Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 28-декабрындагы № 95/4 токтомуна карата тиркеме |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-августундагы № 44/3, 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/7 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Кредиттик мекемелердин кассирлеринин шектүү банкнотторду/монеталарды табуудагы иштери
3. Шектүү банкнотторду/монеталарды Улуттук банкта экспертизадан өткөрүүнүн тартиби
4. Экспертиза өткөрүлгөндөн кийин шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу
1-тиркеме. Арыз
2-тиркеме. Квитанция
3-тиркеме. Экспертизанын протоколу
4-тиркеме. Экспертизанын протоколу
5-тиркеме. Улуттук Улуттук банкка келип түшкөн жасалма банкноттор жөнүндө маалыматтар базасы
6-тиркеме. Мезгил ичинде табылган улуттук валютанын жасалма банкноттору жана монеталары жөнүндө отчет
7-тиркеме. Жасалма банкнотторду кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча актысы
1. Жалпы жоболор
1. Бул Нускоо Улуттук банк тарабынан жөнгө салуучу жана лицензиялануучу банктардын жана банктык эмес финансы мекемелердин (мындан ары кредиттик мекемелер) кассирлеринин Кыргыз Республикасынын аймагында жеке адамдар жана юридикалык жактар менен эсептешүү-кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда улуттук валютанын шектүү банкнотторун жана монеталарын таап алууда (мындан ары - шектүү банкноттор/монеталар) иш алып барууларынын негизги максаттарын, милдеттерин жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Нускоого ылайык, кредиттик мекемелердин кызматкерлеринин иши Кыргыз Республикасында накталай акча жүгүртүлүшүн жасалма акча жасоочулуктан коргоонун натыйжалуу системасын түзүүгө, жасалма банкноттордун/монеталардын бетин ачуу боюнча натыйжалуу чараларды жүзөгө ашырууга жана алардын андан ары колдон-колго өтүп кетишин четтетүүгө багытталууга тийиш.
3. Шектүү банкноттор жана монеталар - бул, бир катар техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча, алар Улуттук банк тарабынан эмитирленгендигинен шектенүүнү жараткан банкноттор/монеталар.
4. Шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгында алардын техникалык спецификациясы анык банкноттордун техникалык спецификациясына дал келбегендиги белгиленсе, алар жасалма катары таанылат.
5. Шектүү банкноттор/монеталар экспертизадан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк), же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштүү боюнча мамлекеттик кызмат (мындан ары - Финполиция) жакын жайгашкан бөлүмүнө берилүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 11-июнундагы № 25/7 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Улуттук банктын жана анын областтык башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын күч структуралары менен жасалма банкнотторду/монеталарды табуудагы биргелешкен аракеттери "Улуттук банктын, Ички иштер министрлигинин, Финансы полициясынын, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Адилет министрлигинин жана Сот департаментинин жасалма акча жасоочулукка каршы күрөшүүнүн алкагында кызматташуусу жөнүндө" Келишимдин шарттары менен регламенттелет.
2. Кредиттик мекемелердин кассирлеринин шектүү банкнотторду/монеталарды табуудагы иштери
7. Кредиттик мекемелердин касса кызматкерлеринин колунда банкноттордун/монеталардын аныктыгын текшерүү үчүн детекторлор жана аспаптар, ошондой эле маалымат жана методикалык материалдар болууга тийиш.
Сунуш кылынган детекторлор жана приборлор:
1. Чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (кеминде 10 эсе чоңойтуп көрсөтүүгө жөндөмдүү);
2. Жарыкка салып караганда банкноттун аныктыгын текшере алган прибор;
3. Ультра күлгүн жарыктын булагы;
4. Ченегич сызгыч;
5. Инфра кызыл нурдун чагылышында байкалган коргоо белгилерди текшерүү үчүн прибор.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-августундагы № 44/3 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Коммерциялык банктардын депозиттерди тартууга лицензиясы бар финансы-кредит мекемелеринин касса кызматкерлери төлөм каражаттарынын аныктыгын текшерүү боюнча окуудан көзкарандысыз окуу борборлордон өтүүсү жана ага ылайык сертификат алуусу зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 10-августундагы № 44/3 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Шектүү банкноттор/монеталар табылган бардык учурларда, атап айтканда:
1) жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (мындан ары - кардар) накталай акчаларды кабыл алууда;
2) кассирлер тарабынан кардарлардан кабыл алынган накталай акчалардын арасында шектүү банкнотторду/монеталарды табууда;
3) кредиттик мекемелердин кассаларына ревизия жүргүзүү учурунда шектүү банкнотторду/монеталарды табышкан кассирлер же башка адамдар аларды алып салуу боюнча чараларды ушул Нускоонун талаптарына ылайык кабыл алууга милдеттүү.
10. Кардарлардан накталай акчаларды кабыл алып жатканда шектүү банкноттор/монеталар табылган шартта, кассир кардарга экспертизадан өткөрүү жөнүндө арыздын бланкасын толтуруу үчүн берет (1-тиркеме). Кардар арыздын бланкасын толтуруудан баш тартса, анда, кассир өзү шектүү банкноттордун/монеталардын табылышынын жагдайын толук жазып толтурууга тийиш. Арыздын бланкасындагы бардык пункттар толук жана түшүнүктүү толтурулууга тийиш.
11. Кардарга экспертизага кабыл алынган шектүү банкноттун суммасы боюнча, алардын номиналын, санын жана сериялык номерлерин көрсөтүү менен квитанция берилет (2-тиркеме).
12. Кредиттик мекемелерде накталай акчаларды эсептөөдө шектүү банкноттор/монеталар табылган учурда кассир, экспертизадан өткөрүү жөнүндө арызды өз атынан толтурууга жана аны банкнот/монета менен бирге Улуттук банк мекемесинин бириндеги Жүгүртүү кассасына (мындан ары Жүгүртүү кассасы) же болбосо Финансы полициясынын аймактык башкармалыгынын жакын жерде жайгашкан бөлүмүнө бир иш күнү ичинде жөнөтүүгө милдеттүү.
13. Кассир шектүү банкноттун табылгандыгы фактысы жөнүндө өзүнүн жетекчилигине же башка ыйгарым укуктуу адамдарга токтоосуз маалымдоого милдеттүү.
14. Арыз менен кошо кредиттик мекемелердин кассирлери тарабынан эсептешүү-кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда табылган бардык жасалма банкноттор/монеталар Жүгүртүү кассасынан Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө, (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнө/Областтык башкармалыктардын кассалык операциялар тобуна) же Финансы полициясынын жакын жайгашкан бөлүмүнө коштомо кат менен бирге, бир жумуш күнү ичинде жөнөтүлүүгө тийиш.
15. Шектүү банкноттор/монеталар табылган ар бир учурда, Улуттук банктын областтык башкармалыктары экспертизадан кийин ушул Нускоонун 2.1-пунктуна ылайык белгиленген формада бул жөнүндө Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө маалымдоого тийиш.
16. Накталай акчаларды Улуттук банкта (же Улуттук банктын областтык Башкармалыктарында) эсептөөдө жана иргөөдө шектүү банкноттор/монеталар табылып калган учурда, Улуттук банктын ченемдик документтерине жана нускоо материалдарына ылайык иш алып баруу зарыл.
17. Кредиттик мекемелер шектүү банкнотторго байланыштуу бардык аракеттерди бүткөрүүгө жана бул тууралуу кардарларга 10 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.
3. Шектүү банкнотторду/монеталарды Улуттук банкта экспертизадан өткөрүүнүн тартиби
18. Шектүү банкноттордун/монеталардын аныктыгын текшерүү Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү же Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын Акча жүгүртүү бөлүмү/кассалык операциялар тобу тарабынан жүргүзүлөт. Шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүү үчүн акы төлөнбөйт.
19. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча протокол толтурулат (3-4тиркемелер) жана экспертизанын корутундусу экспертизадан өткөрүү жөнүндө келип түшкөн арызга кошо тиркелет. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн начальниги (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/Областтык башкармалыгынын начальниги) документтердин туура толтурулгандыгын текшерет, протоколду жана арыздын бланкасындагы экспертизанын корутундусун өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрөт.
20. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жана Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/Областтык башкармалыктарынын кассалык операциялар тобу шектүү банкноттордун/монеталардын экспертизасына байланыштуу бардык жол-жоболорду бүткөрүүгө жана шектүү банкноттордун/монеталардын табылган жери боюнча экспертизанын жыйынтыгы жөнүндө 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.
21. Республиканын банк тутумунда табылган жасалма банкноттордун/монеталардын борборлоштурулган эсепке алуусун Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жүргүзөт (5-тиркеме).
22. Жылына эки жолу жасалма банкноттор/монеталар боюнча аналитикалык маалыматтарды даярдоо үчүн Улуттук банктын областтык башкармалыктары Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө ошол аймакта табылган жасалма банкноттор/монеталар жөнүндө маалыматты белгиленген формага ылайык жөнөтүүгө милдеттүү (6-тиркеме).
4. Экспертиза өткөрүлгөндөн кийин шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу
23. Эгерде шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча алар анык банкнот/монета катары белгиленсе(1):
1) экспертиза үчүн жоопкерчиликтүү адам экспертизанын корутундусу менен арызды банкнот/монета менен бирге Жүгүртүү кассасына жөнөтөт. Кассир кардарды экспертизанын корутундусу менен тааныштырат, кардар аны менен таанышкандыгын арызга кол коюу менен тастыктайт жана кассир кардарга эксперттик корутундуда көрсөтүлгөн сумманы берет. Арыз Жүгүртүү кассасынын кассалык документтерине тиркелет, ал эми кардардын өтүнүчү боюнча ага арыздын көчүрмөсү берилиши мүмкүн. Кардар кассирге шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизага кабыл алууда берилген квитанцияны кайтарып берүүгө тийиш.
24. Эгерде, шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгында алардын жасалма(2) экендиги тастыкталса, банкнотко "ЖАСАЛМА" деген штамп коюлат. Мында:
1) экспертиза үчүн жоопкерчиликтүү адам экспертизанын корутундусу менен арызды Жүгүртүү кассасына жөнөтөт. Кассир кардарды экспертизанын корутундусу менен тааныштырат, кардар аны менен таанышкандыгын арызга кол коюу менен тастыктайт. Кардар кассирге шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизага кабыл алууда берилген квитанцияны кайтарып берүүгө тийиш. Арыз Жүгүртүү кассасынын кассалык документтерине тиркелет. Кардардын өтүнүчү боюнча ага арыздын көчүрмөсү берилиши мүмкүн;
2) жасалма банкноттор/монеталар кардарга кайтарылып берилбейт жана алмаштырылбайт.
25. Жасалма банкноттор/монеталар үчүн материалдык жоопкерчиликти төмөндөгү учурларда:
1) накталай акчаларды кредиттик мекемелерге тапшыруу учурунда кардар мойнуна алат; жасалма банкноттордун/монеталардын суммасы тапшырылуучу акчалар боюнча көрсөтүлгөн суммада эсепке алынбайт; ал эми банктын кассири ушул нускоонун 10-17-пункттарына ылайык иш алып барууга милдеттүү;
2) кредиттик мекемелердин кассирлери тарабынан таңылчактагы накталай акчаларды кайрадан эсептеп чыгууда жана иргөөдө, жасалма банкноттор/монеталар табылган кредиттик мекеменин кассири жоопкерчилик тартат.
26. Экспертизага жоопкерчиликтүү адамдар жасалма банкнотторду/монеталарды экспертиза жүргүзүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде, тергөө ишин жүргүзүү үчүн алардын табылган орду боюнча Финансы полициясынын мекемелерине беришет.
27. Жасалма банкнотторду/монеталарды Финансы полициясынын мекемелерине тергөө ишин жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү, Жасалма банкнотторду/монеталарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык жүргүзүлөт (7-тиркеме). Акт эки нускада түзүлөт, анын бири жасалма банкноттор/монеталар менен бирге, арыздын жана протоколдун көчүрмөсү менен Финансы полициясынын жакын жердеги бөлүмүнө берилет, ал эми экинчиси Улуттук банктын документтеринде сакталат.
28. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жасалма банкноттордун/монеталардын жаңы түрлөрү табылган учурда бул тууралуу республиканын калкына токтоосуз маалымдайт.
____________________________
1. Анык банкноттор/монеталар - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган банкноттор/монеталар.
2. Жасалма банкноттор/монеталар - банкноттордун жана монеталардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык келбеген жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча жасалма катары таанылган банкноттор/монеталар.
| Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча Нускоого 1-тиркеме |
__________________________________________________________________
(уюмдун аталышы жана дареги)
__________________________________________________________________
(банкнотту/монетаны экспертизага тапшырган адамдын аты-жөнү)
__________________________________________________________________
(паспорттук маалыматтары жана катталган дареги)
№ ______ Арыз
Төмөндөгү шектүү банкнотторду экспертизага кабыл алууңузду өтүнөм:
Номиналы | Чыгарылган жылы | Сериялык номери | Табылган учуру | Эскертүү |
| ||||
| ||||
| ||||
20__-жыл «__»_________ | Колтамгасы ___________________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү жана колтамгасы) |
20__-жылдын «___»_________________
№ _________ Экспертизанын корутундусу:
_____________________________________________________________________________________________________________________
(Улуттук банктын экспертиза жүргүзгөн мекемесинин аталышы)
_____________________________________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________________________________
Экспертиза ________________________________________________________________________________________ тарабынан жүргүзүлдү
(экспертиза жүргүзгөн адамдын
______________________________________________________________________________________________________________________
аты-жөнү жана колтамгасы)
Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн начальниги (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/областтык башкармалыгынын начальниги): ________________________________________________________________________
(Аты-жөнү жана колтамгасы)
Экспертизанын корутундусу менен тааныштым ___________________________________________________________________________
(Кардардын аты-жөнү жана колтамгасы)
(Бардык пункттарды таза жана түшүнүктүү толтурсаңыз!)
| Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча Нускоого 2-тиркеме |
20__-жылдын «____»____________ № ____
Квитанция
Экспертизага ____________________________________________________________________________________ сом ______ тыйын
(сан жана жазуу менен)
суммасында _____________________________________________________________________ даана шектүү банкноттор кабыл алынды.
Банкноттун сериялык номери:_____________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
Банкнотту кабыл алган адамдын аты-жөнү жана кол тамгасы _________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
(мекеменин аты)
20__-жылдын «___»_________________
(Улуттук банктын корутундусу менен таанышкан соң, квитанцияны берип койсоңуз!)
| Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча Нускоого 3-тиркеме |
__________________________________________________________________
(Улуттук банктын экспертиза өткөргөн мекемесинин аталышы)
20__-жылдын «__»____________ № ______
Экспертизанын протоколу
Шектүү банкнот ________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы жана дареги, же кардардын аты-жөнү,
______________________________________________________________________________________________________________________
катталган орду же үй дареги, паспорттун № жана сериясы)
келип түштү.
Экспертизанын жыйынтыгында төмөндөгүлөр белгиленди:
Номиналы | Чыгарылган жылы | Сериялык номери | Саны | Шектүү банкноттун өлчөмү, мм х мм (мм х мм -банкноттун техникалык спецификациясына ылайык өлчөмү) | Эскертүү |
| |||||
| |||||
1. Кагаздардын сапаты (УФ жарыгында көрүнүшү)
2. Суу белгиси
3. Суу белгиси-электротип
4. Өтмө регистр
5. Коргоо тилкелери
6. Булалардын сапаты (УФ жарыгында көрүнүшү)
7. Голограмма, фольга
8. SPARK элементи (5000 сомго)
9. Жашыруун сүрөттөлүш
10. Алдыңкы бетиндеги сүрөттөлүштүн рельефтүүлүгү
11. Микротекст
12. Басуунун ыкмасы
13. УФ жарыгында көрүнгөн сүрөттөлүштөр
14. ИК жарыгында көрүнгөн сүрөттөлүштөр
15. Кошумча маалыматтар (өзгөчөлүктөрү):
Корутунду: _____________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
Экспертиза: ___________________________________________________________________________________________________________
(экспертиза жүргүзгөн адамдын
__________________________________________________________________________________________________ тарабынан жүргүзүлдү
аты-жөнү жана колтамгасы)
Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн
начальниги (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/областтык
башкармалыгынын начальниги): ________________________________________________________________________________________
(Аты-жөнү жана колтамгасы)
| Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча Нускоого 4-тиркеме |
__________________________________________________________________
(Улуттук банктын экспертиза өткөргөн мекемесинин аталышы)
20__-жылдын «__»__________ № ______
Экспертизанын протоколу
Шектүү банкнот _________________________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы жана дареги, же кардардын аты-жөнү,
_______________________________________________________________________________________________________________________
катталган орду же үй дареги, паспорттун № жана сериясы) келип түштү.
Экспертизанын жыйынтыгында төмөндөгүлөр белгиленди:
Номиналы | Чыгарылган жылы | Сериялык номери | Саны | Шектүү банкноттун өлчөмү, мм х мм (мм х мм - банкноттун техникалык спецификациясына ылайык өлчөмү) | Эскертүү |
| |||||
| |||||
1. Металлдын сапаты
2. Даярдоо ыкмасы
3. Аверседеги жана реверседеги сүрөттөлүштүн рельефтүүлүгү
4. Гурт
5. Кошумча маалыматтар (өзгөчөлүктөрү):
Корутунду: ____________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________
Экспертиза: __________________________________________________________________________________________________________
(экспертиза жүргүзгөн адамдын
________________________________________________________________________________________________ тарабынан жүргүзүлдү
аты-жөнү жана колтамгасы)
Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн
начальниги (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/областтык
башкармалыгынын начальниги): ______________________________________________________________________________
(Аты-жөнү жана колтамгасы)
| Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча Нускоого 5-тиркеме |
Улуттук банкка келип түшкөн жасалма банкноттор жөнүндө маалыматтар базасы
№ | Номиналы
| Банкнот үчүн сериялык номери
| Чыгарыл- ган жылы | Келип түшкөн күнү
| Келип түшкөн булактар, көрсөтүлсүн: - жеке адамдын аты-жөнү, дареги; - юрид. жактын дареги; - кайра эсептөө кассасынын же Улуттук банктын иргөө тобунун актысынын №, таңычагынан/ кабынан жасалма акча табылган коммерциялык банктын аталышы | Жасалма акчаны даярдоо ыкмасы (жасалма акчаларды кодификациялоо)
| Саны | Толтурулган күнү | Эскертүү (протоколдун №) |
| |||||||||
| |||||||||
| Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча Нускоого 6-тиркеме |
20__-жылдын «__»________ «___»_______
чейинки мезгил ичинде табылган улуттук валютанын жасалма банкноттору жана монеталары жөнүндө отчет
№ | Номиналы | Банкнот үчүн сериялык номери | Чыгарыл- ган жылы | Келип түшкөн күнү
| Келип түшкөн булактар, көрсөтүлсүн: - жеке адамдын аты-жөнү, дареги; - юрид. жактын дареги; - кайра эсептөө кассасынын же Улуттук банктын иргөө тобунун актысынын №, таңычагынан/кабынан жасалма акча табылган коммерциялык банктын аталышы | Жасалма акчаны даярдоо ыкмасы (жасалма акчаларды кодифика- циялоо) | Финансы полициясына жөнөтүлгөн күн | Эскертүү (протокол- дун № жана экспертиза жүргүзүлгөн күн) |
| ||||||||
| ||||||||
Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/областтык башкармалыгынын начальниги): ________________________________________
(Аты-жөнү жана колтамгасы)
Башкы адис _________________________________________________________________
(Аты-жөнү жана колтамгасы)
| Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча Нускоого 7-тиркеме |
20__-жылдын жасалма банкнотторду кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча
№ ____ Актысы
______________________________________________________________________________________________________________________
(Улуттук банктын мекемесинин аталышы)
атынан _______________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
______________________________________________________________________________________________________________________
(укук коргоо органы)
атынан _______________________________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
төмөндөгү опистерге ылайык, жасалма банкнотторду/монеталарды өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырышты.
Номиналы
| Чыгарылган жылы
| Банкнот үчүн сериялык № | Саны | Жасалма акчаны даярдоо ыкмасы | Келип түшкөн булактар
| Протоколдун № | Эскертүү |
| |||||||
| |||||||
| |||||||
Тиркемелер: жасалма банкноттор/монеталар - ________ даана
арыздын көчүрмөсү - ____________________________ барак
протоколдун көчүрмөсү - _________________________ барак
Улуттук банктын өкүлү _________________________________________________________________________________________________
(Аты-жөнү жана кол тамгасы)
Финансы полициясынын өкүлү __________________________________________________________________________________________
(Аты-жөнү жана кол тамгасы)
Кызматтык күбөлүгү ___________________