КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-ноябры № 2017-Б-14/48-3-(ПС)
"Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамдын 26-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы № 4/6 "Төлөм системасында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы учурунда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-11-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы;
- токтомго карата тиркеменин 5-пункту.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын.
6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын жана эл аралык төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж.Орозбаевага ыйгарылсын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| К.Кулматов |