка чыгаруу;
- маалыматтардан, жабдуулардан пайдалануу укугун бузууга, маалыматтардын тымызын таркап кетишине жол берүү;
- маалыматтарды атайылап алып салуу, бул системанын операторунун же катышуучусунун өз кардарларынын алдында же үчүнчү жактар алдында алган милдеттенмесин аткара албай калуусуна алып келиши ыктымал;
- чындыкка дал келбеген же бурмаланган маалыматтарды пайдалануу;
- жасалма банктык төлөм карттарды жасоого баруу;
- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, ошондой эле нак акча алуу максатында уурдалган же таап алынган банктык төлөм карттары менен операциялар;
- соода түйүнү (мындан ары - соода-сервистик ишкана) тарабынан бир жолку төлөө фактысы боюнча бир нече төлөм чектерин каттатуу аркылуу, эсептен бир нече жолу акча каражаттарын алуу;
- соода-сервистик ишканада товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө белгиленген лимиттен ашпаган суммада ("floor limit"), авторизациялоону жүргүзүүнү талап кылбаган көп жолку төлөөлөр;
- жасалма документтерди жана банктык төлөм карт ээлеринин жоголгон, уурдаткан документтерин пайдалануу менен алдамчылыкка баруулар;
- почта/телефон аркылуу, Интернет аркылуу буйрутмаларды (заказ) берүүгө байланышкан алдамчылыктар;
- нак акча каражаттарын берүү учурунда банкоматтарды алдамчылыкка баруу менен пайдалануу;
- электрондук жазуучу аппараттарды терминалга/банкоматка туташтыруу;
- алдамчылыкка баруунун башка жолдору (жасалма слиптерди пайдалануу, банктык төлөм карттарды тейлөөчү жалган ишканаларды түзүү жана аны пайдалануу ж.б.у.с).
3. Төлөм системасындагы өзгөчө кырдаалдар
3.1. Энергия менен камсыз кылуудагы үзгүлтүктөр
3.1.1. Системанын оператору жана катышуучусу анын иши үчүн энергия менен камсыз кылуучу линиялардын жана башка түпкү жабдуулардын кубаттулугунун бул багытта белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн камсыз кылууга тийиш.
3.1.2. Энергия менен жабдууда үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, системанын операторунда же катышуучусунда системанын автономиялуу иши камсыз кылынышы зарыл.
3.1.3. Системанын операторунун жана катышуучусунун колунда, анын автономиялуу иштеп турган убактысын жөнгө салган, ошодой эле энергия берүү токтогон учурдан системанын резервдик аппараттык-программалык комплексинин кийинки туташуусуна чейинки автономиялуу иштин узактыгы боюнча талаптардын аткарылышын камсыз кылган, жол-жоболор болууга тийиш.
3.1.4. Системалуу мааниге төлөм системасынын катышуучусу энергия менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган шартта, төлөм документтерин Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипке жана регламентке ылайык БСБ аркылуу жөнөтүүнү/кабыл алууну камсыз кылууга тийиш.
3.1.5. Энергия менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган шартта SWIFT ЖПТнын катышуучусу төлөм документтерин жөнөтүүнү/кабыл алууну Улуттук банк тарабынан белгиленген иш тартибине жана регламентке ылайык, БСБ жумушчу станциялары же системанын катышуучулары пайдаланган маалыматтарды берүүнүн башка, ушундай эле каналдарын пайдалана алат.
3.1.6. Энергия менен камсыздоо калыбына келтирилгенден кийин, ишти негизги аппараттык-программалык комплекске которуу системанын катышуучусунун же операторунун ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
3.2. Системанын аппараттык жана/же программалык камсыздоосундагы үзгүлтүктөр
3.2.1. Аппараттык камсыздоодогу үзгүлтүктөр өзүндө, системанын операторунун же катышуучусунун сервердик, түйүндүк, криптографикалык жабдууларынын, банктык төлөм карттарды персонализациялоочу жабдуулардын жана жумушчу станцияларынын бузулушу же иштен чыгышы жагдайларын камтыйт.
3.2.2. Программалык камсыздоодогу үзгүлтүктөр өзүндө, операциялык системанын ишиндеги, прикладдык программалык камсыздоодогу, серверден пайдаланууну камсыз кылуучу программалык камсыздоодогу, PKI инфраструктурасындагы жана системанын персоналынын жумушчу станцияларындагы кемчиликтерди камтыйт.
3.2.3. Системалуу мааниге ээ төлөм системасында системанын аппараттык жана/же программалык камсыздоосунда же оператордун жумушчу станцияларында үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипке ылайык, резервдик АПКга же оператордун резервдик жумушчу станциясына автоматтык түрдө же кол менен туташтыруу ишке ашырылат. Резервдик АПКга туташуу мүмкүн болбосо, системанын катышуучуларынын төлөмдөрүн иштеп чыгуу жана жыйынтыктап эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипке ылайык, документтердин кагаз жүзүндөгү формасын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.
3.2.4. Системанын катышуучуларынын аппараттык же программалык камсыздоолору иштен чыккан учурда, алар ички жол-жоболоруна ылайык альтернативалуу жана/же резервдик каражаттарды пайдаланууну камсыз кылуулары зарыл.
3.2.5. Системалуу мааниге ээ төлөм системасынын катышуучусу өз резервдик жабдуусунан ишти уланта албаган жагдайлар келип чыккан шартта, ал тиешелүү иштерди аткарууну Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипке жана регламентке ылайык, БСБ жумушчу станциясы аркылуу ишке ашырат.
3.2.6. Маанилүү төлөм системасынын катышуучусу резервдик жумушчу станциясында тиешелүү ишти аткарууну уланта албаса, ал иштер БСБ операторунун жумушчу станциялары аркылуу, оператор белгилеген тартипке жана регламентке ылайык ишке ашырылышы мүмкүн.
3.2.7. SWIFT ЖПТ катышуучусу өзүнүн резервдик жабдуусунда тиешелүү ишти уланта албаган жагдайга туш болсо, тиешелүү ишти аткарууну ал Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипке жана регламентке ылайык, БСБ жумушчу станциясы же системанын катышуучулары пайдаланган маалыматтарды берүүнүн альтернативалуу каналы аркылуу уланта алат.
3.3. Системанын байланыш каналдарындагы үзгүлтүктөр
3.3.1. Негизги жана резервдик АПК ортосунда негизги байланыш каналында иштин үзгүлтүккө учурашы шартында, системанын оператору ички жол-жоболоруна ылайык, байланыштын резервдик каналына туташуусу зарыл.
3.3.2. Системанын оператору менен катышуучусунун ортосундагы негизги байланыш каналында иш үзгүлтүккө учураган шартта, системанын катышуучусу өзүнүн ички жол-жоболоруна ылайык, өз резервдик байланыш каналына туташуусу зарыл.
3.3.3. Системалуу мааниге ээ төлөм системасынын жана SWIFT ЖПТ катышуучусунун байланыш каналдарынын экөөсү тең иштен чыккан учурда, системанын төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн кабыл алуу жана жөнөтүү иши Улуттук банк тарабынан белгиленген иш тартибине жана регламентине ылайык, БСБ аркылуу ишке ашырылат.
3.3.4. Байланыш каналдарынын экөөсү тең иштен чыккан учурда маанилүү төлөм системасынын катышуучусу оператор белгилеген иш тартибине жана регламентине ылайык, оператордун резервдик жумушчу станциясы аркылуу тиешелүү иштерди аткара алат.
3.4. Системанын иш регламентин бузууга жол берүү
3.4.1. Системалуу мааниге ээ төлөм системасынын жана маанилүү төлөм системасынын иш регламентин бузууга жол берүүгө, төмөнкүлөрдөн улам операция күнүнүн мезгил аралыгын узартуу кирет:
- системанын операторунун жана катышуучусунун ишинде операциялык күн ичинде өзгөчө кырдаал жагдайы келип чыккан учурда, системалуу мааниге ээ төлөм системасынын жана маанилүү төлөм системасынын штаттык ишин калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөн учурда;
- маанилүү төлөм системасынын оператору маалыматтарды жана отчетторду өз учурунда бербеген болсо;
- системалуу мааниге ээ төлөм системасынын оператору маалыматтарды жана отчетторду өз учурунда бербеген болсо;
- айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы менен пакеттик клиринг системасынын ортосунда маалыматтар өз учурунда берилбесе.
3.4.2. Системанын иш тартиби жана регламенти системанын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынууга тийиш. Системанын иш тартибинин жана регламентинин сакталышы жана аны бузууга жол бергендик үчүн тараптардын жоопкерчилиги, системанын оператору менен катышуучуларынын ортосунда келишилген макулдашууларда жана келишимдерде аныкталат.
4. Төлөм системасынан санкциясыз пайдалануу жана алдамчылыкка жол берүү
4.1. Төлөм системасынан санкциясыз пайдалануу жана алдамчылыкка жол берүү
4.1.1. Системанын оператору жана катышуучусу анын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, төмөнкүнүн негизинде иштелип чыккан ички саясатынын болушу:
- Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 66/9 "Электрондук төлөмдөрдүн тиешелүү деңгээлдеги коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" токтому менен бекитилген "Электрондук төлөмдөрдүн тиешелүү деңгээлдеги коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" нускоонун;
- маалыматтардын купуялуулугун жана алардын жеткиликтүүлүгүн, ички контролдуктун шайкештигин камсыз кылуу боюнча так аныкталган милдеттерге, негизги талаптарга, ошондой эле контролдукту жүзөгө ашырууда тиешелүү адамдардын жоопкерчиликтерин чектөө критерийлерине ээ болууга;
- шектүү операциялардын же санкциясыз пайдалануу аракеттерине өз учурунда жооп кайтаруу, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы жана/же укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу тартибин караштыруу;
- алдамчылыкка каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну караштыруу;
- системанын коопсуздук кызматынын кызматкерлерин жана персоналды алдамчылык аракеттерине жана санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн алдын алуу багытына окутууга карата милдеттүү талаптарды кошуу.
4.1.2. Системанын оператору жана катышуучусу мезгил-мезгили менен (зарылчылыкка жараша, бирок үч жылда кеминде бир) системада алдамчылыкка баруу аракеттерине жана санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө каршы күрөшүүнүн инновациялык ыкмаларын жаңылоо жана жаңыларын колдонууга киргизүү максатында, бул багыттагы ички саясаттарын кайрадан карап чыгуусу зарыл.
4.1.3. Ичтен алдамчылыкка жол берилиши тобокелдигин басаңдатуу үчүн системанын оператору жана катышуучусу аппараттык-программалык комплекс (паролдорду жана системага, криптографияга, шифровкалоого кирүү укугун пайдалануу ж.б.) деңгээлинде алдамчылыктардан коргонуу системасы, квалификациялуу, системага иштөөгө текшерүүдөн өтүшкөн персонал, ошондой эле персоналдын аткара турган кызматтык милдеттери, жоопкерчилиги жана укуктары аныкталган, бекитилген кызматтык иштер боюнча нускоолорго ээ болууга тийиш.
4.1.4. Ичтен алдамчылыкка жол берүү тобокелдиги келип чыккан учурда, түптөлгөн кооптуу жагдайдан чыгуу үчүн тараптардын жоопкерчилиги жана система менен иштөө шарттары, системанын оператору менен катышуучусунун ортосунда келишилген макулдашууларда аныкталууга тийиш.
4.2. Маанилүү төлөм системасындагы алдамчылык
4.2.1. Эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карттары менен иштөөдө системанын оператору жана катышуучусу "Маалымат технологияларынын коопсуздугуна баа берүү үчүн жалпы критерийлерге (ISO/IES 15408)" жана PCI DSS таянуу менен иш алып барып, ошондой эле мына ушул талаптардын так сакталышын камсыз кылууга тийиш.
4.2.2. Маанилүү төлөм системасынын (эмитенттин) оператору жана катышуучусу, минимум төмөнкүлөрдү өзүндө камтыган ички жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш:
- системанын персоналына маалымат базасынан (банктык төлөм карттардын номерлери, кодду түшүндүргөн сөздөрдү, банктык төлөм карт ээсинин аты-жөнүн, колтамга үлгүсүн ж.б.у.с.) пайдалануу боюнча чектөөлөрдү жана ушундай мүмкүнчүлүккө ээ персоналдын тизмесин; белгиленген чектөөлөрдү бузууга жол бергендик үчүн жоопкерчилик чегин жана санкцияларды;
- банктык төлөм карттар эмиссиясы учурунда алдамчылыктардан коргонуу системасы;
- кардарды милдеттүү түрдө идентификациялоо жана текшерүүдөн өткөрүү боюнча талаптарды камтыган, кардарлардын өтүнүч каттарын иштеп чыгуу жана алардын банктык төлөм карттарды алуу тартибин;
- банкоматтарда калып калган банктык төлөм карттарды кайтарып берүү тартибин.
4.2.3. Маанилүү төлөм системасынын (эквайердин) катышуучулары, аларда минимум төмөнкүлөр көрсөтүлгөн ички жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш:
- соода-сервистик ишканалардын өтүнүч каттарды иштеп чыгуу жана берилген документтердин топтомуна (уюштуруу документтеринин жана уставдын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, салык органдарында каттоодон өткөндүгү боюнча документ, көрсөтүлгөн ишкердик чөйрөсүнүн түрүн жүзөгө ашырууга берилген уруксат кагаздар/лицензия, жетекчилердин паспортторунун ксерокөчүрмөсү, салык органдарынын белгиси коюлган бухгалтердик баланс) карата коюлуучу талаптарды камтыган, алар менен түзүлгөн келишимдер;
- алар менен түзүлгөн келишимдердин аракети токтотулган же берген өтүнүч каттарын, себептерин көрсөтүү менен канааттандыруудан баш тартылган соода-сервистик ишканалардын маалымат базасын жүргүзүү тартибин;
- соода-сервистик ишканалардын ишине каттоодон өткөндүгү фактысын тастыктоону, банктык төлөм карттарды тейлөө боюнча мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турган текшерүүлөрдүн сапатынын деңгээлин, терминалдарды күтүү шарттарын жана алардын иштөө жөндөмдүүлүктөрүн, чектердин (слиптердин) сакталышын "floor limit" маанисин аныктоолорду камтыган контролдукту жүргүзүү механизмдерин.
4.2.4. Сырттан алдамчылыкка жол берүү тобокелдиктерин басаңдатуу үчүн системанын оператору, келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге мониторинг жана анализдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле банктык төлөм карттары аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн шектүү транзакцияларга жана авторизациялоого көз салып турууга өбөлгө түзгөн программалык камсыздоого ээ болууга тийиш. Программалык камсыздоо эквайер түйүнүндө ишке ашырылган транзакцияларга (эквайердин соода-сервистик ишканаларга тиешелүү тобокелдигине контролдук) сыяктуу эле, банк тарабынан эмитирленген банктык төлөм карттар менен ишке ашырылган транзакцияларга (эмитенттин банктык төлөм карт ээлери боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерине контролдук) контролдукту камсыз кылууга тийиш.
4.2.5. Системанын катышуучулары банктык төлөм карттарын пайдалануу учурунда алдамчылыкка жол берилишинен улам келип чыгуучу жоготууларды азайтуу үчүн банктык төлөм карттарынын эмиссиясы жана эквайрингине байланыштуу тобокелдиктерин тескөөгө алып, өз алдынча мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берген өздүк программалык камсыздоолорго ээ болушу же келишимдик шарттарда системанын операторунун мына ушундай кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышы мүмкүн.
4.2.6. Системанын операторлору жана катышуучулары алардын белгиленген маанисинен жогорулатып жиберүү шектүү авторизация/транзакция катары эсептелинген, авторизацияларга/транзакцияларга мониторинг жүргүзүү параметрлерин белгилөөгө тийиш. Мониторингде минимум дегенде төмөнкү учурлар эске алынышы зарыл:
- айрым авторизациянын/транзакциянын суммасы (же жалпы сумма) көрсөтүлгөн мезгил ичиндеги белгиленген лимитинен ашып кеткен болсо;
- банктык төлөм карттарды авторизациялоо/транзакция эки же андан көп өлкөлөрдүн соода-сервистик ишканаларда каралган мезгил аралыгында ишке ашырылса;
- кайсыл бир өлкөдөгү тобокелдиктүү транзакциялардын жалпы суммасы белгиленген мезгил ичиндеги лимиттен ашып кеткен болсо;
- бир соода-сервистик ишканадагы авторизациялардын жалпы саны каралган мезгил ичиндеги белгиленген лимиттен ашкан болсо;
- банкоматтарда ПИН-коддорду туура эмес киргизүү аракеттеринин саны каралган мезгил ичинде белгиленген лимиттен ашып кеткен болсо;
- айрым авторизациянын/транзакциянын суммасы соода-сервистик ишкананын тобокелдиги жогору айкын тобу үчүн белгиленген лимиттен ашып кеткен учур.
Системанын оператору же катышуучусу шек туудурган транзакцияларга мониторинг жүргүзүүнүн кошумча эрежелерин белгилеши мүмкүн.
4.2.7. Системанын операторунун жана катышуучусунун, транзакцияларды жана банктык төлөм карттарын авторизациялоого контролдукту жүзөгө ашырган, мүмкүн болуучу алдамчылыктарга жол берилиши тобокелдигине анализдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү, даярдыктан өткөн персоналы болууга тийиш.
4.2.8. Системанын операторунун жана катышуучусунун банктык төлөм карттарды пайдалануу менен алдамчылыкка барууга каршы аракеттенүү ыкмаларын, жасалма банктык төлөм карттарды дароо аныктоого мүмкүндүк берген каражаттар жана шаймандар, аларды кантип пайдалануу жолдору баяндалган, ошондой эле мына ушундай шектүү операцияларга жол берилген учурда персоналдын иш алып баруу тартиби кеңири чагылдырылган ички жол-жобосу болууга тийиш.
4.2.9. Системанын оператору менен катышуучусунун ортосунда түзүлгөн келишимде минимум дегенде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- системанын катышуучулары банктык банктык төлөм карт ээлери жана соода-сервистик ишканалар менен типтүү келишимдерди түзүүдө эске алууга тийиш болгон коопсуздук сактоо боюнча негизги талаптар;
- алдамчылык операциялары аныкталган учурда, аны аныктоо убактысы, ал тууралуу маалымдалышы жана тараптардын мындай шартта өз ара иш алып баруу тартиби;
- системанын катышуучуларынын ортосунда келип чыккан талаш маселелери чечүү тартиби;
- чарджбектерди иштеп чыгуу тартиби жана эрежелери;
- алдамчылык операциялары аныкталган учурда талаптардын жоопкерчилиги;
- алдамчылык маселелери боюнча укук коргоо органдары менен өз ара иштөө тартиби;
- шектүү операциялар боюнча отчетторду берүү тартиби жана алардын формалары;
- системанын катышуучуларынын ортосунда алдамчылык операциялары боюнча маалыматтарды алмашуу.
4.2.10. Системанын катышуучусу (эквайер) менен соода-сервис ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимде минимум дегенде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:
- соода-сервистик ишканада банктык төлөм карт аркылуу төлөөгө кабыл алынган продукциялардын тизмеси;
- системада соода-сервистик ишкананы идентификациялоо үчүн сатылып жаткан товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн жана иш багытын өзгөрткөндүгү тууралуу маалымдоо милдеттенмесин;
- соода-сервистик ишкана үчүн "floor limit" маанисинин аныктамасын;
- соода-сервистик ишкананын коопсуздукту сактоо боюнча талаптарды сактоосу (банктык төлөм карт ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин, анын колтамгасын, банктык төлөм карттагы маалыматтардын тастыктоочу документтеги маалыматтар менен дал келүүсүн, банктык төлөм карт ээсинин ПИН-кодду пайдаланышын жана башка талаптарды), банктык төлөм карттардын реквизиттерин корголушун;
- соода-сервистик ишкананын алар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткан транзакциялар боюнча каражаттарды токтотуп туруу (замораживание) мүмкүнчүлүгү;
- соода-сервистик ишканасынын ишине банктык төлөм карттарды тейлөө, сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, терминалдардын иштөө шарттары жана алардын иш жөндөмдүүлүгү, чектердин (слиптердин) сакталышы көз карашынан текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;
- банктык төлөм карт ээлеринин жоголгон жана уурдалган банктык төлөм карттары менен операциялардын жүргүзүлгөндүгү же соода-сервистик ишкананын өзү алдамчылык транзакцияларын ишке ашыргандыгы аныкталган учурда өз ара аракеттенүү тартибин;
- алдамчылык операциялары аныкталган учурда тараптардын жоопкерчиликтери;
- кассирлерди банктык төлөм карттарды кабыл алуу жана текшерүү көрүү эрежелерине, ошондой эле алдамчылык операциялардын аныктоо жана алар менен күрөшүү ыкмаларына милдеттүү түрдө окутуу шарттарын.
4.2.11. Системанын катышуучусу (эмитенти) менен банктык төлөм карт ээлеринин ортосунда түзүлгөн келишимде банктык төлөм карт ээсинин коопсуздукту сактоосуна карата негизги талаптар (ПИН-кодду, лимиттерди пайдалануу, банктык төлөм карт ээсинин банктык төлөм картты жоготуп койгон учурдагы аракети), ошондой эле банктык төлөм картты жоготуп же уурдатып жиберген учурларда, алдамчылык транзакциялары аныкталган учурда келип чыгуучу тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүүлөр аныкталууга тийиш.
4.3. Маанилүү төлөм системасында алдамчылык операцияларынын ишке ашыргандыгы аныкталган учурда, аракеттенүү тартиби
4.3.1. Системанын катышуучусу шектүү операциялар боюнча өз алдынча же системанын оператору аркылуу алган отчеттордун жана өздөрү иштеп чыккан критерийлердин негизинде шектүү транзакцияларга анализдөөлөрдү жүргүзөт.
4.3.2. Катышуучу банктык төлөм банктык төлөм карттар же соода-сервистик ишканада аныкталган шектүү транзакциялар жөнүндө системанын операторуна, эгерде төмөндө келтирилгендер орун алган болсо, ал аныкталган күндөн кийинки 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен билдирүүгө тийиш:
- алдамчылык транзакцияларынын деңгээли ошол банктык төлөм карт же соода-сервис ишканасы боюнча транзакциялардын жалпы санынын 8% ашса;
- банктык төлөм карт уурдалган/жоголгон же жасалма банктык төлөм карт болсо;
- соода-сервис ишканасы келишим шарттарын бузууга жол берсе же алдамчылыкка баргандыгы үчүн ага карата айыптык санкциялар колдонулган болсо;
- банктык төлөм карт ээлеринен ошол соода-сервис ишканасы боюнча өтө эле көп санда чарджбек келип түшкөн болсо.
4.3.3. Системанын оператору алынган маалыматтарды алдамчылык транзакциялары жөнүндө маалымат базасында же алдамчылык операцияларын жүргүзөт деп шектенген соода-сервистик ишканалар, алардын жетекчилери боюнча түзүлгөн маалыматтар базасында чагылдырылууга, а консолидацияланган отчетту түзүү менен аны системанын бардык катышуучуларына жана Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.
4.3.4. Жаңы соода-сервистик ишкана менен келишим түзүү маселесин кароо учурунда, системанын катышуучусу ошол ишкана менен мурда түзүлгөн келишим, анын алдамчылык транзакцияларын жүргүзгөндүгү үчүн токтотулгандыгын жана ишкана бир нече катышуучу-эквайрингге бир эле учурда туташууга аракеттенип жаткан жокпу, мына ушуларды тактап, текшерип алууга тийиш.
4.3.5. Системанын оператору катышуучулардан мезгил-мезгили менен алынган маалыматтардын негизинде процессинг борборунун алдамчылык аракеттеринен канчалык деңгээлде корголгондугун текшерип турууга, иш процессиндеги өксүктөрдү аныктоого жана алдамчылыкка баруу деңгээлин басаңдатуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.
5. Форс-мажордук жагдай
5.1. Төлөм системасынын кадимки иш ыргагынын бузулушуна алып келген өрттүн чыгышы, кырсыкка учуроо, бөөдө кырсыктын кесепеттери, согуш аракеттери ж.б. сыяктуу тараптардын күч-аракетине көз каранды болбогон жагдайлар форс-мажордук жагдайларга кирет.
5.2. Төлөм системасынын операторлору жана катышуучулары форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, төлөм системасынын иш ыргагын тез арада калыбына келтирүүнү камсыз кылган өзүнчө жайгашкан резервдик борборду түзүүгө тийиш.
5.3. Өзүнчө жайгашкан резервдик борбор минимум дегенде төмөндө келтирилген шарттарды канааттандырууга тийиш:
- резервдик борбор жайгашкан шарт Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берүүгө тийиш;
- негизги борбордун ишин толук кайталоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш (тиешелүү АПКга, катышуучулар менен байланыш каналдарына, даярдыктан өткөн персоналга, энергия менен үзгүлтүксүз камсыз болууга).
5.4. Төлөм системасынын операторлору жана катышуучулары форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта резервдик борбордун ишин которуу жана системанын персоналынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жөнгө салган жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш.
6. Отчетносттуулук
6.1. Төлөм системасынын операторлору жана катышуучулары өзгөчө кырдаалдарга тиешелүү фактыларды тиешелүү журналдарга каттап, ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык тиешелүү отчетторду түзүүгө тийиш. Отчет төмөнкүлөр аркылуу электрондук вариантта жана кагаз жүзүндө Улуттук банкка берилет:
- системалуу мааниге ээ төлөм системасынын операторлору жана "Элкарт" банктык төлөм карты менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын операторлору аркылуу - күн сайын;
- төлөм системасынын катышуучулары тарабынан - чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10 кечиктирбестен.
6.2. Маанилүү төлөм системасынын операторлору жана катышуучулары ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык, аныкталган алдамчылык транзакциялары боюнча түзүлгөн отчетту, отчеттук айдан кийинки айдын 10 кечиктирбестен электрондук вариантта жана кагаз жүзүндө Улуттук банкка жөнөтөт.
6.3. Улуттук банк мезгил-мезгили менен төлөм системасынын абалына тиешелүү маалыматтарды, өзгөчө кырдаалдар жана жол берилген алдамчылык операциялары боюнча маалыматтарды, алардын төлөм системасынын, ошондой эле системанын операторунун жана катышуучусунун ишине канчалык деңгээлде таасир этишине анализдөөлөрдү жүргүзүп, баа берүү максатында, топтойт жана иштеп чыгат. Аныкталган фактылар төлөм системасынын ишине олуттуу таасир тийгизе турган болсо, Улуттук банк орун алган тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу менен системанын операторлоруна жана катышуучуларына жөнөтүп, алардын аткарылышына контролдукту жүргүзөт. Ал эми зарылчылык келип чыккан учурларда Улуттук банк төлөм системасынын операторлоруна жана катышуучуларына карата тиешелүү таасир этүү чараларын төмөнкү Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык колдонот:
- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатка;
- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу эрежелерине.
- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 16/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө".
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 51-1 токтому менен бекитилген "Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө" жобого.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык)
|
| "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме |
Системадагы өзгөчө кырдаалдар боюнча ОТЧЕТ
Системанын аталышы: ______________________________________________
Төлөм системасынын операторунун аталышы: _________________________
Отчеттук мезгил: _________________________________________________
№ | Иш үзгүлтүккө учураган күн жана убакыт (минута/ саат) | Үзгүлтүк четтетилген күн жана убакты (минута/ саат) | Үзгүлтүктүн мүнөздөмөсү | Үзгүлтүктүн себептери (ПК, аппараттык камсыздоо ж.б.) | Үзгүлтүккө жол берилген убакыт (мин) | Үзгүлтүктүн мүнөзү (олуттуу/ анчалык маанилүү эмес, системанын жарым-жартылай же толук токтоп калуусу) | Үзгүлтүктү четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар | Техникалык мүнөздөгү иш үзгүлтүгүнүн финансылык тобокелдиктин келип чыгышына тийгизген таасири (бар/ жок) | Техникалык мүнөздөгү иш үзгүлтүгүнүн кесепети (айыптык санкциялар түрүндө чыгымдардын келип чыгышы) | Эскертүүлөр |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
Жетекчи _____________________ (колтамга) | ___________________________ (аты-жөнү) |
|
Аткаруучу _____________________ (колтамга) | ___________________________ (аты-жөнү) | ___________________ (тел.) |
|
| "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобого карата 2-тиркеме |
Системада алдамчылыкка баруу менен ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө ОТЧЕТ 20__-жылдын _______ айы үчүн
Төлөм системасынын түрү ______ Төлөм системасынын оператору ______
Системанын катышуучусу: __________________________________________
№ | Соода-сервистик ишкананын (ССИ) аталышы жана терминалдын № | ССИ иш багыты | Системанын-экваердин катышуучусунун аталышы | Банктык төлөм карт № | Системанын-эмитенттин катышуучусунун аталышы | Транзакция валютасы | Транзакция суммасы | Транзакция датасы жана убактысы | Транзакция түрү | Транзакциянын мүнөздөмөсү | Ушул ССИ боюнча транзакциялардын жалпы саны | Алдамчылыкка баруу менен ишке ашырылган транзакциялардын жалпы санга карата %ти |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 |
Жетекчи _____________________ (колтамга) | ___________________________ (аты-жөнү) |
|
Аткаруучу _____________________ (колтамга) | ___________________________ (аты-жөнү) | ___________________ (тел.) |